– Назира, тууруң бекем, бешик бооң бек болсун! Куттуктайм, кайрадан бешик терметишиң менен...
– Рахмат. Кызым Шахиризада азыр 8де. 8 жылдан кийин уулдуу болуп, атын Нурислам деп койдук. Үйдө жаңы туулган ымыркайдын үнү жаңырышы ар бир үй-бүлө үчүн чоң бакыт. Баланын келиши менен үйгө кут кирип, жаңылануу болот деп ойлойм. Жаштык бат эле өтүп кетип, карылык качан бизди чулгап калганын билбей калат турбайбызбы. Бактылуу карылыкты ойлоп, жаштыкты туура пайдаланып, көп балалуу болууну каалагандардын биримин деп койбоюнбу.
– Жакшы. Уулуңдун ысымын ким койду?
– Уулум мен тараптан да, кайын журттан да алгачкы эркек небере. Көп ысымдар сунушталды. Акыркы чечимди кайнатам кабыл алып, "Ислам болсун" деди. Жолдошум Данияр атама кайра телефон чалып "биз нур деп кошуп коёлу деп жатабыз, каршы эмессизби?" деп сурады. Ысым ошентип тандалды.
– "Кызым менен уулумдун ортосу 8 жаш" деп жатасың, бала кароону унутпаптырсыңбы?
– Кайненем "сен кызды чоңойтконсуң да, бат эле көнүп кетесиң" деп жатты. Унутуп калыптырмын, бирок өздөштүрүп кеттим. Баламды жарыкка алып келгиче аябай кыйналдым, 2 баланын ортосу алыстап кетсе да жаман экен. Төрөт оор болду. Аягында чыдабай "кесарево жолу менен төрөйм" деп ыйлай баштадым. Жолдошум дин жолунда жүргөндүктөн толгоо башталгандан уулубуз жарыкка келгенче дем салып, дуба кылып, колунан келгендин баарын жасады. Азыр "ошондогу көзүңдү жалдыратып, суранып ыйлаганың эч эсимден кетпейт. Сени менен кошо мен да кыйналдым, сени менен кошо мен да төрөгөндөй болдум" деп калат. Баламдын да салмагы чоң болчу, бирок спорт менен машыкканым, туура тамактанганым, көп кыймылдаганым жакшы жыйынтык берип, кыйын кырдаалдан чыгып кеттим. Төрөткө катышкан акушер сыртка чыкса жолдошум "ким экен?" деп сураса, ооз учунан "уул" деп өтүп кетиптир. Жолдошум "уулдуу болгонум мен үчүн канчалык маанилүү экенин ал аял сезген жок, ошондо өзүмдү коёрго жер таппай, өзүмө-өзүм батпай ааламга сүйүнчүлөгүм келди. Ал эже башкача эмоция менен куттуктаса, мен ошол жерден жок дегенде имаратты жаңырта бакырмакмын" деп күлүп жатпайбы.
– Кызың бөбөгүн кандай кабыл алды?
– Кызым азыр менин эмес, атасынын кызы. Мен кичинекейди эмизем, бешикке бөлөйм, көтөрөм, жуундурам. Кызыма көңүл буруу азайды да, ал мени "бир гана Нурисламды жакшы көрөт" деп ойлоп калды. Анан кызыма угузуп "уулум, мен биринчи эжекеңди жакшы көрөм. Анткени ал улуу, андан кийин сени жакшы көрөм" деп коём. Аны укканда кызым сүйүнүп калат.
– Жаңы төрөгөн аял муздак сууга колун салбай, оор жумуш жасабай, өзүнө кам көрүш керек эмеспи, жардамчыларың барбы?
– Кайын журтум Көлдө турушат. Коюн союп, тамак-ашын салып жиберип, моралдык колдоо көрсөтүп жатышты. Менин жардамчым – жолдошум. Күнүгө түрлөп шорпо бышырып берет. Анда да эркелеп, жасаганын жактырбай "тоок шорпо, балык шорпо..." деп тандайм. Сиңдим да келип каралашып турат. Ал "жезде, ушунчалык да эркелетесизби? Ботко эле бышырып берип койсоңуз жейт" деп тамашалап калат.
– Сүйүнүчтүү кабарыңды эл менен бөлүшкөн жоксуң го, эмнеге?
– Ооба, актриса, алып баруучу катары таанылып, шоу-бизнеске аралашып калдым. Бирок балдарымды дагы шоу-бизнеске, жумушума аралаштыргым келбейт.
– Уулуңду бешикке салып, чачын алып, элден бата алдыңар, кайын журтуң менен ошол күнү көрүштүңбү?
– Жок, мени жолдошум ага-тууганы менен барып Таластан ата-энемдин колунан алып кетишкен. Кош бойлуу кезимде баарыбызга белгилүү Ташкул Керексизов "сен эркек төрөйсүң, чачын мен алам" деген эле. Ошентип, бешик тойдо уулумдун чачын ырымдап ал киши алды. Кудай буюрса, Ташкул байкедей эл керегине жараган мыкты уулдардан болсо деп тилек кылдык. Салт боюнча баланын чачы канча грамм чыкса, ошондой салмактагы алтын таратыш керек экен. Жолдошум тойго келген конокторго алтын эмес, акчалай берди.
– Тойдо кайын журтуң көлдүктөр менен төркүнүң таластыктарды жарыштырган оюндар көп болду, кимисине тартып жаттың?
– Чынын айтсам, таластыктарга тарттым. Аркан тартышта Көлдүн жигиттери утуп кетишти, кайра айымдар чыкканда эми намысты айымдар алып келсе керек деп отурсам, алар да утулуп калышты. Мен чыксам сөзсүз утмакпыз (күлүп). Эгер көлдүктөр утулуп калса, жолдошумду бир топко шылдыңдамакмын да.
– Кайын журтка кандай келин болуп жатасың?
– Атам менен апам өз ата-энемдей. Кайнатам абдан жакшы адам. Тынбай телефон чалып ал-акыбал сурап турушат. Ушул Жаңы жылды Көлдөн тостук. Барсак кайненем манты жасап коюптур. Тамак ичип жатсак жолдошум "Назира азыр таластыктарча беш бармак жасап берет" деп калды. Дайыма жасап жүргөн тамагым болгону менен, кичине толкундандым. Кайнатам менин тамагымды жеп жатып "ии, Назиранын камыры жабышпайт турбайбы" деп мактап койду. Жолдошум да тамакты жакшы жасайт. Мага "тамакты таптап жаса" деп турат. Уулубуз төрөлө электе ар бир жекшембиде ашканада "нөөмөткө" турчу, азыр мен баладан бошобой жатканыма байланыштуу көбүрөөк туруп калды.
– Жолдошуң менен каяктан таанышып калдың?
– Бизди тагдыр табыштырды десем туура болот. Башында экөөбүз ага-карындаш катары эле сүйлөшчүбүз. Анан мамилебиз, жашоого көз карашыбыз келишип, чогуу түтүн булатууга алып келди.
– "Назира жолдошумду тартып алды" деп редакцияга бир айым арызданып келген эле, ушундайбы?
– Бул мени каралоо, жаманатты кылуу. Мен эч качан бирөөнү мажбурлап жашата албайм. Жашаган адам жашайт, жашагысы келбеген эркек басып кетет. Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшөт. Үй-бүлөдө аял тилин, эркек көзүн тыйса баары жакшы болсо керек. Мисалы, жолдошум 100 сом таап келсе да сүйүнөм. Анткени ал 100 сом эртең 1000 сом болот. Аялдар көп нерсеге нааразы болобуз да, эркектин мээсин жегенге эптүүбүз. Менин да, жолдошумдун да жумушу оор. Ошондуктан бири-бирибизге тийишип, көңүлүбүздү оорутпай жашоо – биздин принцип.
– Жолдошуң эмне иш кылат?
– Өзүнүн чакан бизнеси бар. Кардарлар менен алып-сатуу иштерин жүргүзөт.
– Эми кепти чыгармачылыгыңа буралы. Качан жумушка чыгасың?
– Жолдошум ачып берген ишим бар, ошону көзөмөлдөө үчүн азыр деле күнүгө 3-4 саатка чыгып келем. Телевидениеге жумушка жакынкы аралыкта чыксамбы деп жатам. Кесиптештерим жайында эмгек өргүүсүнө кетишсе, мен ошол убакка тууралайм го.
– Рахмат маегиңе, уулуңду аман-эсен чоңойто бер.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg