Биз социалдык тармакта

"АДЕМ" БИЙ ТОБУ ОРУСИЯНЫН БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫЛАРЫ МЕНЕН ИШТЕШҮҮДӨ

Кыргызды бий жагынан Евразия өлкөлөрүнө таанытып келген Атай Өмүрзаковдун окуучулары белгилүү ырчылар менен иштешип баштады. Дегенибиз, бийчи жигиттерден түзүлгөн "Адем" тобу Орусиянын
"Чи-ли" тобу менен бир долбоордун үстүндө иштеп, атагы артууда. "Чи-ли" музыкалык тобунун ырчысы Ирина Забияка "Одной крови" деген ырына клип тарттырып, "Адем" тобунун балдары өзгөчө бийи менен клипти көркүнө чыгарган. Клипке тартылуу иштери тууралуу Атай Өмүрзаков: "Бизге өткөн жылдын ноябрь айында "Чи-ли" тобунан сунуш түшкөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин клип январь айында Москва шаарында тартылды. Ага топтон Баяман жана Эрдан деген балдар тартылышты. Мындан башка дагы бир топ сунуштар бар",- деп билдирди.
Эске сала кетсек, бийчилер эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2017-04-24 10:00:57
Жалан гана ийгилик каалайбыз!Алдыга жылып,онугуп осо бергиле!Эмне демек эле башка,келгиле,алып ийгиле ошон учун.
+1
Asemys97
2017-04-25 10:14:22
Ийгилик Азаматтар
+1
ayva
2017-04-28 12:47:45
Атай красавчик алдыда бол дайым,эчкимди жеткирбе.Молодец!!!
+1
№ 755, 21-27-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан