КҮНДҮН ЫСЫГЫНДА БЕТИҢИЗГЕ ТУУРА КАМ КӨРҮҢҮЗ
Жаз, жай мезгилинде күндүн ысышы менен беттин терисине байланыштуу көйгөйлөр башталат. Биринин бетине так түшөт, бирине безетки чыгат. Күндүн аптаптуу мезгилинде бетибиздин терисине кандай кам көрүшүбүз керек? Бул жаатта врач дерматолог-косметолог Айнура Уезбаева окурмандар үчүн маалымат берет.
ТЕРИНИ ТАЗАЛОО КЕРЕК!
Жайында тери көп тердейт, ага чаң жабышып, айтор, бетиңиз тазалоого муктаж болот. Андыктан жүзүңүздү тазалоочу каражаттардын атайын күн ысыкта колдонууга ылайыктуусун сатып алыңыз. Мисалы, тониктин курамында спирт болбосун, жакшысы, түрдүү чөптөрдүн кошулмасы менен жасалсын. Скрабдагы бүртүкчөлөр аябай майда (жумасына 1 гана жолу колдонулат), бет жуучу гель атайын жумшартуучу мүмкүнчүлүккө ээ болушу зарыл.
-

Бетиңизди колуңуз менен кармалай бергенди токтотуңуз.
-
Күн ысык кезинде көчөдө жүрүп, үйгө келген соң бетиңизди муздак суу менен такыр жуубаңыз! Анын ордуна бетиңизди тоник менен тазалап, артынан бөлмө температурасындагы чай менен жууп, кийин жумшартуучу бет май сүйкөгөнүңүз туура.
- Күнүнө 2-2,5 литр суу ичиңиз. Себеби жайында адам көп тердегендиктен, организмдеги нымдуулук сыртка чыгып кетет. Эгерде суу аз ичилсе, тери кургай баштайт.
КҮНГӨ ТУУРА КҮЙҮҮ
ҮЙ ШАРТЫНДА МАСКАЛАРДЫ ЖАСАҢЫЗ
-

Айымдар арасында кеңири тараган маска кадимки ачыткыдан жасалат. 1 чай кашык ачыткыны 100 грамм сууга аралаштырып бетиңизге шыбаңыз. Териси кургак айымдар бул аралашмага жумшартуучу бет май кошуп алышсын. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.
-
Жумасына 1-2 жолу айран же майдаланган бадыраңдан маска жасап туруңуз. Эскертүү: Сунушталган 2 масканын бирин гана тандаңыз, экөөнү аралаштырып колдонууга болбойт.
-
Күндө кечинде 1 литр сууга жарым лимондун ширесин аралаштырып бетиңизди жууңуз. Бул ыкманы күндүз колдонууга тыюу салынат.
-
Кулпунайга аллергиясы жоктор аны эзип 15 мүнөткө бетине шыбап коюшса дагы болот. Кийин жылуу суу менен жууп салуу керек.
- Сөзсүз күндөн коргоочу бет майды колдонууну унутпаңыз.
ЖАЙЫНДА ТӨМӨНКҮ НЕРСЕЛЕРДИ ЖАСООГО БОЛБОЙТ!
-
Терини пиллинг аркылуу тазалатууга;
-
Агартуучу, пигменттик тактарды кетирүүчү ыкмаларды жана терини агартуучу бет майларды колдонууга;
- Бетиңиздеги кал же башка нерселерди жок кылуучу процедураларды жасатууга болбойт.
БЕТТИН ТЕРИСИ ТҮЛӨГӨНДӨ
Бул көйгөй айымдарда көбүнчө жаздын алгачкы айында жаралат. Анда жогоруда айтылгандай сууну көп ичкендин жана терисинин тибине ылайык жумшартуучу бет майлардын жардамы тиет.
БЕТИНДЕ СЕПКИЛИ БАРЛАР ҮЧҮН
Күндүн аптаптуу мезгилинде бул адамдар өзгөчө кыйналышат. Себеби аба ырайынын ысышы менен бирге алардын жүзүндөгү сепкилдердин саны дагы көбөйөт. Сепкили бар кыз-келиндер жогорудагы кеңештердин бардыгын колдонушса болот. Себеби үй шартында жасалчу маскалардын бардыгы сепкилдин көбөйүшүнүн алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кошумча сепкили барларга күндөн өзгөчө коргоочу кийимдерди кийүү сунушталат.
Эскертүү: Сепкилди толук жок кылууга болбойт. Болгону түрдүү ыкмалар менен алардын көбөйүүсүн токтотууга мүмкүн.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
мен эмне момо жемиш жашылча жесем кабыгын же жарымын жеп калганын бетиме суйкоп алам))) Бадыран,клубника,малина,алма, банандын кабыгыда соонун кылат Бетти,скрабтыда озум жасайм момо жемиш эзип майда кофе аралаштырып
raykray,скрабдын рецебин жазып коюнузчу сураныч. Рахмат!
Сепкил убакыттын өтүшү менен озу эле жоголот экен,менин бетимде сепкил бар эле кичинемде, азыр жоголуп кеткен...
Ayuma111191,меники кичинемде жок эле чонойгондо сепкил тушуп кобойгону кобойгон кетире албай убарамын.
Рахмат кеңешке. Бирок эртерээк чыгарсаңар жакшы болмок экен.
Жакшы кенеш экен.витилиго жонундо жазгылачы сураныч
Тороттон кийинки дакты кантип жок кылса болот айтып койгулачыы???
Саламатсыздарбы!Ачыткы деген эмне Айран эмеспи
Менин бойумда бар мезгилде бетиме дак тушкон эле,после родов жоголду,жаз келип ошол эле дактар кайра пайда болду,куз келишин кутсом кузундо кандай жол менен жогото алам?
Оо ото пайдалуу кенеш экен рахмат силерге супер инфо
Мм жакшы кеңештер экен.......чай менен да бет жууса олот экен да а....