ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-апрелден 30-апрелге чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



ЭГИЗДЕР ЭРДЕМСИНИП КАЛСА, ТАҢ КАЛБАҢЫЗ

Сиздерде 21-апрелден баштап 4-июнга чейин 44 күн ичинде болуп көрбөгөндөй физикалык активдүүлүк күчөйт. Бир жумушту бүтүрүп экинчисине, экинчиден үчүнчүгө жана андан ары башка жумуштарга да бой таштап, иштегениңиз иштеген. Оңойлук менен чарчабайсыз. Мурда үйдөн такыр чыкпаган салмактуу, жалкоо адам болгон болсоңуз да, бул мезгилде сиз үйдө отурбай каласыз. Бардык демилгени өзүңүз көтөрөсүз. Азаматсыз, ошенткениңиз туура! Андай кылбасаңыз, баары бир сизди мажбурлашат, кыйнашат (космостон түшүп жаткан энергия сиз каалайсызбы же жокпу, баары бир сиз аркылуу нурданып чыгышы керек). Бул мезгил көптөн бери топтолуп калган көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө эң ыңгайлуу мезгил. Андыктан алга! Бирок шашмалыгыңыз да бул учурда күчөп тургандыктан унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө абайлап, акырын жүрүңүз. Механикалык станоктор, саюучу жана кесүүчү шаймандар, жарылуучу жана күйүүчү заттар менен иштөөдө, курал алып жүрүүдө өтө кылдаттык талап кылынат.

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү башка шаарда жашаган өнөктөштөр менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жүрөт. Активдүүлүгүңүздү көрсөтүп, маселени чечүүчү адам сиз экениңизди унутпаңыз. Шаршембиден тартып акча иштери жана туугандар маселеси менен алек болосуз. Оптимист болуңуз. Өзүңүздү токтоо кармап, өзгөнүн да оюн угуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сиз үчүн аптада акча маселеси эң маанилүү болот. Бул үчүн ийгиликтүү күндөр болуп дүйшөмбү, шейшемби эсептелет. Акчаны табууда мүмкүн болушунча сырдуу болуңуз. Шаршембиден апта акырына чейин өзүңүздүн түрдүү маселелериңизди чечесиз. Жыйынтыктын болушу өзүңүздөн көз каранды.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жуманын башында достор, өнөктөштөр менен жакшы жетишкендиктерге ээ болосуз. Жубайыңыз менен да көптөн бери күтүп келген үмүтүңүз ишке ашат. Мыйзамга жана юридикага байланыштуу айрым документтер ийгиликтүү бүтөт. Аптанын экинчи жарымында жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскердик, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекемелер менен көбүрөөк алагды болосуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Шаршембиге чейин жумушуңузга көбүрөөк көңүл бөлүңүз. Анткени бул учурда асмандын жумушка тиешелүү сектору сиз үчүн жылмайыңкы маанайда. Көп жумуштарыңыз оң жагына чечилип, кесиптештер да жардамын аябайт. Жуманын экинчи жарымында достор менен чогуу убакыт өткөрөсүз. Спирт ичимдиктеринен алыс жана токтоо болуу сунушталат. Абайлаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында сизди сапарга чыгуу күтөт. Бул сапар өз кезегинде башка шаарларда жашаган балдарыңызга байланыштуу болушу мүмкүн. Алар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Бейшембиден тартып жумушуңуз менен алек болосуз. Алагды кылуулар көп болот. Ишемби, жекшемби достор, кесиптештер менен бирге болосуз. Маанай бир аз өзгөрмөлүү, эске алыңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жуманын биринчи жарымында акча жана үй тиричилик маселелерин жакшы чечесиз. Түгөйүңүз, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири менен жакшы тил табышасыз. Кыймылсыз мүлк, жер тилкелерине байланыштуу маселелер жакшы чечилет. Жумушуңузга да көңүл бөлүп туруу сунушталат. Анткени турмуштун бул тармактары азыркы кезде сиз үчүн өзгөрмө мүнөздө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын биринчи жарымында үй-бүлөлүк негизги муктаждыктар жакшы чечилет. Болгондо да күтүлбөгөн мүнөздө чечилет. Түрдүү идеялар көп жаралат. Туугандарыңыз менен да жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Шаршембиден тартып акча маселесине көп баш оорутасыз. Алардын канчалык деңгээлде келип түшүшү сарамжалдуулугуңуздан көз каранды.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сиз үчүн жуманын эң негизги маселеси – бул акча тармагы. Бул үчүн ийгиликтүү күндөр болуп дүйшөмбү, шейшемби эсептелет. Акчаны табууда кыраакы болуңуз. Өнөктөштөрдүн кыймыл-аракетине баам салыңыз. Шаршембиден апта акырына чейин өзүңүздүн айрым маселелериңизди чечесиз, акча маселеси менен алек болосуз. Бул жыйынтыктардын болушу өзүңүздөн жана өнөктөшүңүздөн көз каранды.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул жуманын баш ченинде түгөйүңүз менен балдарыңыздын жакшы жетишкендиктерине күбө болосуз. Үй-бүлөңүздө көптөн бери күтүп келген тилектер ишке ашат. Айрым документтердин ийгиликтүү бүтүшү да сизди кубандырбай койбойт. Аптанын экинчи жарымында жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскердик, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекемелерге өнөктөштөр менен чогуу барышыңыз күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын орто ченине чейин жумушуңузга көбүрөөк көңүл бөлгөнүңүз оң. Анткени бул учурда асмандын жумушка тиешелүү сектору сиз үчүн жакшы маанайда. Жумуштарыңыз оң жагына чечилип, кесиптештер да сизден жардамын аябайт. Бейшембиден тартып достор менен чогуу убакыт өткөрөсүз. Зыяндуу адаттардан алыс болуу сунушталат. Антпесеңиз, айрым көйгөйлөрдүн жаралышы турган сөз. Сак болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сизди апта башында сапарга чыгуу күтөт. Бул сапар жумушуңузга байланыштуу болушу мүмкүн. Жолдо жүрүүдө жүргүнчүлөр менен жагымдуу сүйлөшүүлөр орун алат. Кызыктуу жагдайларга туш болушуңуз ыктымал. Бейшембиден тартып жумушуңуз менен алек болосуз. Кыймыл-аракетти талап кылган жумуштар көп болот. Ишемби, жекшемби күндөрү достор, кесиптештердин чөйрөсүндө болосуз. Эс алуулар болот.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сиз аптанын биринчи жарымында акча жана жумуш маселелерин жакшы чечесиз. Түгөйүңүз, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири сизге өзгөчө көңүл бурушат. Кыймылсыз мүлк, жер тилкелерине байланыштуу маселелер да жакшы чечилиши күтүлөт. Бейшембиден баштап туугандар менен сүйлөшүүлөр көп жүрөт. Үй-бүлөңүзгө да көңүл бөлүп турушуңуз оң натыйжаларга алып келет. Өзгөрмө болбой, салмактуу болуу сунушталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 755, 21-27-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан