Бул апта "президенттик шайлоо кайсы күнү өтүшү керек?" деген суроонун үстүндө баш катыруу менен өттү. БШКнын төрайымы президентке кирип маалымат бергендей 19-ноябрдабы же "ата мекенчилер" айтып жаткандай августтабы, же жогорудагы эки датанын орто чениндеби?
АТАМБАЕВДИН МӨӨНӨТҮ 1-ДЕКАБРДА АЯГЫНА ЧЫГАТУшул жылдын 15-февраль күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, анда мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде, башкача айтканда, 19-ноябрында өтөрү айтылган болчу. Ооба, дал ушундай норма "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамдын 48-беренесинде жазылган. Ошол эле беренеде президенттик шайлоо күнү Жогорку Кеңеш тарабынан 4 ай мурун дайындалары айтылат. Бирок Конституциянын өзүндө "президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат" деп жазылып турат. 2011-жылдын 30-октябрында өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришүү антын 1-декабрда берген. Демек, Баш мыйзам боюнча, Атамбаевдин мөөнөтү ушул жылдын 1-декабрында аягына чыгат. Андан ашыкча кызматта отуруу Конституцияны бузуу болуп калат. Статусу жагынан алганда мыйзамдар менен Конституциянын ортосунда дал келбестиктер болсо, анда Баш мыйзамга таянуу керек болот.
11 КҮНДӨ ЖАҢЫ АЖОНУ ТАККА АЛЫП КЕЛҮҮ РЕАЛДУУБУ? Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, президентти шайлоо 27-августта өтүшү керек. Шайлоо 19-ноябрда өтө турган болсо, 1-декабрга чейин калган 11 күндүк аралык убакыт жетишсиз дейт эл өкүлү. Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, "Ата Мекен" кайсы бир деңгээлде азыркы президентти коргоп жатат. "Эгерде жаңы президент кызматка 1-декабрдан кийин киришсе, анда азыркы мамлекет башчыны бийликти узурпациялап алды деп сындоого, айыптоого жол ачылат",- дейт Г.Журабаева. БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Осмоналиев президенттик шайлоо 2 тур менен өтүп калуу ыктымалдыгын жокко чыгарууга болбойт деген пикирде. БШКнын мүчөсү Назарали Арипов болсо комиссиянын төрайымына эскертүү бергенин билдирди. Ал: "Боршайком коллегиялуу орган. Бир эле президенттик шайлоо күнү боюнча эмес, дегеле бардык иштер боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашпай туруп төрайым БШКнын атынан сүйлөбөшү керек",- дейт.
19-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков: "Президентти шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө болот",- деди. Эртеси президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов конституциялык мыйзамга таянып, "Жогорку Кеңеш президентти шайлоону 19-ноябрга бекитиши керек" деди. "Президент да бир канча жолу шайлоонун күнүн дайындоого байланыштуу мыйзамга өзгөртүүнү кабыл алуу ыктымалдыгын айтып келген",- деди Ниязов. Бул билдирүүнүн артынан Жогорку Кеңештеги КСДПнын лидери Иса Өмүркулов "президенттик шайлоо октябрдын үчүнчү жекшемби күнү өтүп калышы мүмкүн" деп чыкты.
Бирок конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүдө 80ден кем эмес добуш керек. "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресстин" пикирлери көбүрөөк дал келип жаткандыгына байланыштуу бул талашка чекит коюуда коалиция "Республика-Ата Журттун" колдоосуна муктаж болот.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg