БИР БҮРКҮМ

  • 2016-жылы өлкө аймагында МАС АБАЛДАГЫ айдоочулардын айынан 436 жол кырсыгы катталып, 65 адам көз жумган. Аталган маалыматты ички иштер министри Улан Исраилов тастыктады.

  • 2017-жылдын алгачкы 3 ай ичинде борбор калаада ЭХИНОКОККОЗ жана АЛЬВЕОКОККОЗ оорусу боюнча 117 учур катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 47,5 пайызга өскөн. Бул боюнча Бишкектин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашты.

  • Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылынан тартып 5-класстын окуучуларына күн сайын 1 сааттан АНГЛИС ТИЛИН кошумча окутууну баштайт.

  • Кыргыз өлкөсүнүн жарандары КАЗАКСТАНДА 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө укук алышты. Аталган документке президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

  • Мектепти АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫ менен бүтүргөн окуучулар мындан кийин мамлекеттик экзамендерден бошотулбайт жана жалпы республикалык тестирлөөдө кошумча 20 балл берилбейт. Бул боюнча Улуттук тест борборунан маалымдашты.

  • Бишкек шаарына 130 миң ЖООГАЗЫН отургузулду. Андан сырткары 20 башка түрдөгү гүлдөр тигилген.

  • Өлкөдө учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 647 АРДАГЕРИ бар. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

  • Ош, Жалал-Абад облустарында дарыя суусунун деңгээлинин көтөрүлгөнүнө байланыштуу КООПТУУ АБАЛ жаралууда. ӨКМнын гидрометеорология агенттигинин билдиришинче, 21-22-апрель күндөрү өлкө боюнча туруксуз аба ырайы күтүлөт.

  • 2013-жылдан 2016-жылга чейин чет өлкөнүн жарандары Кыргыз мамлекетинен 75 баланы АСЫРАП АЛЫШКАН.

  • АЗАМАТ ҮСӨНОВ Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал тышкы иштер министринин орун басары болуп эмгектенген. Үсөнов Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы экени айтылууда.

  • Ысык-Көл облусундагы бардык ПАНСИОНАТТАР 1-июнга чейин паспорттоштурулуп бүтүшү керек. Аталган маалыматты облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев билдирди.

  • Бишкектеги «ДЫЙКАН» БАЗАРЫ 21-апрелден баштап жабылат. Буга ал жердеги коопсуздук шарттарынын жоктугу себеп болгон. Базарда иштеген соодагерлер «Сары-Өзөн» жана «Дордой моторс» базарларына көчүрүлүп, 3 айлык ижара акысынан бошотулат.

  • 2017-жылы республика боюнча 280 чакырым ЖОЛ салынат. Былтыр бул көрсөткүч 124 чакырымды чапчыган. Маалыматты транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 755, 21-27-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан