"Башыбызга ушундай мүшкүл түшкөн кезде бир гана ишенгенибиз "Кумтөр" ишканасы болуп, ал үмүтүбүздү толук канааттандырып берди. Ушуга абдан ыраазы болуп, мен бул жерге компаниянын жетекчилигине, шахтанын алдында калган балдарды куткарууга түздөн-түз катышкан жигиттерге терең ыраазычылыгымды билдиргени келдим",- деп Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетов коюнундагы кубанычын батыра албайт. 22-апрелде Жыргалаңдагы көмүр кенинде орун алган окуя бүт өлкөгө белгилүү болгон. Анда шахта көчүп, ал жерде иштеп жаткан эки кишини: Кайрат Нурбеков менен Азамат Тойматовду басып калып, эки жаш шахтёр сыртка чыга албай калган. Эң оор учурда "Кумтөрдүн" адистери келип, бул 2 жигитти жер астындагы туткундан куткарып чыгышты.
Жыргалаң шахтасындагы окуя жаңылыктар аркылуу улам-улам маалымдалып, жалпы журт иштин жагдайы тууралуу кабардар болуп турду. Шахта басып калгандан 2 сутка өткөн соң гана жакшы кабар келип, "шахтанын алдында туткунда калган 2 жигит куткарылды" деп жарыяланды. Бирок эч жерде бул ишке "Кумтөр" ишканасынын адистеринин салымы зор болгону тууралуу айтылган жок. Чынын айтканда, так ушул компаниянын куткаруучу бригадасы келгенде гана абал оң жагына бурулуп, иште жылыш болду.
– Ошол убакта мага облустук администрациядан телефон чалышып, "Кумтөргө" кайрылып жардам сураш керек болуп жатат" деп айтышты. Андан соң мен Родни Ступарик мырзага кайрылып, иштин чоо-жайын түшүндүрдүм. 2 жигиттин өмүрү коркунучта болгонун айтып, "тез арада жардам керек болуп жатат" десем, ал киши "мен сизди түшүндүм, азыр кен менен байланышып, адистер менен сүйлөшөйүн" деди. Андан соң мага "адистер жөнөтүлдү, буюрса, бүгүн барып калышат" деген маалымат келди,- деп Барскоон айыл өкмөтүнүн жетекчиси Руслан Эшмамбетов билдирет.
Ошол эле күнү кенде топтолгон куткаруучу бригада "вахтовкага" жүктөлүп, Жыргалаңды көздөй сапар алды. Ал жердин шарты деле оңой эмес – тайгак жолдо оор автоунаа улам-улам тыгылып, шахтага жеткичекти эле кеч кирди. Куткаруучулардын айтымында, жерине келгенде ал жердеги элдин шайы ооп, үмүтү үзүлүп бараткан кез экен.
– Биз жеткенде элдин көңүлү сууп, айласы кетип калыптыр. Насостор иштебей калганынан улам сууну чакалап ташып да көрүшүптүр. Жүз киши жүз чаканы ташыганы менен, андан кандай майнап чыкмак эле, алдыда миң тонна суу жатса?!- дейт кендин суу сордуруу кызматынын жетекчиси Бейше Токоев.
Карьер жер алдына ылдыйлаган сайын түбүнө суу толуп, тереңдиги он метрден ашкан көлмө пайда боло баштаган. Бул сууну сордуруп, карьерди кургатмайынча казуу иштерин улантууга мүмкүн эмес. Андан улам суу сордуруу кызматы тынбай иштеп, кендин ишмердигин камсыз кылып келет. Ошондой эле бул кызматтын карамагына кубаттуу насостор берилген жана алар ар дайым ишке даяр болуп турушу керек. Жыргалаңдагы шахтада болгон кырсыктын айынан жер алдында калган жумушчуларды куткаруу ишине ушул насостордун бирөө колдонулду.
Аны менен бирге "Кумтөр" алтын казуучу кенинде эң алгач коопсуздук маселеси коюлуп, ар бир жумушчу коопсуздук техникасын сактоону, коюлган талаптарды толук аткаруу керек экенин жакшы билет жана аны аткарышат. Улам-улам өткөрүлүп туруучу машыгуулар, коопсуздук техникасы боюнча окутуулар персоналды дайыма даярдыкта кармап турат. Мунун бардыгы компаниянын саясатына баш ийет – алтынды казуу маанилүү болсо да, адамдардын өмүрү, ден соолугу андан да жогору.
