Аптанын ортосунда Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештери орун алды. Анда "Ювентус" "Монакону" кабыл алса, "Атлетико" "Реалга" каршы турду.
"МОНАКО" ЧОҢ ЖЕҢИШТЕРГЕ ДАЯР ЭМЕС"Ювентус" 2:1 "Монако"
"Ювентус" башкы маселени алгачкы оюнда эле чечип койгон. "Монако" алгачкы оюнда 0:2 эсебинде утулуп, финалга чыгуусу татаал иш болуп калган. Туриндеги оюнда коноктор чабуулга өтүүдөн тартынышкан жок. Мбаппе менен Фалькао кооптуу абалдарды байма-бай жаратып жатышты. Бирок 33-мүнөттө "Ювентустун" чабуулчусу Марио Манжукич айырмаланса, 1-таймдын соңунда Дани Алвестин шумдуктуу соккусун Субашич тосо алган жок. 69-мүнөттө Киллиан Мбаппе Буффондун дарбазасына гол киргизе алды. Эсеп 2:1. Эки беттеште тең жеңүүчү боло алган Массимилиано Аллегринин командасы финалга карай бет алды.
"АТЛЕТИКОНУН" МАЙНАПСЫЗ АРАКЕТИ"Атлетико" 2:1 "Реал"
Биринчи оюнда 0:3 менен жеңилген "Атлетико" жооптук беттеште чабуулга өтүүдөн башка аргасы жок эле. Оюндун башкы мүнөттөрүндө бардыгы ойдогудай болуп жатты. 12-мүнөттө Сауль бурчтан чыгарылган топту башы менен таамай сокку узатса, 4 мүнөт өтпөй Гризманн пенальтиден айырмаланды. Эми үй ээлери бир гол киргизсе, эки беттештин жыйынтыгы теңелмек. Бирок бул учурда "Реал" чабуулдарын күчөтүп баштады. 41-мүнөттө Иско гол киргизгенге жетишти. Оюндун эсеби калган мүнөттөрдө өзгөргөн жок. Жыйынтыгы 2:1 болуп "Атлетиконун" пайдасына чечилгени менен, "Реал" финалга чыкты.
ФИНАЛ 3-ИЮНДА КАРДИФФ ШААРЫНДА ӨТӨТ