Быйылкы жылы көк бөрү боюнча ири мелдештерде Таластан чыккан "Ынтымак" командасы алдыңкы орунду эч кимге бербей келүүдө. Талас Бегалиев жетектеген аталган көк бөрү командасы катары менен эки ири республикалык мелдешти жеңип алды.
"ОБЛУСТАН МЫКТЫ ОЮНЧУЛАР ТАНДАЛЫП АЛЫНАТ"2013-жылга чейин жигердүү жыйынтык көргөзө албай жаткан команданын жетекчилигине Талас Бегалиев сунушталат. Ал кезде команданын аты "Биримдик" болгон. Жетекчи үчүн башкы максат мыкты оюнчуларды курамга чакыруу керек эле. Талас Бегалиев буларды айтып берди:
– 2012-жылы мени "командага жетекчи болуп бер" деп сунушташкан эле. Ошол жылдан тарта команданы башкарып келем. 2013-жылдан бери "Талас" деп аталып, 4 жыл ошол аталышта оюндарга чыгып жүрдүк. Быйылкы жылы гана команданын аты "Ынтымак" аталды. 2014-жылы биздин команда катышкан бардык мелдештерди жеңген. Кыргыз Республикасынын Президентине арналган кубокту бир канча жыл катары менен утуп келе жатабыз. Быйылкы жылы да биз катышкан мелдештерде 1-орунду камсыздоодобуз.
Негизи команданын курамына кышында өткөн айылдык жана райондук беттештерде өзгөчөлөнгөн улакчылар тандалып алынат. Команданын оюнчуларын көрүп жаштарыбыз кызыгат. Курам дээрлик 80 пайыздай жыл сайын өзгөрүп турат. Анткени жаңы чыгып келе жаткан жаш оюнчулар чыгат же жаракат алган оюнчуларды алмаштыруу керек болот дегендей. Командабыз кышы бою машыгуу сборлорун өткөрөт. Учурда командада бир гана оюнчу келишимдин негизинде ойноп келсе, калганы намыс үчүн ойноп келишет. "Ынтымактын" дагы бир өзгөчөлүгү – мелдештерде уткан байге фонддору командага толугу менен бөлүштүрүлүп берилет.
"ЖЕҢИШТИН СЫРЫ – МЭЭНЕТ"Урмат Шерипбеков, команданын башкы машыктыруучусу:
– Мен 1999-2000-жылдардан бери улак тартчумун. Ал кезде команда жаңы түзүлүп, аты "Беш-Таш" болчу. Анда анчейин ири мелдештерге катышчу эмеспиз. 2003-2004-жылдары гана Талас облусу боюнча бир команда түзүлүп, азыркы "Ынтымак" түптөлдү. Анда улакчылар элден ат сурап оюндарга катышчубуз. Арадан убакыт өтүп, команда алсырап кеткен. Талас Бегалиев командага жетекчи болуп келгенден тарта кайра жанданды десем болот. Учурда өзүбүздүн аттарыбыз бар. Бишкектеги "Аккула" ат майданында сарайда багылат. Өзүм кезинде чабуулчу элем. 2016-жылга чейин оюндарга катышып жүрдүм. Быйыл командага машыктыруучу кылып дайындашты. Учурда өлкөдөгү ар бир команда күчтүү болуп саналат. Жеңиштерге жетишип жаткандагы башкы сырыбыз – бул мээнет. Ар бир мелдешке чыгарда команда бир ай машыгуу сборуна чыгабыз. Анда оюнчулар тоого чыгат, физикалык көнүгүүлөрдү жасап турушат. Биздин балдар өжөрлүгү жана тырышчаактыгы менен айырмаланат деп айта алам. Анткени оюндарда бир упай менен болсо дагы жеңишке жетишүү үчүн ойноп келишет. Буга быйылкы жылдагы Нооруз жана Жеңиш күнүнө арналган оюндар далил. Командабызда 12 оюнчу бар. Жакында, сентябрь айында эл аралык мелдеш орун алат. Ошого даярдык көрөбүз.
"ЧАБУУЛЧУЛУК МЕНИН МОЮНУМДА"Жоки Орозбаев, улакчы:
– 2009-жылдан тарта "Кабылан" командасында ойноп келгем. 2014-жылы "Ынтымак" командасына кошулдум. Азыр бул командада бирге-бир чыгууда чабуулчулук менин моюнумда. Оюндарда ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибизди так аткарууга аракет кылабыз. Оюн учурунда атаандаштарыбыз менен кызуу беттешип ойносок, улуттук курама командада өлкөнүн намысы биринчи орунда турат. Көк бөрүдө улуттук курама команданын оюнчуларын мелдештерде жеңген команданын жарымы түзөт. Башкача айтканда, курама команданын 6 оюнчусу утуп келе жаткан командаларынан түзүлөт.
"ТАКТИКАГА КӨБҮРӨӨК КӨҢҮЛ БӨЛӨБҮЗ"Карыпбек Эшиев, улакчы:
– "Ынтымак" командасында 10 жылдан ашык улак тартып келем. Жаш кезде чабуулчу болсом, эми 30 жаштан өткөндө коргоочулукту аркалап келе жатам. Биздин башка командалардан айырмабыз – көбүрөөк тактикага көңүл бургандыгыбыз деп ойлойм. Кичинекей кезимден тарта улак тартып, Таластын командасында ойносом деп кыялданчумун. Эми мына өзүм ойноп жатам. Улак тартуунун артынан унаа, каражат таптым. Жеңиш күнүнө арналган мелдеште "Достук" менен болгон оюнда башкы тактикабыз – атаандаштын чабуулчуларын жакшылап кароо болгон. Жыйынтыгында 2:1 эсебинде жеңип, 2 улакты тай казанга мен салгам. Финалда "Биримдик" менен ойноп, мен салган улак жалгыз болуп, жеңишке жетиштик. Оюндан соң "Мелдештин мыкты оюнчусу" наамын мага тапшырышты.
"ЫНТЫМАК" КОМАНДАСЫНЫН 2017-ЖЫЛДАГЫ КУРАМЫ:
1.Тынчтык Кабылбеков
2. Нияз Мадылбек уулу
3. Айбек Исаков
4. Марлис Койгелдиев
5. Бактияр Жабагиев
6. Жоки Орозбаев
7. Карыпбек Эшиев
8. Турат Эмилбек уулу
9. Нуржан Мелисбек уулу
10. Урмат Раушан уулу
11. Нооруз Раатбек уулу
12. Сейитбек Анарбек уулу
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg