Сапар Эркебаев, ырчы: «ДОРДОЙДО» СООДА КЫЛАМ»

Бир кезде "Атага кат", "Коштошуу", "Унутам сени" жана "Жалдыратпачы сен мени" деген муңдуу ырларды ырдап кадыр күткөн ырчы Сапар Эркебаевди бир канча жылдан бери саханадан көрбөй келебиз. "Учурда кайда? Эмне кылып жүрөт?" деген суроолор ырчынын дарегине узатылып келет. Эмесе, Сапар мырзанын бүгүнкү жашоосунан кыскача маек сунуштайбыз.

– Кандайсыз, Сапар мырза? Сөзүбүздү сиздин кайсы чөйрөдө жүргөнүңүздөн баштасак...
– Рахмат, жакшы. 2005-жылдары ырдап чыгып баштагам. Шоу чөйрөдө 2012-жылга чейин жакшы эле иштедим. Анан экинчи ирет үйлөнгөндөн кийин ырдабайм деген чечимге келдим. Себеби балдарым менен бирге болуп, туруктуу жумуш менен алектенейин дедим. Анын үстүнө ата-энем да "башка эле чөйрөдө иштебейсиңби" дешти. Алардын айтканын туура кабыл алып, жеке ишкерлик менен иштеп баштадым.
Келинчегим экөөбүз "Дордой" базарында кыз-келиндердин бут кийими сатылган дүкөндү иштетебиз. Негизи бут кийимдерди Кытайдан алып келебиз. Кээде атайын тапшырык менен алдырган учурларыбыз болот. Азыр борбордун кичи райондорунун биринде көп кабаттуу үйдө турабыз. Уулум 3 жашта, кызым жакында 2 жашка чыгат. Базардагы жумушту жыйыштырып, балдарымды бала бакчадан алам. Мындан тышкары ыр жаздырган чакан студиям бар.

– Ырчы катары таанылып жүрүп, бир күнү эле базарда иштеп калуу оңой болбосо керек?
– Базарда жаңы иштеп баштаганда жаныбыздагы сатуучулар "ырчы мырза, бизге кошуна болуп калдыңбы?" деп жүрүштү. Бирок мен күнүгө барбайм, келинчегим барат. Эртең менен аны жеткирип, дүкөндү ачабыз. Кечинде кайра алып келем. Кээде ал эс алган күндөрү мен чыгам. Мени кардарлардын көпчүлүгү тааныгандыктан "сиздин күйөрманыңыз болом, арзандатып бериңиз. Эми дайыма сизден бут кийим сатып алабыз" дешсе, макул болуп баасын түшүрүп берем. Анан келинчегим ачык эле бетиме айтат "келгендердин баарына арзан бере бересиз" деп. Мага караганда жубайым жакшы сатат.

– Банкрот боло элексизби?
– Соода менен иштеген жеңил эмес. Бирде киреше кирет, бирде чыгат дегендей. Кудай сактасын, 4 жылдан бери банкрот боло элекпиз. Бирок соодабыз жүрүшпөй калган учурлар болот. Андай учурда "чыгаша болбосо киреше кирбейт, бүгүн болбосо, эртең болот" деп топук кылабыз. А кризис мезгил-мезгили менен болуп турат. Бул тармакка кайненем аркылуу келип калдым. Ал кишинин бир туугандары базарда иштешет. Өзүмдүн жакын агаларым да иштешет. Аларга аралашып, жакшы иштеп кеттим.

– Сиздин дооруңуздагы айрым ырчылар наам алганга жетишти. "Балким, сахнаны таштабасам, мен дагы сыйлык алып калмак экенмин" дебейсизби?
– Мен үчүн наам эмес, үй-бүлөмдүн бекемдиги, балдарымдын амандыгы маанилүү. Ошондуктан наам үчүн ат салышкан жокмун. Ооба, мени менен удаа Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев жана башка бир топ ырчылар ырдап чыгышкан. Азыр Мирбек Атабеков Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти болду. Айрымдар "жаштарга эле берип жатат" дешет. Менимче, Мирбек наамды татыктуу алды. Анткени дайыма жаңы ырларды жаздырып, иштеп жатат. Бизге окшоп башка чөйрөгө кеткен жок. Досторумдун көпчүлүгү "сахнага кайтып кел" дешет. Бир жолу Шайырбек Арапов "ырдап чыкпайсыңбы?.." деди, мен болсо "ансыз деле ырчылар көп го" десем, күлүп "туура, азыр анча-мынчалары клипти карызга тарттырып баштаптыр" деп жатпайбы.

– Келинчегиңиз менен жылдызыңыз келишпей калган учурда кандай реакция кыласыз?
– Албетте, идеалдуу, индия киносундагыдай болбойт. Үй-бүлөдө казан-аяк кагышып калганда мен акылдуулук кылам. Ачуум келип турганда тең айтышпай "тур, эртең же кийин деле айтасың" дейм. Ошентип экөөбүз тең унчукпай калабыз.

– Канча жылдан кийин сиздин жаңы ырларыңызды угуп калабыз?
– 5-6 жылдан кийин го. Азыр балдарым кичинекей. Өз алдынча болуп калышса, кайрадан ыр жаздырып, сахнага кайтам. Эми мурдагыдай муңдуу ырларды ырдабайм.

– Ишиңизге ийгилик!

"Эл мени Артык Саитов экөөбүз аткарган "Атага кат" ыры менен тааныган десем болот".


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
allanna
2017-04-24 23:26:15
Бактылуу болушсун
+3
Asemys97
2017-04-25 10:41:52
Бактылуу болыңыздар! Ишинизге ийгилик.
+2
Djal1987
2017-04-25 18:44:08
Уну бийик жакшы ырдайт
+4
Nuura-shirin
2017-04-26 18:52:12
Бактылуу болгула! Коштошуу ыры жагатта
+2
Enjela
2017-04-26 22:36:23
Унутам сени деген ыры аябай жагат, дайыма ушул ырды ырдасам жолдошум айта берет эч эле унуталбай койдунго, анын ким эле деп
+1
Kuba.8990
2017-04-26 23:18:17
Ийгилик дайым коштоп журсун.
+2
Jamalym
2017-04-27 02:36:50
Сахнага кайтып келишин каалайм.Уну соонун.Ырлары да жагат.
+2
Busurman
2017-04-27 10:48:43
Сапардын уну ото жакшы! Ийгилик
+3
kore_ai
2017-04-27 16:12:49
Дордойдун кайсы жагында экен? Бут кийимдер дүйнөсүндөбү?
+2
zeta
2017-04-28 18:45:21
Кербенде оптовыйда турат 6 ряд контейнерин унутуп атам
0
zeta
2017-04-28 18:47:22
Кайненеси Ассольдун бут кийтмдерин сатат го дейм
0
zeta
2017-04-28 18:48:15
Кербенде
0
Bak.taalai
2017-04-29 00:22:02
Ана саггга без платный реклама кетти
0
Gul26081997
2017-04-30 17:28:19
Сонун маек болуптур. Омар Жанышевден да маек алыныздарчы Супер
0
admin_superstan
2017-05-01 10:35:07
Gul26081997, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиелешүү бөлүмгө жеткирилди.
0
lusia
2017-05-06 13:31:03
Сапар аябай токтолуп, уй булоого маани берип калыптыр, эмне эле корунбой калды десе. Уну аябай жакшы. Кайтып келгенин кутобуз.
0
№ 755, 21-27-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан