Ош шаарынын четинде жайгашкан Жапалак айылынын мечитинде болгон окуя уккан адамдын үрөйүн учурду. 18 жашка чыга элек өспүрүм энесин сабап, аял алган жаракаттарынан улам көз жумган. Мындай каргашалуу окуянын келип чыгышына эмне себеп болгонун иликтеп көрдүк.
"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ӨЗҮН ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУДАЙ КӨРСӨТҮҮДӨ"
Бул кылмыш боюнча Ош шаардык ИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков буларды айтып берди:– 2017-жылдын 22-апрель күнү болжол менен таңкы саат 6:30 чамасында Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн Тээке айылындагы "Анвар" мечитинин алдынан 1976-жылы туулган Арзыгүл Кожонованын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда аялдын денеси көк ала болуп, бир капталынан 6, экинчи капталынан 7 кабыргасы сынгандыгы аныкталган.
Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары маркумдун А.К. аттуу 1999-жылы туулган уулу кармалган. Кылмышка шектүү тергөөдө өзүн психикалык жактан оорулуу адамдарга окшоп алып жүргөндүктөн, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
"ДЕМ САЛДЫРАЛЫ ДЕП МОЛДОЛОРГО АЛЫП БАРГАНБЫЗ"
Маркумдун кайын сиңдиси Айнура Койчиева окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жеңем менен агамдын ортосунда 3 уулу бар. Апасын өлтүргөн деп кармалган уулу үйдүн улуусу. Ал 9-классты бүткөн соң Ош шаарындагы №16 кесиптик окуу жайында окуп жаткан. Өзү спорт менен машыккан, чымыр денелүү, күчтүү, иштин майын чыгара кылган тың бала эле.
Окуя болгондон 5-6 күн мурун ал ата-энесине "көзүмө ар нерселер көрүнүп жатат" деп айтыптыр. Агам мага "ушундай болуп жатат" дегенинен "молдолорго дем салдырып көрөлү" деп инимди молдолорго алып барганбыз. Алар дем салып баштаганына аз эле убакыт болгон. Акыркы жолу дем салдыруу үчүн алып баратканда жума болуп калып, агам жолдон кайра кайтыптыр. Себеби жума күнү дем салдырганга болбойт экен. Мен ошол күнү түш чамасында агамдын үйүнө баргам. Инимден "эмне болуп жатасың?" деп сурасам, "адашкан деген болот экен. Азыр баары жакшы боло баштады" деп экөөбүз жакшы эле сүйлөшүп, анан үйүмө кеткем.
"АПАСЫН БАШЫ МЕНЕН ДУБАЛДЫ СҮЗДҮРТҮП, ТЕПКИЛЕПТИР"
– Эртеси таң атпай инимдин тоокторду сыртка чыгарып, байланып турган итти бошотуп жатканын көргөн агам жанына барса, өзүн кармана албай, атасынын кармайм дегенине көнбөй көчөнү көздөй качып чыгыптыр. Анан жеңем, агам, андан кийинки уулу болуп артынан кармайбыз деп кошо чуркап чыгышыптыр. Иним болсо унаа базар тарапты көздөй чуркап, жолду катар кыйкырып, кийимдерин чечип, жолдон 2 машинаны таш менен чааптыр. Унаа базардын кароолчусу чыга калып уулунун артынан кууп келе жаткан ата-энесин токтотуп, "машиналарга келтирилген чыгымды төлөгүлө" дептир. Ошондо алар мага телефон чалып, "уулубуз шаарга качып кетти, тезинен келе кал" дешти. Мен ошол замат жанымдагы эжемди алып, унаа базарына келсек эч ким көрүнбөйт. Аңгыча ары жактан кыйкырык чыгып калды, карасак иним жылаңач болуп чуркап келе жатыптыр. Ошондо ал таптакыр башкача болчу, ага 2-3 кишинин алы жетпейт эле. Качырбай кармап туралы десек алыбыз жеткен жок, тура калып жаныбызда турган мечиттин ичине кирип, ичинен эшигин бекитип алды. Ичинен "менин артымдан келип өлтүргөнү жатышат" деп кыйкырып жатты. Аңгыча жаныбызга келип калган чоочун бир балага "мечиттин эшигин карап турчу, чыгып кетпесин. Мен инимди кармаганга күчү жеткен киши таап келейин" деп көчөнү көздөй чуркап жөнөдүм. Көп эле үйгө барып тыкылдатсам эшиктерин ачышкан жок. Ошол маалда инимдин кийимдерин колуна кармап далбастап чуркап келе жаткан жеңемди көрүп "агам кана?" десем, "унаа базардын кароолчусу кармап калды" деп ары чуркап кетти. Бул жеңем экөөбүздүн акыркы сүйлөшкөнүбүз болуптур. Киши көрүнбөгөндүктөн андан ары издеп кеткен элем, ошондуктан жеңемдин кандайча мечиттин эшигин ачып кирип кеткенин байкабай калдым. Байкуш жеңем баласына кирип, кийинтем деген окшойт. Кутуруп жаткан баласына апасы жан алгыч болуп көрүнсө керек да. Башы менен дубалды сүздүртүп, тепкилептир. Каракуш мээсине катуу доо кеткендиктен кулагынан кан чыгып, жерде тоголонуп жатыптыр. Эмне болуп кеткенине түшүнө албай "эмне кылып койдуң?!" деп эле кыйкыра бердим. Ошондо деле бала өзүнө келген жок. Кайра эшикке чыгып киши чакырып келгиче атасы келип, уулунун колдорун байлап жаткан экен. Келбеген эл ошондо чогулду. Жеңемди унаама салып, Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирдик. Үмүт деген өчпөйт тура, ошол жерде жеңемдин амандыгын тилеп күтүп отурсак, дарыгерлер "үзүлүп кетиптир" деп айтышты.
Мындай жамандыкты эч кимдин башына салбасын, сабырыбыз түгөнүп, кайратыбыз жанып баратат. Бул үй-бүлөнүн ишенген уулу ушул бала эле да. Жеңемди ыйлап-сыктап жерге бердик, агам өзү эле көп сүйлөбөгөн момун адам болчу. Азыр сүйлөөгө дарманы жок араң отурат. Кечээ (ред.: 24-апрель) барып атасы экөөбүз иниме жолуктук. Апасын өлтүрүп койгонун, эмне кылганын, каякта отурганын деле билбей ар кайсыны сүйлөп отурат.
"САБАП ЖАТКАНДА АНЫН КӨЗҮНӨ ЭНЕСИ КӨРҮНБӨСӨ ДЕЛЕ КЕРЕК"
Маркум Арзыгүл Кожонованын бир тууганы Айгүл Кожонова эжеси тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Арзыгүл эжем үйдүн улуусу болчу. Бул окуя болордон 3-4 күн мурун мага телефон чалып, "балам үйгө тура албай эле бир нерсе болуп жатат. Жин кирип кеткен окшойт, дем салдырыш керек болуп жатат" деп ыйлаган эле. "Өзүңүз иштеген ооруканага алып барып психологдорго көрсөтүп көрүңүз" дегем. Байкуш эжем уулун 2-3 жолу молдого алып барып дем салдырыптыр. Жума күнү дем салынбагандыктан ошол түнү баласы уктабай чыгып, таң эрте туруп алып тирүүлөй тооктун жүнүн жулуптур. Аны эжемдер көрүп "кой" дегенине болбой үйдөн качып кетип, анан ушул иш болуп жатпайбы.
Эжебизди чыркырап жоготуп алганыбызга, жээнибиздин ушундай ишти кылып жибергенине ишенип-ишене албай жатабыз. Ал намаз окуган, ак көңүл бала болчу. Жин-шайтан кирип кеткени чын окшойт. Сабап жатканда деле анын көзүнө энеси көрүнбөсө керек, болбосо кантип буга колу барсын?!
Эжем абдан жөнөкөй, оор басырыктуу болчу, ак мээнети менен балдарын багып жүргөн. Ал шаардагы психиатриялык ооруканада тазалагыч болуп иштеп, уулун окутуп жаткан. Андан кийинки уулу 9-класста, кенжеси 3-класста окуйт. Эжемдин кандай максат, ой-тилеги болсо, баары ишке ашпай өзү менен кошо кетти. Азыр бизди жээнибиздин кийинки тагдыры ойлондуруп жатат, келечеги талкаланбадыбы... Апам 2 жума мурун инсультка кабылган эле, атам дагы гепатит менен ооруйт. Арзыгүл эжемден айрылганыбызды ата-энебизге эми гана айттык.
Адистин кеңеши
"МЫНДАЙ АДАМДАРДЫ КООМЧУЛУКТАН ОБОЧОРООК КАРМАШ КЕРЕК"
Психиатр Кубанычбек Эрмагалиев окуя тууралуу мындай дейт:
– Оорулууну көрбөй туруп ага так диагноз коюуга болбойт. Бирок адамдын көзүнө ар нерсе көрүнүп, өзү менен өзү сүйлөшүп же тегерегиндеги адамдарга кооптуу жагдайларды жараткан мындай оору жаз жана күз мезгилдеринде башталат. Көптөр бул оору кармаган мезгилде молдолорго алып барып же башка билгендерибизди кыла беребиз. Бул туура эмес, андай психикалык жактан ооруган адамга молдонун күчү жетпейт. Оорулууну тезинен психиатрларга көрсөтүп, дарыгерлердин айткандары менен туура мамиле кылуу керек. Мындай адамдарды коомчулуктан обочороок кармап, жанындагылар сак жүрүшү кажет.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg