"СОТ РЕФОРМАСЫН МИЛИЦИЯНЫ РЕФОРМАЛООДОН БАШТОО КЕРЕК"

"Калк арасында сотко ишеним жокко эсе. Эгерде укук коргоо органдары чынчыл иштесе, сотко да элдин ишеними өсмөк" деген Саясий-укуктук изилдөө борборунун директору Тамерлан Ибраимов канткенде сот системасын реформалоого болорун айтып берди.

"ЖАСАЛГАН АРАКЕТТЕН НАТЫЙЖА ЧЫККАН ЖОК"

– Сот системасын реформалоо зарылдыгы тууралуу сөздөр Кыргызстан эгемендик алган тээ 1991-жылдан бери эле айтылып келет. Бирок көптөгөн социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгы ошол убактан азыркыга чейин эл арасында сот системасына ишеним өспөгөнүн көрсөтүүдө. Жарандардын сотторго ишеними – сот системасынын натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү. Эгерде толук ишеним болсо, анда талаштарды чечүү менен кылмышкерлерди жазалоо мыйзамдуу жана акыйкат жараян катары кабыл алынат. Эгерде ишеним жок болсо, анда адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукка канааттанбагандык, алдануу, керек болсо жаалдануу сезимине орун бошотот.
Канткен менен Кыргызстанда соттук системаны реформалоо үчүн эч нерсе жасалган жок деген да туура болбой калат. Бирок жасалган аракеттерден көзгө көрүнөрлүк натыйжа чыккан жок, тилекке каршы. Анын себеби эмнеде?

Сот реформасын жүргүзүү үчүн төмөнкү 3 негизги нерсе зарыл:

1. Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин бекем саясий эрки.
2. Жакшы түшүнүк жана аракеттин айкын планы.
3. Адамдык, уюштуруучулук жана каржылык ресурстардын болушу.

Бирок бекем ниет менен катуу каалоо болгон чакта деле сот реформасын ишке ашыруу кыйла татаал экенин эске алуу шарт. Бул төмөнкү себептерге байланыштуу:
Сот системасынын табияты ушундай, анда жеңүүчү жана жеңилген тарап болгондуктан, ал ишке ичи чыкпагандар дайыма болуп турат.
Бул система тез иштебей, көп нерсе жөн-жай адамдардын көзүнөн далдоо болгондуктан адис эместер аны оңою менен түшүнө бербейт. Эгер коомчулуктун көңүл чордонунда турган бир эле чуулгандуу иш мыйзам бузуу менен чечилип калса, ага чейин калыс каралып, акыйкат чечим чыгарылган көптөгөн иштер анын алдында шоона эшпей калат. Элде пикирлер позитивдүү мисалдарга караганда терс фактылардын негизинде оңой калыптанат. Анан системанын акыйкатсыздыгы тууралуу ой-пикирлер ошол ыргак менен бир канча жыл сакталып кала бериши мүмкүн. Ошондуктан сот реформасы мамлекеттик кайсы бир башка органдагы реформага салыштырмалуу өзгөчө татаал иш.

"СОТКО ИШЕНИМ КАЙТАРУУ ООР МИЛДЕТ"

– Азыркы күндө калк арасында сотко ишеним жокко эсе. А сот бийлигинин күчү элдин өзүнө болгон ишениминен куралгандыктан, сот реформасынын максаты дал ошол ишенимди кайтарууну көздөйт.
Сотко ишенимди кайтаруу өтө оор милдет. Аны аткаруу соттордон же сот системасынан, же бул тармактагы реформадан эле көз каранды эмес. Бул милдетти жарандардын жалпы мамлекетке болгон ишенимин кайтарганда гана аткаруу мүмкүн.
"Кой терисин жамынган карышкырлар" ишкерлерге бүлүк салып, жол кайгуул милициясы айдоочулардан пара алып турган өлкөдө акыйкат сотко жетүү мүмкүн эмес. Калктын көбү аткаминерлерди коррупциялашкан жана адилетсиз деп эсептеген өлкөдө сотторго ишеним жаратууга да болбойт.
Судьялар үчүн ар кандай тренинг-окууларды өткөрүү мүмкүн. Судьялык орундар үчүн ачык сынактарды уюштуруп, жадакалса коррупционер сотторду дамамат кармап, камап туруу да мүмкүн. Бирок "мамлекет кандай коррупциялашкан болсо, ошол бойдон калыптыр. Сотко кайрылуу пайдасыз" деген ойду бекемдөөгө жолдо сизди мыйзамсыз токтоткону аз келгенсип, пара алган жол кайгуул кызматкерине кабылуу жетиштүү.

"РЕФОРМАНЫН ДАГЫ БИР ЖОЛУ – ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТЕКШЕРҮҮ"

– Соттук реформаны болушунча тездетүүнүн бир гана жолу бар. Ал үчүн адегенде мамлекеттик башкаруу системасынын негизги багыттарында бийликке элдин ишенимин кайтаруу зарыл. Бул үчүн эл көп тушукчу мамлекеттик органдарда реалдуу реформа жүргүзүп баштоо шарт. Алар: жол кайгуул кызматы, милиция, мамлекеттик каттоо кызматы, билим берүү жана медицина тармактары. Сот системасына келсек, ага милиция жана прокуратура органдары көбүрөөк жакын жана байланышы да тыгыз. Демек, реформаны дал ушул органдардан баштоо зарыл.
Эгер адамдар укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөштүн реалдуулугуна ишенсе, анда аларга акыйкат сот системасына ишенүү алда канча жеңил. Мындан тышкары ИИМдеги реформа коррупцияга каршы иш-аракеттер кардиналдуу түрдө жакшырышына шарт түзөт, анын ичинде сот тармагында да.
Укук коргоо органдарында жана сот системасында реформа жасоодо эң таасирдүү жолдордун бири – кирешелер тууралуу декларацияны текшерүүнүн натыйжалуу механизмин киргизүү. Мыйзамсыз баюу фактыларын көзөмөлдөө жана жазалоо жолго коюлмайынча кандай гана реформа болбосун ийгиликке жетпейт.
Айрым өлкөлөрдөгү ушундай реформалардын тажрыйбасы буга сонун өрнөк: декларацияларды текшерүүнүн натыйжалуу системасын киргизип, мыйзамсыз байыгандарга каршы күрөш башталган соң полиция кызматкерлери менен соттордун бир бөлүгү өз ыктыяры менен иштен кеткен, калгандары мыйзам чегинде иштей баштаган.
Мындан башка да маанилүү деп саналган бир канча чаралар зарыл: тандоо жана окутуу, материалдык стимулдаштыруу, кызматтык тепкич боюнча жылдыруу, кызматкерлер үчүн социалдык кепилдик жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөчү катуу көзөмөл системалары.
Элдин көпчүлүгү мамлекеттик бийликке ишенбеген жана аткаминерлер коррупциялашкан деп эсептеген өлкөдө сот реформасы ийгиликтүү ишке ашуусу мүмкүн эмес. Сот реформасын тездетүү үчүн ишти укук коргоо органдарын реформалоодон баштоо керек.

"АЛСЫЗ САЯСИЙ СИСТЕМАНЫН АРЫШЫ АРЫБАЙТ"

Кыргызстандагы саясий системаны реформалоо тууралуу Жогорку Кеңештин экс-спикери, коомдук ишмер Зайнидин Курманов ой бөлүштү.

– Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү тандалып алынган саясий системанын моделинен, ачык-айкындыгынан, тунуктугунан жана плюрализмден түздөн-түз көз каранды. Ар бир өлкө азыр демократиялуу жана укуктук мамлекетке карай президент, өкмөт, парламент, саясий партиялар, шайлоо, бюрократия, ММК жана башка институттардан турган өзүнүн саясий системасы аркылуу баратат.
Бийиктен караганда азыр Кыргыз Республикасында бир да жогорку кызмат адамы, жадакалса Конституция да өлкөнүн демократиялуулугуна гарант болуусу мүмкүн эместиги таасын көрүнөт. Ага демократиялык саясий система менен реалдуу парламентаризм жана көп партиялуулук, эркин шайлоолор гана гарант болушу мүмкүн.
Кыргызстан эгемендик алгандан жана төңкөрүштөрдөн кийинки саясий система кайсы бир саясий күчтөр менен адамдардын ыңгайына карап түзүлүп, андан өлкө өйдө жактагылардын гана кызыкчылыктары үчүн кам көргөн эффектисиз бюрократиялык жана олигархиялык саясий системага туш болуп келе жатат. Мамлекеттин демократиялык саясий жана экономикалык түзүлүшкө карай кадамындагы ыраатсыздыктын башаты ушул жакта.
Бийликтен кетип жаткан, бирок саясатта кала берүүнү каалаган президент Алмазбек Атамбаев туруктуу өнүгүү боюнча 2017-жылдын апрелинде өткөн кеңешмеде өз башкаруусунун жыйынтыгын чыгарып жатып, өлкө келечеги тууралуу кайра эле анчейин ынанымсыз көз караштары менен бөлүштү. Кырдаалды жакшыртуу чараларынын бири катары, маселен, президент тарабынан Конституциядагы элдик курултай тууралуу жобону жандантып, ага жергиликтүү кеңештердин төрагаларын, айыл өкмөт жана шаар башчыларын киргизүү сунушталган. Балким, бул өлкөдөгү өкүлчүлүк органдардын ролун бекемдөө максатында айтылгандыр. Себеби Жогорку Кеңеш "эл өкүлү болуудан" калып, мамлекет башчынын баасы боюнча интрига менен ушактардын ордосуна айланып калды.
Кыргызстандагы саясий системаны демократиялык десек да, авторитардык десек да, иши кылса кандай атасак жараша берет, бирок анын ички турпаты ошол эле бойдон: трайбалисттик жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруу. Биздин тарыхый өнүгүүбүздүн өзгөчөлүгү ушундай.
2016-жылдын күзүнөн тарта Атамбаев жана анын айлана-чөйрөсү саясий системада тең салмактуулукту камсыз кылчу кандайдыр бир альянстардан баш тартып, бардык атаандаштарына кысым кылган тактиканы тандап алды. Президент тараптын мындай кадамы алар кийинки аракеттер так, даана иштелип чыккан кандайдыр бир план-стратегиялардан аксап жатканын айгинелейт. Жогорку деңгээлдеги бул иштер эмоция менен жөн гана атаандаш чөйрөнү четтетүү мүдөөсүнө негизделгендей. Ар бир өлкөнүн уникалдуу маданий контексти демократиялык институттардын ишмердигин жөнгө салуучу универсалдуу жана бирдиктүү жоболордун жыйындысын иштеп чыгуусуна жол бербейт. Андыктан улуттук өзгөчөлүктү эске алуу менен эл аралык укуктун эрежелерин жана эл аралык тажрыйбанын нормаларын сактоо гана туура баалоонун критерийи болушу мүмкүн.

ПРАКТИКАЛЫК СУНУШТАМАЛАР:

1. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн бийликти узурпациялоочу ар кандай мүмкүнчүлүктөргө жылчык калтырбай турган узак, орто, кыска мөөнөттөгү долбоорлорду, комплекстүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ага жарандык, эксперттик коомчулук өкүлдөрүн тартуу аркылуу реформа саясатындагы чаржайыттыкты, ыраатсыздыкты жана күтүлбөстүктөрдү жоюу маанилүү.
2. Мамлекетке сапаттуу демократия жаңылануу зарыл, ал үчүн заманбап кыргыз демократиялык өлкөсүнүн стратегиясын иштеп чыгуу керек.
3. Кыргызстандын саясий системасын саясий дрейфте турган, ар кандай ылдамдык менен, керек болсо карама-каршы багытта да алга жыла алган көп сандаган туруктуу жана өзгөрүлмө зор процесстерге, структураларга, идеяларга бай, калыптана элек саясий организм катары кароо керек.
4. Бардык саясий системада жана анын маанилүү бөлүгү болгон парламенттик, партиялык жана шайлоо системаларында сапаттуу жаңылануу жүргүзүү керек. Алар үчүн да улуттук стратегия иштелип чыгышы шарт.
5. Өлкө адекваттуу заманбап шарт-талаптарга жараша өнүгүп турушу үчүн жаңы стандарт, процедура, механизмдер тынымсыз изделип, өнүккөн демократия менен өткөн жылдардагы биздин тажрыйбабыз өздөштүрүлүшү жана сын көз менен каралып турушу зарыл.
6. Элитаны алмаштыруу жолу менен саясий туруктуулукка жетишүү жана өлкөнү андан ары өнүктүрүү үчүн шайлоо системасына президентти, парламентти жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну шайлоону синхрондоштуруу жана баарын бир жыл, бир күндө өткөрүү, ошондой эле алардын мандат мөөнөтүн 4 жылга стандартташтыруу сунушталат.
7. Партиялык түзүлүштү сапаттуу жаңы баскычка көтөрүү үчүн көп партиялуулуктан эң эффективдүү эсептелген парламенттик партиялардын идеологиялык бөлүнүүсүнүн негизиндеги "оңчул" жана "солчул" деген эки партиялуулук системасына өтүүнү баштоо керек. А партиялык тизмеде интеллектуалдуулук мазмунду толтуруу үчүн жогорку квалификациядагы адистерге жана коммерциялык эмес уюмдардын активисттерине 30 пайыздык квота бөлгөн убактылуу чара (олигархташтырууга каршы жана депутаттык курамдын сапатын көтөрүү үчүн) киргизүү зарыл.
8. Парламентаризм сапаттуу өнүгүшү үчүн азыркы "баш ийме парламент" моделинен "жалпы улуттук жыйын" сыяктуу парламент моделине өтүүнү пландаштыруу керек. А өлкө президентин курултай сыяктуу куралган ошол жалпы улуттук жыйын шайлап, жергиликтүү кеңештер менен Жогорку Кеңештин депутаттары мүчө болгон бул жыйын ошол максатта гана чогулушу шарт.

Макалалар Саясий-укуктук изилдөө борборунун сайтынан алынып, кыскартылып берилди

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан