КАНСЫРАП КАЗА БОЛГОНУшул жылдын 4-май күнү кечки саат 22:00 чамасында Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардын 7-кичи районундагы курулуп жаткан имараттын жанында кылмыш болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Оперативдүү иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, канга боёлуп жаткан адамды көрүшкөн. Ал бутунан жаракат алып, кан көп кеткендиктен ошол эле жерде каза болгон экен. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал Жумгал районунда 1975-жылы туулган Бактыяр Бексултанов экендиги билинген. Анын өлүмүнө шектелип Чүй облусунда 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кармалган. Бул кылмыш боюнча Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми Октябрь райондук соту кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга №1 СИЗОдо камоого чечим чыгарган.
"АРАКТЫН АЙЫНАН УРУШ ЧЫККАН"
Кылмышка шектүүнү кармагандардын бири, Октябрь РИИБинин опер кызматкери Талгат Кабылбеков кылмыш боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Окуя болгон жерге барсак, бир киши санынан бычак жеп кан болуп жаткан экен. Ал жаткан жердин айланасы да бүт кан болчу. Ошол убакта "Тез жардам" да келип, дарыгерлер жабырлануучунун каза болуп калгандыгын айтышты. Кылмышка шектүү кармалып, ошол эле жерден кылмышын моюнуна алды, окуя болгон жерден далил буюм катары бычак табылды.
Маркум менен кылмышка шектүү 2013-жылы таанышып, ошондон бери дос экен. Ошол күнү кылмышка шектүү досу Бактыяр Бексултановду өзү кароолчу болуп иштеген жерге чакырган. Бактыяр Бексултанов келип, экөө кароолчунун будкасында спирт ичимдигин ичип отурганда сөздөн сөз чыгып уруша кетишкен.
"АРТЫНДА 3 БАЛАСЫ ЖЕТИМ КАЛДЫ"
Окуяга күбө болгон маркумдун кайниси Адилет Осмонов буларды айтты:
– Маркум Бактыяр Бексултанов бөлөмдүн күйөөсү. Ошол күнү ал мага телефон чалып, үйгө жеткирип коюумду суранды. Кечки 8:30дарда ал айткан дарекке барып телефонуна чалсам, эч ким алган жок. 5-6 жолу чалып жибердим, аягында бирөө телефонду алды эле, андан "Бактыяр кана?" деп сурасам, "ал кан болуп жатат" деп жооп берди. Унаамдан чыгып, будканын ичине кирсем, жездем кан болуп отургучта отуруптур. Анын өңү-башы бопбоз, будканын ичи бүт кан болчу. Жарым саат, бир саат мурун кан аккан окшойт, кан уюп калыптыр. Эс-учунда эмес болчу. Жанындагы адамдан эмне болгонун сурасам, ал "билбейм" деп койду. Ошол замат "Тез жардам" чакырдым. "Тез жардам" менен милиция кызматкерлери чогуу эле келип калышты. Жездем каза болуп калган экен, карап көргөн дарыгерлер аны "муздап калыптыр" дешти. Жездемдин артында аялы жесир, 3 баласы атасыз калды.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg