Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«ҮЙЛӨНҮП ҮЙ САЛГЫМ КЕЛЕТ»

№223 9-15-февраль, 2007-ж.


«Бири кем дүйнө» демекчи, кээ бир адамга жараткан талант бергени менен тагдырын тайкы кылса, кээсине байлык бергени менен жан- дүйнөсүн сокур кылып коёт тура. Кеп жайкысын ЦУМдун, кышкысын филармониянын жанындагы жер алдындагы өткөөлдөрдө буту менен сүрөт тартып келаткан, тагдыры тайкы болсо да талантка бай, жандүйнөсү аруу Төлөн байке жөнүндө болмокчу. Аны аталган жерден учуратып, көбүнчө алыстан кайдыгер карап өтсөңүз керек. Бирок, ал кишинин да өз тагдыры, арманы, келечекке деген аруу тилеги бар экендигин, убагында үйбүлөсү болгонун, азыр уулу он алты жашта экендигин билбесеңиз керек.

ЫЗГААРЫ КЫШТЫН ЫЗАЛАП МЕНИ БАРАТАТ...
Тууганга көп ый, душманга күлкү, той кыла,
Тагдыр, сен бүтпөс түйшүктү арттың мойнума.
Келет, эх, кээде кайрадан баштан төрөлгүм,
Бир жылуу сезим жетпесе тү­төп койнума...
Төлөн байкени көргөн сайын ушул ыр саптар жандүйнөмдө кайталанчу. Бала сымал баарына жылмаюу менен, ишеним менен караган бул кишинин жүрөгү ушинтип согуп жаткандай туюлаар эле. Сулуу кыздардын сүрөтүн буту менен эргий тартып жатканын көрүп, анын сүйүүсүн, үйбүлөсүн, жеке жашоосун билгим келчү. Бул ирет да аны филармониянын алдындагы жер алдынан өтүүчү жолдон кезиктирдим. Өзүн тегеректеген жаш балдарга жылмая карап, кудуңдай сүрөт тартып жатыптыр. Муң чалган көздөрүнөн балдарга болгон сүйүүсү, мээрими төгүлүп тургансыды.
– Төлөн байке, сиз менен маектешсем болобу?- дедим жанына басып барып.
– Болот.
– Кышында үшүгөн жоксузбу?
– Катуу суук болсо үшүйм.
– ЦУМдун алдынан эмнеге бул жакка келдиңиз?
– Ал жер азыр суук, ичинде орун жок. Бул жер жылуу.
– Кайда жашайсыз?
– Көкжарда иним менен квартирада турам.
– Аялыңыз барбы?
– Ал каза болгон.
Кекечтенип сүйлөгөндүктөн, ушул суроолорго бүткөн бою жыйрыла, кыйналып жатып араң жооп берди. Бөөдө кыйнабай, калган тагдырын үйүнө чогуу барып, инисинен угууну чечтим. Буга Төлөн байке да каршы болбостон сүрөт­төрүн жыйнай баштады. Алгач буту менен магнитофонун өчү­рүп, анан буту менен чемоданын ачып, ага ар бир буюмун ирээттеп, кылдаттык менен салып жатты. «Кээ бир эки колу соолор да мынчалык тыкан болбостур» деп таңыркап турдум ичимден.
Биз машинага отурганда радиодон белгилүү ырчы: «Ызгаары кыштын ызалап мени баратат, кайдасың жазым, кайдасың менин сүйгөнүм?» деп ырдап жатты. Төлөн байке экөөбүз тунжурай угуп бараттык.

АТАМДАЙ СҮРӨТЧҮ БОЛСОМ ДЕП...
Белгилүү кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү» аттуу тасмасын көрсөңүз керек. Ошондо башына чоң кара шляпа кийген, аракка жакын интеллигент бар. Баягы үч алкаш жер айдоону көрүп ыйлап жатканда ары жакта мурчуюп бир мурутчан киши турат го, эстедиңизби? Эмесе, ошол киши – Төлөн байкенин атасы Мукаш Жумагулов.
Мукаш аба Сүймөнкул Чокморов менен бирге окуп, таланттуу сүрөтчү, сатирик жана актёр катары элибизге белгилүү. Куудул Күмөндөр Абыловго да көптөгөн сатираларды жазып берген.
Айтор, Төлөн байке ушундай таланттуу үйбүлөдө 1968-жылы 8-февралда жарыкка келген. Кичи мекени – Кочкор районунун Чолпон айылы. Тун наристеси уул болгонуна Мукаш аба жубайы экөө катуу сүйүнүшөт. Азан чакыртып, ысымын Төлөн коюшат. Уулу эки-үч айлык болгонго чейин буттарын гана тыбыратып, бирок колдорун кыймылдата албай көп ыйлачу болот. Чочулаган ата-эне врачтарга алып барса, алар: «Уулуңар тубаса оорулуу экен, көпкө жашабайт. Андан көрө бөөдө кыйнабай атайын укол сайып, биротоло уктатып коёлу» дешет. Балканактай тирүү уулун кайсы таш боор ажалга кыймак эле?! Анын сыңарындай, Мукаш аба да врачтардын сунушуна караманча каршы болот. «Тунум болсо, анын үстүнө уул болсо, тирүү турганымда эч кимге кор кылбайм. Көрөсүңөр, өз ажалы жетпесе, сөз­сүз адам болот» деп уулун бооруна кысат ата.
Ошентип, күн артынан күн чубап, убакыт билинбей өтө берет. Антсе да Төлөн 7 жашка чейин басууга жарабай, жамбашы менен жылып жүрүүгө аргасыз болот. Бир күнү апасы сырттан кирсе, уулу бут манжаларына кайчыны кыпчып, бир нерсе кесип отурган экен. Ооба, бул анын алгачкы аракети эле. Бара-бара колунун кыймылсыздыгын унуткарып, бардык нерсени буту менен жасоого үйрөнө баштайт.
«Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген накыл сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, Төлөн да кичинесинен атасынын тарткан сүрөттөрү менен чоңойду. Калемдин ар бир шилтеми көз карегин байлап, кооз боёктор анын ой-кыялын кайдадыр алып учаар эле. Анан өзү да атасы сымал сулуулукту, тазалыкты, аруулукту тарткысы келчү. «Атамдай чоң сүрөтчү болсом, ээ» дечү көөдөнүндөгү бир сезим. Антсе да кыймылсыз колдорунун калемди кармашы мүмкүн эмес эле.
Бир күнү кыялына бир ой келип, атасынан калем сурады. Алгач анчалык маани бербеген Мукаш аба тек гана уулунун назик көңүлүн оорутуп албайын деген таризде алдына калем менен кагаз сунган. Бутунун манжалары менен калемди кылдат кармаган Төлөн кыялындагы сулууну заматта кагазга түшүрө салды. Ооба, уулунун мындай таланты бар экенине атасы ишенип-ишенбей турган эле.

АЛГАЧКЫ БИЗНЕС
Көр тирилик үчүн алты саны соолор эмне деген ыпластыктарга барып жатышат? Күрөшсө күчкө, ичсе ашка тойбой турган айрым жигиттерибиз бирөөнүн оокатына кол салып, түр­мөдө отурса, айрым кыздарыбыз жеңил ойлуулукка алдырып көчө­дө жүрүшөт. Ошолорду көрүп Төлөн байкеге аргасыз ыраазы болосуң. 1-топтогу майып экенине, эки колу иштебегенине жана кекечтенип сүйлөгөнүнө карабай, өз маңдай тери менен сүрөт тартып, акча таап отурат. Таш боорлордун жү­рө­гүн жылытып, жалкоолорду эсине келтирип жаткандыр, балким.
Ооба, Төлөн байке жашынан эле мээнеткеч, издемчил, анан өжөр болуп өсүптүр. Айталы, анын айылда бизнес кылганы кызык.
Бир күнү башына бир акыл келип, коңшусунун чоң резинка өтүгүн «арендага» сурап алат. Акысына бир бөтөлкө арак бериптир. Анан ошол өтүктү кийип алып күндө кампага келет. Кампадагылар менен каткыра тамашалашып, үйүлгөн буудайды аралай басып, анан шашпай кетип калчу экен. Колунда көтөргөн баштыгы жок Төлөндөн кампачы эмнени шекшимек эле. Муну билген Төлөн байкебиз буудайды резинка өтүгүнүн кончуна толтуруп кетчү тура. Анан аны тааныш эжесинин үйүнө төгүп, айтор, төрт мүшөк буудай чогултат. Кайра-кайра кампага барса шекшип калаарын унутпаган киши эми башка бизнес­ти пландайт.
Ошентип, баягы буудайларын сатат да, акчасына спирт алып, арак жасап чыгара баштайт. Үйүндө арак сатылбагандыктан ким билмек эле? Ошон үчүн Төлөн үч-төрт бөтөлкөнү койнуна салып, көчөдө турган «кызыл кекиртектердин» жанына барчу экен. Аларга бөтөлкөнү көрсөтүп, «үч күнгө карыз берем, болбосо казан-аягыңды, буудай-арпаңды баалап алам» деп шарт коёт. Тамагы кулкулдап тургандар дароо макул болуп бирди алышат. Төлөн жандарынан кетпей отура берет. Себеби, билет да, эркектерге бир бөтөлкө киргенден кийин, артынан экинчиси, үчүнчүсү уланаарын. Айтор, койнундагы бөтөл­көлөрдү сөзсүз түгөтүп кетчү. Төлөндүн сөзгө тактыгын билген айылдаштары башкага бербесе да, үч күндүн ичинде ага сөзсүз карызын беришчү экен.

КУДАЙ УУРУЛУГУМ ҮЧҮН КҮНӨӨМДҮ КЕЧИРЕБИ?
Жалгыздык адамды көп нерсеге түр­төт. Өзүңдү өзүң таразалоого, Кудайды эстөөгө, акыреттик жашооңду ойлонууга мажбурлайт. Анын сыңарындай, Төлөн да көбүнчө кудайга катуу ишенээр эле. Бир күнү өзүнүн арак сатканына өзү ирээнжийт да, мечитке барып ак жолго түшкү­сү келет. Күтүүсүз Төлөн­дүн кирип келгенин көргөн молдо да, мечиттегилер да катуу таңыркашыптыр.
– Ай, Төлөн, сага эмне болду?- деп сурайт айылдын имамы.
– Молдоке, Кудайдан кечирим сурасам кечиреби?
– Арактан алыс болуп, таза жүрсөң Кудай кечирет.
– Уурулук кылсам дагы кечиреби?
– Эмне уурулук кылдың эле, кокуй?
– Кырмандан өтүк менен буудай уурдагам,- дептир башын жерге салып.
– Ой, кечирет, кечирет. Чоңдор деле уурдап жатышпайбы,- деген мечиттегилер кыраан-каткы күлкүгө батса, экинчи жагынан рухунун тазалыгына баа беришкен экен.
Ошондо Төлөн денсоолугуна карабай Кудайдан кечирим сурап, эки жылы катары менен орозо кармаптыр.

БЕРЧИ МАГА ЖАРЫМ КАШЫК МУЗЫКА
Төлөн байке жашаган квартирага келген соң инилеринен жогорку таржымалын жана жоруктарын уктум. Эки бөлмөлүү чакан времянкада иниси, келини менен чогуу турат экен. Биз кирээрибиз менен Тө­лөн байке дароо буту-колун жууганга киришти.
– «Муслимдин атасы» аябай таза, тыкан киши,- деди келини суу куюп жатып. – Тамакты буту менен жерге бир тамчы түшүрбөй ичет. Чайды болсо түтүк менен ичет. Кокус төгүлүп кетсе, сөзсүз майлыкты алдырып аарчымайынча тынч албайт. Кээде биз үйдө жок болуп калсак, кийим-кечесин өзү жууп алат. Же коңшу-колоңду чакырат да, 50 сом төлөп башын жуудуруп алат. Жаш балдарды болсо жанынан артык көрөт. Баарыбыздын туулган күнүбүздү, майрамыбызды унутпай сөзсүз белек ала келет. Андан да жамандык, жакшылыктан такыр калбайт.
– ДВДини да, телевизорду да өзү коюп, өзү өчүрөт,- деп кошумчалады иниси. Өзгөчө, музыка дегенде ичкен ашын жерге коюп угат. Бизге тоскоол болбос үчүн кулагына “наушник” салып алат. Кээде түнү менен угуп жатып уктайт. Радио-магнитофонду буту менен заматта оңдоп коёт. Өзгөчө «Модерн Токинг» группасынын фанаты.
Буларды угуп, мен Төлөн байкенин өзүнө суроо узаттым:
– Төлөн байке, кайсы ырчыларды жакшы көрөсүз?
– Юрий Шатуновду, Диана Гурцкаяны.
– Кыргыздын ырчыларынанчы?
– Динара Акулованы, «Кыз Буракты».
– Кыздарды жакшы көрөт экенсиз да?
– Ооба,- деди жылмайып.
– Эмнеден коркосуз?
– Өлүмдөн.

ТАМ САЛЫП, ТАЛ САЙСАМ ДЕЙМ
– Кандайча Бишкекке келип иштеп калды?- деп сурадым инисинен.
– 2002-жылы Ысыккөлгө эс алганы барып, пансионатта сүрөт тарткандарга кызыгып калат. Алар кагаз, калем берип коюшса, отуруп алып буту менен сүрөт тартып кирет. Муну көргөн эс алуу­чулар акча таштай баштаптыр. Ушинтип акча тапса болоорун дароо акылына түйөт да, Бишкекке келип «сүрөт тартам» дей баштады. Алгач үйбүлөбүз менен каршы чыктык. «Баягылар бир тууганын карабай, көчөдө сүрөт тартып калыптыр» деген сөздөн корундук. Бирок, Төлөн өзүнүкүн бербеди. «Мен да өз алдымча акча таап, үйбүлө күтүшүм керек. Силерге көз каранды болбой, өз алдымча жашагым келет» деп көгөрүп туруп алды. Аргасыз макул болдук. Айтор, үч жылдан бери өзүнчө иштеп жатат. Эртең менен кадимкидей жумушуна жөнөп, кечинде келет. Отурган ордуна, светине төлөйт. Күн жылыганда ЦУМ жакта отуруп, кышкысын сууктан далдоо деп филармонияга чыгат. Кээде үшүйсүң деп жөнөтпөй койсок, көнүп калган неме качып болсо да кетип калат.
– Тапкан акчасын эмне кылат?
– Уулуна кийим-кече, китеп сатып берет. Жайкысын уулун көлгө алып барып эс алдырат.
– Демек, үйбүлөсү бар экен да?
– 1991-жылы үйлөнгөн. Жеңебиз Быстровкадагы жетим балдар үйүндө чоңойгон экен. Анан биздин айылдагы таанышына келип ар кимдин үйүндө жүрүп калгандыктан, ата-энем Төлөнгө алып беришкен. 1992-жылы Муслим аттуу уулдуу болушкан. Экөө үч жыл жашаган соң бир күнү жеңебиз сиңдисине кетип, ошол бойдон келбей койду. Кийин Төлөн эч кимге айтпай артынан издеп барат. Бирок, жеңебиз каза болуп калган болот. Уулун 2-класс болуп калганда таап келдик. Азыр чоң атасы менен Кочкордо турат. Быйыл 7-класс болуп калды.
Төлөндүн негизги тилеги, «үйлүү болуп, өз алдымча түтүн булатсам» дейт. Көз карандысыз жашоону жакшы көрөт. Азыр ага ылайыктуу жубай караштырып жатабыз.

АКЧАДАН ДА МЭЭРИМ АРТЫК
Кыргыздарда бир жаман адатыбыз бар. Бир мүчөсү кемтик адам көрсөк эле атабыз менен тең экенине карабай «сенсиреп» алабыз. Анын сыңарындай, өткөөл жолдон нары-бери өткөндөрдүн да көбү Төлөн байкеге «сен» деп кайрылышаарын байкадым. Ал киши кырктын кырына келип калганы менен иштери жок. Дагы бир таң калганым, кээ бир жаштар тиштеп алчудай айланып өткөнү болду. Ооба, бул да болсо адамдын тар түшүнүгүнөн деңизчи. Антсе да «Төлөн байкедей жандүйнөсү баёо адам чанда чыгаар» деп кошумчалагым келет. Ал кишиге сиздин таштаган бир-эки сомуңуздан да адамгерчилигиңиз, мээримиңиз зарыл экенин унутпасаңыз экен.

Манас Алымбаев



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: