Учурда «Албарсты мени басты, анан мен аны бастым...» деп ырдаган сулуулар тартылган видеоролик интернет айдыңында кызуу талкууда. Бул роликти тарткан Бакыт Асылбек уулуна байланышып, «албарстынын» сырын билдик:
– Салам, Бакыт, силердин "албарстыңар" интернетте популярдуу болууда?
– Негизи албарсты башка улуу эпос, жомок, уламыштар сыяктуу эле кыргыз элинин улуттук кенчи деп айтууга болот. Бул Египет үчүн мумия, америкалыктар үчүн Бугимен, румыниялыктар үчүн Дракула сыяктуу эле. Биздин албарсты алардан жаман эмес, жадакалса мыкты. Ал жөнүндө уламыштарды дээрлик элдин баары билет. Ошон үчүн биз албарсты тууралуу тасма тартып, аны чет өлкөлүктөргө да жайылтууну чечтик. Албарсты мени 4 жыл бою күндө келип басчу. Бирок мен аны баскан эмесмин (күлүп). Акыры жаздыгымды алмаштырган соң баспай калган.
– Ырды кимдер ырдаган? Сөздөрү кимге таандык?– Бул ыр эмес, прикол десек да болот. Ырды Эля деген кыз экөөбүз ырдаганбыз. Сөздөрүн тасманы тартып жүргөндө албарстыдан кыздар коркпош үчүн "албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп тамашалап ырдап жүргөнбүз. Кийин чогуу ошол сөздөрдү улап койдук. Негизи тасманы аз каражат менен, ачыгын айтканда, 50 миң сомго тарттык. Анан аны жарнамалоого каражат жетишпей, ушундай "пиар жүрүш" кылууну ойлодук. Ырды жаздырып, эртеси модель кыздарды чакырып ролик тарттык. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Интернетке жүктөгөнүбүзгө 2 күн боло электе 200 миңден ашуун адам көрдү.
– Силерди талкуулагандар көп болууда...
– Биринчиден, талкуулагандарга ыраазычылык билдирем. Эми талкуулаганга жараша жакында чыкчу тасмабызды да келип көрүп койгула. Ыр тамашалуу болгону менен, фильм олуттуу, коркунучтуу. Экинчиден, роликтеги кыздарды аябай сөгүшүптүр. Алар жашоодо жакшы эле кыздар.