КАЙЛИ МИНОУГ БРИТАНИЯЛЫК ХАНЗААДАНЫН СҮЙҮКТҮҮСҮБҮ?
Австралиялык ырчы, актриса Кайли Миноуг менен 57 жаштагы британиялык ханзаада Эндрюнун ортосунда сүйүү бар экенин чет өлкөлүк басылмалар кабарлашууда.
48 жаштагы Кайли Миноуг менен ханыша Елизавета II`нин экинчи уулунун мамилеси кышында, ырчы 29 жаштагы жигити менен кол үзүшкөндөн кийин башталган. Миноуг санаа тартып жүргөн маалда ханзаада аны колдоого алган. Достук мамиле сүйүүгө айланып, актриса мурунку жигитин унуткан. Түгөйлөр мамилесин жашырып жүргөнү менен, акыры ачыкка чыгып отурат. Бирок алар мамилеси тууралуу эч кандай маалымат бере элек.
Айта кетсек, Кайли Миноуг буга чейин көптөгөн атактуулар менен мамиле курган. Ал эми ханзаада 1986-жылы Сара Фергюсонго баш кошуп, аны менен 10 жыл жашап ажырашкан. Ырчыны жолуктурганга чейин жүрөгү бош болчу.
ФИЛИПП КИРКОРОВДУН "ГАСТРОЛДОГУ АЯЛЫ" КИМ?
Орусиялык ырчы Филипп Киркоров Алла Пугачёва менен ажырашкандан кийин эч кимге үйлөнө электиги белгилүү. Бирок акыркы күндөрү ырчыны дайыма бир кыз гастролдук турнелерде коштоп жүргөнү айтылууда. Жакында 49 жаштагы Филипп Киркоров алып баруучу Лера Кудрявцеванын "Секрет на миллион" аттуу телекөрсөтүүсүнө маек куруп, көптөн берки досу, кесиптеши, бийчи Александра Сивкова менен тааныштырган. Бирок ырчы айтылып жаткан ушак-айыңды четке кагып да, ачыктаган да эмес.
"Александра менин жаңы клибиме тартылды. Клипте экөөбүздүн ортобузда эротикалык кадрлар бар. Балким, клиптеги ошол кадрлар маалымат каражаттарына тарап кеткен болушу керек. Ал абдан сулуу, эрки күчтүү кыз. Мен күчтүү айымдарды жактырам. Өзүм да аялдын сөзүнөн чыкпаган эркекмин. Апам үй-бүлөнүн башында турчу, кийин Алла Пугачёва, азыр таежем башкарат",- дейт Киркоров. Александра Сивкова болсо "Филиппти абдан сүйөм. Андан көп нерсени үйрөнүп, артынан ээрчий турган эркек" деген.
ЭМБЕР ХЁРД МИЛЛИАРДЕР ИЛОН МАСККА ТУРМУШКА ЧЫГАТ
31 жаштагы америкалык актриса Эмбер Хёрд 45 жаштагы миллиардер Илон Маскка турмушка чыгууга камынууда. Илон Рив Маск – канада-америкалык инженер, ишкер, ойлоп табуучу жана инвестор. "SpaceX" космостук техникаларды чыгаруучу компаниянын негиздөөчүсү. "Tesla Inc" электромобилдерди чыгарган америкалык компаниянын башкы директору. Бул тууралуу актрисанын атасы чет өлкөлүк басылмаларга билдирген. Ал журналисттерге сүйүшкөндөрдүн мамилеси олуттуу экенин жана кызы кубанып жатканын айткан. Бирок үлпөт той качан болорун ачыкка чыгарган эмес.
Эскерте кетсек, актриса менен Илон Масктын мамилеси тууралуу маалымат 1 жыл мурун экөө Майами жана Лондондо өткөн иш-чарага чогуу келишкенде тараган. Эске салсак, Эмбер Хёрд менен Жонни Депп 2015-жылы үйлөнүшүп, 1 жылдан кийин ажырашып кетишкен.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg