Акыркы учурда "Айпери Кубик кызы күйөөсү менен ажырашып кетиптир" деген сөздөр айтылып келет. Ырчы өткөн сандарыбызга берген маегинде "жеке жашоом тууралуу азырынча маалымат бербей эле коёюн. Убагы келгенде бул суроого ачык жооп берем" деген эле. Айпери Кубик кызы айтылып жаткан кептерди тастыктап аларга чекит койду.
– Айпери, чындыкты айтууга убакыт келдиби? Ажырашып кеткениң чынбы?
– Ооба, жолдошум менен ажырашып кеткениме 10 ай болду. Кичине убакыт өткөн соң ачыктайын деп ойлогом. Бирок элге тарап кеткенден кийин тастыктап коёюн деп чечтим.
– Ажырашууга эмне себеп болду?
– Себебин билбейм го. Кудайдын буйругу экен. Ажырашып кеткендерден биринчи же акыркы эмесмин. Ажырашуу көп болуп жатат. Болгону алардын катарына кошулуп калганым өкүнүчтүү болду. Үй-бүлөнү сактап калууга болушунча аракет кылдым. Бул окуяга эч кимди күнөөлөбөйм, эч кимге капа эмесмин. Тагдырыма жазылганын көрдүм.
– Ырчылыгың себеп болгон жокпу?
– Чыгармачылыгым эч кандай себеп болгон жок. Тескерисинче, ырчылыгым акча табууга жардам берди.– Жолдошуң менен ортодо кандай мамилени сактап калдыңар?
– Азыр ортобузда эч кандай мамиле жок.
– Баланы көрсөтүүгө каршы болгон жоксуңбу?
– Мен каршы боло турган адамдардан эмесмин. Өзү катташпайт, бала менен иши жок. Алимент төлөбөй жатат. Анын деле кереги жок деңизчи. Ата-энем бар, өзүм багып алам. Уулум – менин бактым, чыгармачылыгыма эргүү, жашоомо стимул берип жатат.
– Кандай пландар бар?
– Баламды татыктуу чоңойтуп, бутуна тургузуп, өзүмө үй алам. Азыр ошол кыялыма жетүүгө болгон күчүмдү жумшап жатам.
– Азыр жеке жашооңдун абалы кандай?
– Жеке жашоого көңүл бурганга убакыт жок. Эркектерге да ишенбей калдым. Балким, кийин мени бактылуу кылган адам жолугаттыр.
– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын, бактылуу бол!