"Дордой" футбол клубунун коргоочусу, футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири Даниэл Тего жубайы Элнура менен кызынын тушоо тоюн өткөрүштү. "Кара кыргыз" атыккан футболчу: "Тушоо тойго бир тууганым, футболчу досторум жана жубайымдын төркүнү келишти. Кыргыздын салты менен кызыбыздын тушоосун кесип, тойду жакшы деңгээлде өткөрүп алдык",- деп билдирди. Белгилей кетсек, ганалык жигит кыргыз кызына үйлөнүп, былтыр апрель айында Данэлия аттуу кыздуу болушкан.