КРЕДИТ АЛАР АЛДЫНДА ЭСКЕ АЛУУЧУ ЖАГДАЙЛАР

Ар бир адамдын турмушунда эртеби-кечпи, күтүлгөн жана күтүлбөгөн материалдык муктаждыктар болуп турат. Айрымдары өз каражаттары же жыйымдары менен көйгөйүн чечсе, кээ бирлери кредит алып убактылуу карыздап турууну туура табат. Бул ирет ар бир кредит тобокелдиктер менен коштолорун баса белгилеп, келечекте карыз алууга белсенип жаткан жарандар үчүн эске сактап калуучу маалыматтарды сунуштайлы деп чечтик. Бизди кызыктырган суроолор менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Инспектрлөө башкармалыгынын керектөөчүлөр укугун коргоо бөлүмүнүн инспектору Айбакыт Качибековага кайрылдык.

– Саламатсызбы? Кредит алуу чечими кабыл алынып, тийиштүү кредиттин түрү тандалып алынды дейли, андан кийин келишимге кол коёрдон мурда эмнелерди билүү керек? Анткени дал ушул келишимге көп көңүл бөлүнбөй калгандыктан кээде жарандар көйгөйгө тушугуп жаткандыгы айтылып жүрөт.
– Саламатчылык! Биринчиден, кредиттик келишимге кол коюлгандан кийин акча каражаттарын алганга чейин деле кардардын кредит алуудан баш тартууга укугу бар. Мындан тышкары кардар кредиттик келишимге кол коюудан мурда тиркелген бардык документтери менен кошо анын долбоору менен таанышып чыгууга жана банктан тышкары юридикалык консультация алууга укуктуу.
Экинчиден, кардарларга кредиттик келишимди түзүү тилин тандоо укуктары да каралган. Карыз алуучу жеткиликтүү түшүнүүсү үчүн кредиттик келишим анын каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлүшү керек.
Үчүнчүдөн, банк зарылчылык келип чыккан шартта кардарларга кредитти эсептөө тартиби, туумдар, айыптык төлөмдөр жана башка шарттар боюнча толук түшүндүрмө берүүгө тийиш. Ошондой эле кредиттик келишимдерде кардарлардын укуктары, банкта даттануулардын жана сунуштардын китепчеси бар экендиги жана башка кардарлар үчүн пайдалуу болгон маалыматтар болушу шарт.

– Анткени менен кээде кардарлар кредиттик келишимдин шарттары өтө татаал жазылып, түшүнүксүз болуп жаткандыгын белгилешет. Негизи кандай болушу керек?
– Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча кандай гана келишим болбосун, аны түзгөнгө чейин көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө кардар ачык түрдө толук маалымат менен камсыз боло алат. Банк тарабынан мындай маалыматтарды берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар ошол кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын, аларга байланыштуу тобокелчиликтерди жана жоопкерчиликтерди кардар толук түшүнгөндүгүнө ынанууга милдеттүү. Керектөөчү кандай болбосун келишим түзүүгө чейин сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук чечмеленген маалыматка ээ болууга тийиш.
Керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Келишимдин тексти он экинчи шрифттен кичине эмес өлчөмдөгү бирдей тамга менен жазылып, мүмкүн болушунча так баяндалып, керектөөчүлөрдүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу зарыл.
Кардардын кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш. Эгерде кардар келишимдин шарттарын өз алдынча түшүнө албаса, финансы кредиттик мекеменин адистерине кайрылып суроолоруна жооп алганга толук укуктуу.

– Келишимдин кээ бир пункттары мыйзамда көрсөтүлгөн ченемдерге туура келбеген учурда эмне кылуу керек?
– Талаш маселелер келип чыккан шартта кардарлардын кайрылууларын кароо жол-жобосуна ылайык тиешелүү түшүндүрмө алуу үчүн эң оболу банктын өзүнө кайрылуу талап кылынат. Кардарлар менен түзүлүүчү келишимдер мыйзамга дал келбөөсүнө финансы кредиттик мекеме тарабынан көпчүлүк учурда жол берилбейт. Бирок сиз кандайдыр бир келишимдин шарттары мыйзамга дал келбегенин байкасаңыз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына оозеки же жазуу түрүндө кайрылып, тийиштүү жооп ала аласыз.

– Банк кызматкерлерине пара сунуштап, кредит алууну көздөгөн жарандар да болот эмеспи, бул боюнча эмне айта аласыз?
– Негизинен пара берүү – бул кылмыш. Ал үчүн мыйзамда тийиштүү жоопкерчиликтер каралган. Тажрыйба көрсөткөндөй, көбүнчө пара зайымчы тарабынан сунушталат.
Зайымчы (карыз алуучу) тарабынан кандай учурда пара сунушталышы мүмкүн:

  • Тейлөө процессин тездетүү максатында.
  • Кредит алуу үчүн банктын бекитилген талаптарына дал келбеген учурда.

Мисалы: кредитти берүүдөн мурда банк зайымчынын төлөм жөндөмдүүлүгүн толук изилдеп чыгуусу зарыл. Эгерде изилдөөнүн негизинде кардардын кредитти төлөөгө кудуретсиздиги аныкталса, финансы кредиттик мекеме кредит берүүдөн баш тартат. Мындай учурда кардар пара берүү жолу менен көйгөйдү чечүүнү каалайт. Бирок мындай чечим финансы кредиттик мекемеден мурда кардардын өзүнө терс таасирин тийгизерин баса белгилеп кетиш керек. Эгерде сиздин финансылык абалыңыз көрсөткөндөй, төлөө жөндөмдүүлүгү жок болсо, кредитти кайтарууда көйгөйлөр пайда болот дегенди түшүндүрөт.
Пара берүү гана эмес, пара алуу дагы кылмыш экенин эске сала кетүү керек. Кардардын кредит алуусу үчүн финансы кредиттик мекеме кызматкерлеринин кандайдыр бир сый акы алууга укугу жок.

– Кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн кандай аракеттерди көрсө болот?
– Кредиттик келишим жарандык келишим болуп эсептелет. Демек, жарандык кодекс боюнча эки тарап өздөрүнө ыңгайлуу болгон шарттарды аныктап, анын негизинде келишим түзөт. Мыйзам боюнча, келишимге өзгөртүү киргизүү эки жактын макулдугу менен гана ишке ашырылат. Андыктан эң биринчи кадам – кредит берген финансы кредиттик мекемеге түздөн-түз кайрылуу. Эгерде талаш суроолор туулуп, эки жак өз алдынча бир чечимге келе албаса, анда бир гана сот аркылуу чечилет.

– Дүмүрчөктөрдү жоготпой чогултуу сунушу да айтылып келет го. Анын кандай пайдасы бар?
– Чек же дүмүрчөктөрдү чогултуу эки жактын талаш-тартыш учурларында керектелет. Алар тийиштүү төлөмдөрдү убагында жүргүзгөндүгү жөнүндө далил болуп берет.

– Эгер кардардын укугу бузулса, анда ага эмне кылуу керектелет?
– Кардар эскертүүлөрүн жана сунуш-пикирлерин банктын даттануулар жана сунуштар китебине чагылдырууга укугу бар. Китеп номерленген, байланган, мындан тышкары мекеменин төрагасы же төраганын орун басарларынын бири тарабынан тастыкталган жана банктын мөөрү менен бекитилген болууга тийиш. Мындан тышкары Улуттук банктын керектөөчүлөр укугун коргоо боюнча бөлүмүнө кайрылса болот.

– Кредиттик келишимдин шарттары өзүнө эмнелерди камтышы керек?
– Келишимди түзүп жаткан тараптардын негизги шарттары, алардын укуктары, милдеттери, жоопкерчиликтери жана депозиттер, кредиттер боюнча пайыздарды төлөөнүн шарттары жана тартиптери, банк иштерин жүргүзүү үчүн чендер жана тарифтер, келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелери, анын колдонуу мөөнөттөрү, келишимдин шарттарын аткарбагандык үчүн анын ичинде аны бир тараптуу өзгөртүүлөрү үчүн айып акы санкциялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана тараптардын макулдашуулары боюнча каралган жана башка шарттар камтылууга тийиш.

– Зайымчылардын эң көп кетирген каталары кайсылар?
– Кредиттин абалынын начарлоосуна себепкер болгон катачылык же белгилер төмөнкүлөр:

  • Карыз алуучулардын банк менен байланышуудан кетенчиктеши;
  • Финансылык абал жөнүндө маалыматтардын убагында берилбегендиги, толук эмес жана аргасыз берилиши, финансылык абалды жаап-жашыруу менен берилүүчү маалыматтар;
  • Кредитти себепсиз убагында төлөбөө.

Ар бир жаран кредит алуудан мурда төмөнкү суроолорго жооп издөөсү зарыл:

  • Карызга батуунун кажети барбы?
  • Кредиттик каражаттарды жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды өз убагында төлөй аламбы?
  • Карыз алгандан көрө, мүмкүн, акырындап акча топтоо ыңгайлуудур?

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА