"ДОСУМДУ ИЗДЕП КЕЛЕМ"
– 1971-1972-жылдары Казак ССРиндеги "Чыгыш" аскердик бөлүгүндө бирге кызмат өтөгөн досум Баялиев Каныбек же Калыбекти (ушул эки аттын бирөөсү болушу мүмкүн) издейм. Ал ошол жерде кампачы, мен эсепчи болуп бирге иштейт элек. Ошондон бери кабарлаша элекпиз, угушума караганда, ал Чүй облусундагы айылдардын биринде жашайт. Өзүм азыркы учурда Жалал-Абад облусундагы Казарман айылында жашайм. Эгер окуп калсаң, байланышка чык. Өткөн-кеткенди эскерип, чер жазыша сүйлөшөлү.
Кеңеш Мурзакматов, тел.: 0700 38 98 31, 0773 33 41 71
"КЫЗЫМ АТАСЫН ИЗДЕЙТ"
– Мен 1974-жылы туулган Урмат Мураталиевди издейм. Ал Таластан болот. Экөөбүздүн ортобузда бир кызыбыз бар. Ал 2005-жылы 17-сентябрда туулган. Кызым атасын сурап жүрөгүмдү ушул күнгө чейин оорутуп келет. Кызы менен тааныштырып, жолуктуруп койсом жакшы болот эле. Таанып-билгендер болсо байланышып койсоңуздар.
Нуржан, тел.: 0707 42 97 67, 0702 02 05 05
"АЙЗУУРА, КАЙДАСЫҢ?"
– Мен Кыргыз медициналык академиясында 2014-жылдары окуган ат-башылык Айзуура аттуу кызды издейм. Айзуура, экөөбүз академиянын сейил багында кандай сонун күндөрдү өткөргөнүбүз эсиңдеби? Сени көптөн бери издеп жүрөм. Назгүл деген курбу кызы бар болчу. Айзуура, эгер Америкадан келсең, мага байланышка чык, күтөм.
Бакыт, тел.: 0700 99 46 63
"КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ"
– Мырзайым, окуубузду аяктаганыбызга 30-35 жыл болуптур, ошондон бери кабарлашпай кеттик. Жакшы адам катары эсимде калыптырсың. Бардык адамдар менен тил табыша билген, дайыма жаркылдап жүргөн жүрүшүңдү көп эстейм. Мырзайым, мен экөөбүз бирге окуп алган кесибибиз боюнча эле иштеп жүрөм. Эгер Бишкекке келип калсаң, мен баягы эле сен билген Чоң-Арыкта жашайм. Карылыкка баш ийсек да, студенттик, жаштык кездерди эстеп, чер жазыша сүйлөшөлү.
Памара Жайылова, тел.: 0550 89 52 98
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 88-27-00