Куткаруучулар тобуна Бейше Токоев менен кошо администрациянын мүчөсү Аскар Мамырканов, инженер-электрик Найзабек Иманов, коопсуздук техникасы боюнча адис Марат Шабиев, инженер-механик Эльнур Гайнуттинов кирген. Булардын ичинен Бейше Токоев өзү Жыргалаңдан, андан улам ал жердеги кырсык бул кишинин жүрөгүн бөтөнчө өйкөп, катуу бушайман кылган.
– Мага өтө эле кыйын болду, анткени шахтанын астында калгандар менин айылдаштарым, мындайча айтканда, туугандарым болуп калат. Жакыныңа ого бетер сарсанаа болосуң да! Эмне болду, кандай болду, куткара алабызбы, куткара албайбызбы? Ушул суроолордун баары жол бою жүрөгүмдү өйүп барды. Анын үстүнө биз барган кезде көпчүлүктүн шагы сынып, эмне кыларды билбей калган кези экен. Бирок бизди көрүп, баарынын көңүлү көтөрүлө түштү. Дароо эле бизге жардамдашып, тез арада насосторду туташтырып, шлангдарды орнотуп, сууну сордурганга кириштик,- деп Бейше Токоев баяндайт.
Бирок куткаруучулар келери менен эле иш бүтүп калган жок. Суунун керектүү көлөмүн сордуруп, жолду бошоткуча 11 саат өттү. Баш-аягы жер алдында калган шахтёрлор 2 сутка туткунда отурушту. Айласы кеткенде ошол шахтадагы суудан иче башташкан экен. Окуя жакшылык менен аяктагандан кийин куткаруучуларга ыраазычылык билдирүү учуру да келди.
– Окуяга катышкандардын арасында болбосом да, 200 чакырым алыс жерде жүрүп мен жаман болуп жаттым. Мен да атамын, мен да балдарыма күйөм, бирок мунун бетин ары кылсын, балаң жер алдында калган кезде эмне кыларыңды билбей турсаң. Ошондон улам миң мертебе ыраазы болуп, мен бул жерге куткарууга катышкандардын бардыгына тиги балдар жана алардын жакындарынын, айылдаштардын жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылыгыбызды айтайын деп келдим!- дейт Барскоон айыл өкмөтүнүн жетекчиси Руслан Эшмамбетов.
Руслан Эшмамбетов аксакал "Кумтөр" кенине келип, куткаруучу топтун ар бир мүчөсүнө жылуу сөз айтып, ыраазычылык каттарын тапшырды. Бул жерде иштин чоо-жайын түшүнүп, тез арада чечим кабыл алган компаниянын вице-президенти Родни Ступарик, бригаданы топтоп, жабдуулар менен камсыз кылган диспетчерлер жана кызматтардын жетекчилери, шахтанын өзүндө иштеген куткаруучулардын бардыгы тең белгиленди.
– Биздин бактыбызга "Кумтөр" ишканасы болуп, балдарыбызды аман сактап калдык. Биз "Кумтөр" менен дайыма тыгыз иштешип келебиз жана бир нерсе керек болуп калса булардан эч качан "жок" деген сөздү укпайбыз. Эң жакшы жери – "Кумтөрдүн" адистеринин иши ар дайым кынтыксыз болот. "Бул жок экен, тигини унутуп калыптырбыз, мунубуз иштебей жатат" деген нерселер буларда эч качан болбойт! Ошонусуна ар дайым баа беребиз,- дейт Руслан Эшмамбетов.
Ошондой эле ал "Кумтөр" кылган иштерине эч качан мактанбайт" дейт, бирок таразада адамдын өмүрү турган кезде кырсыктан сактап калууга катышкандардын ысымдарын атап, жалпыга маалымдоо ашыкча кылбастыр. Накыл сөздө айтылгандай, кыйын кезең келгенде алсыз болуп калсаң жаман. Башка мүшкүл түшкөн кезде алдуу-күчтүү болсоң эң жакшы. Бирок жардамга келүүчүлөр бар экенин билип, аларга кайрылуу мүмкүн болгону – эң мыкты жагдай. Ошондо жардам алгандардын ыраазычылыгы өзү жүрөктөн чыгат.
Ибрагим Жусуев