Өткөн жумада гезитибиздин кабарчылары Орусиянын борбору Москва шаарына иш сапары менен барып, мекендештерибиздин турмушу менен таанышып кайтты. Москва шаары эң көп мекендештерибиз иштеп жүргөн шаар экенин билчүбүз, бирок мынчалык көп санда экенин билбептирбиз. Метрого кирсең да кыргыздар, шам-шум этүү үчүн кафеге же бир нерсе алуу үчүн дүкөнгө кирсең да кыргыздар. Кыскасы, кайда барба кыргыздар көзгө урунат. Москва Кыргызстандын эле шаары сыяктуу элестеп да кетти. Иш сапар бир жумага созулуп, бул убакыт ичинде түркүн тармакта эмгектенип жүргөн мекендештерибизге жолуга алдык. Биз жакынкы сандарыбызда Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин жашоо-турмушу тууралуу макалаларды жарыялап турмакчыбыз.
«ЖООПКЕРЧИЛИКСИЗ ИШТЕГЕНДЕР ЧЫДАБАЙТ»
Москвадагы атактуу хирург Николай Пироговдун атын алып жүргөн Улуттук медициналык-хирургиялык борбордо дарыланып жаткан оорулууларды багып, тейлеп иштеп жаткан (сиделка) мекендештерибиз бар. Ооруканага кирүүгө укук берүүчү документ (пропуск) менен гана кирүүгө мүмкүн. Жалаң кыргыздардан турган оорулууларды тейлөөчү топтун жетекчиси Анара Мазарипова башка кызматкерлердин документтерин алып келип бизди ооруканага киргизип, мекендештерибиздин иши менен тааныштык. Топтун жетекчиси Анара Мазарипова ишинин оош-кыйыштары менен бөлүштү:- Мен 2000-жылдары Орусиянын Ростов-на-Дону шаарына барып иштегем, 2005-жылдын аягында болсо Москва шаарына келгем. Алгач сатуучу, тигүүчү сыяктуу ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Анан 2011-жылы ушул ооруканага жумушка орношуп, ошондон бери иштеп келе жатам. Өзүбүз «Роспартнёр» деген фирма ачып, быйыл январь айында оорукананын жетекчилиги менен келишим түзгөнбүз. Алгач оорулууларды тейлеген кызматкер болуп иштечүмүн, азыр топтун жетекчисимин. Учурда бизде 15 адам иштейт, анын үчөөсү эркек болсо, калганы аялдар, баарынын улуту кыргыз. Арасында медициналык билими барлары да, жоктору да бар. Жаңы келген кызматкерди өзүбүз эле үйрөтүп алабыз. Эң башкы талап, орус тилин билиши жана ден соолугу чың болушу керек. Жумушка аларда Орусиядагы каттоосунан мурун медициналык китепчесин карайбыз. Жоопкерчиликсиз иштегендер өздөрү эле кетип калышат.
«КӨБҮНЧӨ ООРУКАНАДА ЭЛЕ ЖАТЫП КАЛАБЫЗ»
- Бул ооруканага багар-көрөрү жоктор түшпөйт, жалаң эле бардар адамдар жатып дарыланышат. Инсультка кабылып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүшөт да, кичине жакшы болгондо палатага жаткырылат. Анан алардын организмин калыбына келтирүүчү иштер жүргүзүлүп, дарылоодон өтүшөт. Көп пациенттер өздөрү басып, өздөрү тамак иче албайт, ал эми көптөрүнүн туугандарынын аны караганга убактысы жок. Анан «карап бергиле» деп бизди жалдашат. Кээ бирлерин келип кетип эле карасак, кээ бирлерин күн-түн дебей карайбыз. Көбүнчө оорулууларды карап бул жакта эле жатып калабыз. Ошого жараша акы алабыз, орточо айлыгыбыз 30-45 миң рубль. Кээ бирлери 1 жума, дагы бирлери 1 ай жатышат. Жылдап комада жаткандары да болот. Өзүн караган кызматкер жагып калса, кээ бирлери ооруканадан чыгып баратканда аны үйүнө ала кетишет. Үйүнөн караганда көбүрөөк төлөшөт, 3-4 жылдан бери оорулууларды үйүндө карап жаткан кыздарыбыз да бар.
Кээде ошол убакта коркунучтуу, бирок кийин күлүп эстей турган окуялар болуп калат. Мисалы, мындан бир нече жыл мурун Феруза деген кызыбыз бир абышканы карап отуруп уктап кетиптир. Өзү баса албаган ал абышка уктап жаткан Ферузаны кантип аттап өтүп, палатадан чыгып нөөмөттө турган медайымдын жанына барып калгандыгын эч ким билбейт. Ал медайым Ферузаны ойготкону палатага кирсе, абышка эшикти сыртынан бекитип кетип калыптыр. Экөө эшикти ача албай айласы кеткенде сигнализация иштөөчү кнопканы басышыптыр. Эшикти бузуп ачып, бөлүмүбүз менен түп көтөрүлө издеп жүрүп ал чалды оорукананын жер төлөсүнөн таап келгенбиз.
«КЫРГЫЗСТАНГА КЕТКИБИЗ КЕЛЕТ, БИРОК...»
- Үй-бүлөбүз менен Москвадабыз. Интернет аркылуу Кыргызстандагы жаңылыктарды окуп турабыз. Жаман кабарларды укканда жүрөгүбүз ооруйт. Көп жылдардан бери бул жакта жүрүп орусиялык эле болуп калдык, бирок жүрөгүбүз Кыргызстан деп согот, мекенибизди сагынабыз. Кыргыз жерине кеткибиз эле келет, бирок айла жок, турмуштун айынан бала-чака багалы деп иштеп жүрөбүз да. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиз менен, жеңилдиктер деле байкалган жок. Ошол эле салык, ошол эле талаптар.
Оорулуулар да ар түрдүү болот, кээ бир кардарларыбыз аябай ыраазы болуп кетишет, жакшы сөздөрдү, мактоолорду угабыз. Кээ бирлерине канчалык жакшы карасаң да жакпайсың.
«ЖУМУШУМ ӨЗҮМӨ ЖАГАТ»
Атыргүл Эсенбекова да 6 жылдан ашуун убакыттан бери оорулуу карап иштеп келет:- Мен 2010-жылы Москвага келгем. Алгач 2 ай дүкөндө кассир болуп иштедим, анан тааныштар аркылуу бул жерге келип иштеп калдым. Жумушум өзүмө жагат, ошондуктан башка жумушка кетким келбейт. Жумушубуз – оорулууларды бастырабыз, ар кандай сабак, машыгууларга алып барабыз, 5 маал тамак беребиз. Укол сайганды, тамчылатма дары койгонду бүт бул жактан үйрөндүм. Бул жердеги кыргыздар ынтымактуубуз, бири-бирибизге каралашып турабыз. Бирөөбүздүкү жеңил оорулуу болуп калса, дагы бириники кыймылдай албаган оорулуу. Жеңил оорулууну карагандарыбыз кыймылдабаган оорулууну көтөргөнгө жардам берип турабыз. Мурда жалаң аялдар иштечүбүз, жакында 3 жигитти жумушка алдык. Себеби кыймылдабаган оорулууну көтөрүү аялдар үчүн оор эле.
1 кызым, 2 неберем бар, алар Кыргызстанда жашашат. Мекениме 3 жылдан бери бара элекмин, буюрса, быйыл августта барып келем деп жатам.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg