Жан шерик
Адамдын бактылуу экенин жайнап турган көздөрүнөн билсе болот. Биздин конокторубуздун да жүзүнөн бакыт нуру чачырап турат. Алар кыргыз эстрадасынын чырайлуу ырчысы Гүлзинат Суранчиева жана жолдошу Ралис мырза.
– Суроону алгач Ралис, сизден баштасам, Гүлзинат жакында Америкада 20 күн гастролдоп келди. Сиз узак убакытка алыска жөнөткөнүңүзгө караганда аябай түшүнүктүү окшойсуз?
– Сүйгөн жарымды алыска жөнөтүү, албетте, кыйын. Дайыма жаныңда жүргөн жакыныңды кантип жаныңдан кетиргиң келсин? Алыска сапарга кетеби, башка учурдабы, макул болгонумдун себеби аны катуу сүйгөнүмдөн болсо керек. Гүлзинаттын ишине аралашып, карьерасына тоскоол болгум келбейт. Үйлөнөр алдында эле кимге үйлөнүп жатканымды билгем. Ал эл алдында жүргөн адам. Ошондуктан ага бардык жактан түшүнүү менен шарт түзүп бергенге аракет кылам. Эң негизгиси, мен ага ишенем.
– Экөөңүздөрдүн бирге түтүн булатып калышыңыздар баарына кызык. Алгач таанышканда кандай сезим болду эле?
Р: – Биринчи көргөндө балбылдаган кара көздөрү менен Гуля мени арбап алган. Кыскасы, бир көрүп эле сүйүп калгам.
Г: – Менин анда ресторанда ырдаган 21 жаштагы секелек кезим. Азербайжан улутундагы жигиттин күнүгө тажабай келип ырларымды угуп, көзүн албай отурушу, ар кандай белектерди тартуулашы мени таң калтырды. Ралис мени ошентип 4 ай күзөтүп жүрдү. Мен болсо чочулап жолугушууга чыкчу эмесмин. Күндөрдүн биринде гүл саткан эже андан роза алып келип, “эгер бүгүн жолугушпасаң, ушул бойдон келбейм деп жатат” деди. Ошондо чынын айтсам, жүрөгүм башкача болуп кеткен. Билинбегени менен көнө түшкөн экем, чын эле эми аны көрбөй каламбы деп аябай жаман болгом. Анан ойлонуп көрүп, макул болдум. Биринчи жолугууда эле сүйүүсүн билдирген.
– Эки тараптан тең каршылык болсо керек. Кантип жеңдиңиздер?
Г: – Экөөбүз биргеликте өзүбүздүн сүйүүбүзгө ишенип, баарын жеңдик деп ойлойм.
– Бири-бириңиздердеги баалаган жана жактырбаган сапатыңыздар...
Р: – Мен Гулянын акылдуулугун, боорукерлигин баалайм. Ал эми кээде бетке чаап сүйлөгөнү жакпай кетет.
Г: – Меники болсо тескерисинче, Ралис көп нерсеге кенебей, шашпай мамиле кылганда чый-пыйым чыгып чыдабай кетем. Бирок сылыктыгын, ар бир сөзүн орду менен сүйлөгөндүгүн мактап кетпесем болбос. – Гүлзинат, эл көзүндө жүргөн адам болгондон кийин ар кандай сөздөр кетет, эл арасында. Дегеним, өзүңүз жөнүндө айтылган ушактарга кандай мамиледесиз?
– Ооба, “эл оозунда элек жок” дейт эмеспи. Бирок мен аларга такыр көңүл бурбайм. Анткени майда нерселердин ар бирине көңүл бөлүп отурсаң, жашооң андан да татаалдаша берет.
– Ралис, жубайыңызга берген эң кымбат белегиңиз кайсы?
Р: – Мм-м, Мерседес үлгүсүндөгү машина го...
– Кимиңиздер өзгөчө баласааксыздар?
Г: – Рузананы экөөбүз тең жакшы көрөбүз, бирок мен көбүрөөк баласаак болушум керек.
Р: – Жо-ок, апасына караганда Рузананы мен жакшы көрөм.
– Рузана артынан ини-сиңдисин ээрчитип келсин. Бактылуу болуңуздар!
Г: – Сөзүмдүн аягында өлкөбүздөгү катаал абалда каза болгон эр-азаматтардын ата-энесине, бир туугандарына үй-бүлөмдүн атынан сабыр кылгыла деп айткым келет.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg