Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат. Тышкы иштер министрлиги сапардын убактысы жана максаты боюнча маалымат бере элек. Бирок сапарда чек ара маселесин чечүү каралары күтүлүүдө. Коңшу мамлекеттин жалпыга маалымдоо каражаттары да Атамбаевдин сапарын чек ара маселеси менен байланыштырып жазып чыгышты. "Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун айтымында, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын такталбаган 1000 чакырым жери боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Эми президенттер жолугушуп, аталган документтерге кол коюшу керек" деп жазган "Спутниктин" Өзбекстандагы өкүлчүлүгү. Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча эки тараптуу атайын жумушчу топ түзүлүп, жолугушууларды өткөрүп жатышкан.
Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга буга чейин 2016-жылдын 24-декабрында расмий иш сапары менен барган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg