Өмүрбек Бабанов Ысык-Көл кылаасын айланып, облуста көчмө жыйын өткөрүп, Чолпон-Атадагы ат майданында "Ысык-Көл" жылкы чарбасынын 90 жылдык юбилейине катышып кайтты.
Көчмө жыйын учурунда Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна токтолуп, каражаты жок туруп тендер өткөргөн ошол учурдагы өкмөт башчысы менен Транспорт министрлигинин өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу керектигин баса белгиледи. Эки жылдан бери жол азабын тартып, ылай-баткак менен топурактын алдында калган ысык-көлдүк тургундар бул маселени айтып Бабановго кайрылышкан эле. Быйылкы жылкы туризм да дал ушул жолдун айынан кыйла аксай турганы түшүнүктүү болуп турат.
Ат майданда "Республика-Ата Журттун" лидери «мен да кыргыздын жигити катары күлүк аттарды кармайм. Алар түрдүү ат чабыштарда байгелерди алып элибиздин намысына жарап жатышат. Ал аттар – кыргыздын аттары. Бүгүнкү мааракеге ошондой күлүктөрдүн бири, таза кандуу Айландер Уанды тартуулайм. Бул күлүктүн тукумдары дагы 90 жыл элибизге намыс алып келсин» деди. Ат оюндарынын жүрүшүндө Бабановдун бир жоргосу биринчи болуп келип, аны алып баруучу «Бабанов агабыздын жоргосу биринчи келди. Быйыл күздөгү саясий ат чабышта Өмүрбек Бабанов жеңишти багындырат окшойт» деп жакшылыкка жоруп жиберди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg