"АЙЫЛЫМ"- Менин айылым – Талас районунун Арал айылы. Азыр айылда эмнегедир мурункудай шаң жоктой сезилет. Мен бала кезде айылым кооз, жыты аңкыган, адамдары таза, балдары да өзгөчө шаңдуу болгонсуйт. Же балалыкта башкача көз менен карачу белек, билбейм. Кошуна жашаган Өңдөй апамдын менден кичүү Элмира деген кызы бар эле, аны жакшы көрүп багып калган жайым бар. Мени Өңдөй апам "апакай" дечү. Азыр да ал киши "апакайым" десе кулагыма жылуу угулат. Өкүнүчтүүсү, мени эркелетип, маңдайымдан сылап, жылуу сөздөрүн арнаган апаларымдын арты акырындан суюлуп баратат. Өзүмдүн ата-энемдин да көзү өтүп кеткен. Мындан бир нече жыл мурун айылга барган сайын апаларымдын ар бирине таттууларды, жоолугумду көтөрүп барчумун. Алардын үйүнөн чай ичип, каймагын жеп, сүйлөшүп отуруу ушунчалык бир жан дүйнө тынчтыгы, табылгыс дары экенин билем. Азыр көр тириликтин айынан айылдагы бир туугандарыма да жете албай жүрөм.
"АТА-ЭНЕМ"
- Апам менен атам барда "апамдын көлөч-маасысы жыртылып калды, атама момозуй көйнөк алып берейин" деп, аларга белек издөө укмуштуудай шаан-шөкөт эле. Алардын көзү өткөндөн кийин байкем менен жеңеме деле баргым келет, бирок алар ата-энеңдей алдыңдан тосуп чыгып, башыңдан суу тегеретпейт да. Баары бир ортодо алыстык бар, бул жаратылыштын кандайдыр бир мыйзам ченемдүү көрүнүшү окшойт. Мен барганда апам дайыма ыйлап алчу. "Эмне ыйлап жатасың?" десем "бутум ооруп жатпайбы" деп билдирбегенге аракет кылганы көз алдымда. Мен аябай атактуу болуп турганда атам "болду, балам, эми иште, оокат кыл" дей берчү. "Ата, мен иштеп, Жетигенова Алина Абдылдаевна деп сенин атыңды чыгарып жатпаймынбы" деп күлчүмүн. Ошентип, атам мени "мугалим бол" деген боюнча өтүп кетти.
"ҮЙДӨ"
- Үйдөн чыкканда ырчы, үйгө киргенде үй кызматчымын. Кичинемде уй, кой кайтарып, уй саабасам да апама жардамдашып, ала кийиз жасап, шырдак шырып, үй иштерин мыкты кылчумун. Апам ыраматылык эмнегедир уй сааганды үйрөткөн эмес. Бир жолу уй кезүүдөн келгенде апамдын жоктугунан пайдаланып музоосун салып, ийитип алып сааган сүтүм чаканын түбүнөн эле болуп калды. Анымды эшек ичип салып, апама айта албай көпкө коркуп жүргөм. Азыр "коркпой эле койсом болмок экен" деп калам, анткени апам мени эч качан сабамак түгүл урушчу эмес. Мен да балдарыма ошондой тарбия бердим. Келиним биздин үйгө көнсүн, бизди өз ата-энесиндей көрсүн деп ойлоп, катуу да айтпай, жумшабай да келем. Келгенине 2 жыл болду, чындап келсе, кызымдан да эрке. Кээде кызым "апа, эгер тетигинче идишти мен жуубай койсом эчак таарынып калмаксыз, ээ, өзүңүз эле кылып жатасыз го. Мен кайын журтта мындай кылбайм" деп калат. Келиним таптакыр эле орусча чоңойгон. Бирок мага кылган мамилеси, жан дүйнөсү таза. Экөөбүз эне-кыздайбыз.
"АКЧА КОРОТКОНДОН ЫРАХАТ АЛАМ"
- Кызыктуу китеп окуп же кино көрсөм, аны көпкө чейин унута албайм. Кино экенин билсем да ишенип алып, каармандардын тагдырына кейий берем. Негизи эле ишенчээк адаммын. Мурун маңдайымда көкүлүм бар эмес беле, тамашалап "чекемде "ишенчээк, алдап кете бергиле" деп жазылып турат окшойт, чачым менен жаап алайынчы" деп калчумун. Кайра эле "чекемди жаап койсом деле окуп алышат" деген боюнча алданып кала берчүмүн. Учурунда аябай кайгыра тургандай да алдашты.
Кээде кыялдарыма деле ишенип кетем. "Бир чемодан акча таап алсам, карыларга, жетим балдарга алып барып берсем" деп кыялданып калам. Колума тийген акчаны такыр чогулта албайм. Мисалы, бүгүн кечинде 300 доллар тапсам, эртең менен 3 сом да калбай калган болот. "Азиз экөөбүздүн колубуз жыртык" деп күлүп калам. Ишенсеңер, акча короткондон ушунчалык ырахат алам.
"ӨМҮР БОЮ ТААРЫНЫП КАЛМАЙЫМ БАР"
- Бирөөгө катуу таарынсам ошол боюнча аны жашоомдон чийип салмайым бар. Андайлар менде үчөө. Аларга балдарыма жасаган жоруктарынан улам таарынгам. Алар мени менен абдан ынак, жакын адамдар эле, канчалык аракет кылсам да жазыла албай койдум. Эне балдары үчүн баарына даяр эмеспи. Мен балдарымды ушундай жол менен коргойт окшойм.
Балдарым тартиптүү болуп чоңоюшту. Кызымды "убагың өтүп кетет, курбуларың менен дискотекага бар" деп кубаласам да үйдөн чыкчу эмес. Кыздардай болуп "кийим алып бер" деп да кыйнаган жок. Атасынын кийимдерин кийип жүрүп эле чоңойду, анткени мага караганда атасына жакын.
"ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕГЕ, АНАН КЛАРАГА ОКШОШУП КЕТЕМ"
- Гүлшайыр эжеге окшош болсом бардык жагынан тыкан болмокмун. Ал кишиден бир канча жаш кичүү экениме карабай телефондун, компьютердин функцияларын өздөштүрө албай ар кимден суранып басып жүрөм. Бул жагынан Гүлшайыр эжеме окшошмун деп коём. Клара да мага окшоп чоюлуп сүйлөйт эмеспи, бирок өзү таза, жулунбаган кыз. Ага окшоп кээде оюмду толук айта албай калам го дейм. Мектептен кыздар менен урушуп кеткенде, каяша айта албай, ак болсом да күнөөлүү болуп кала берчүмүн.
"КҮЙӨРМАНДАРЫМДЫ САГЫНДЫМ"
- Учурда жүрөгүм да ырга толуп калды. Концерт бере элегиме 6-7 жыл болуптур, 1-майда күйөрмандарыма ыр сунганы турам. Чынында, көрүүчүлөрдү, алардын кол чабууларын сагындым. Ушул эле программа менен гастролго чыгайын деп жатам. Ар бир ырчынын атактуулугунун туу чокусу болот экен. 1990-жылдардын ортосу менин чыгармачылыгымдын гүлдөгөн мезгили болду окшойт. Ошол кезимди сагынам.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)