Ушул жылдын апрель айынын аяк ченинде Жалал-Абад облустук ИИБинин кызматкерлери тарабынан "бирөөлөрдү опуза кылып акча талап кылып иштешет" деген шек менен аялдардан түзүлгөн кылмыштуу топ кармалган. Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына караганда, бул аялдар атайын сценарий менен иштеп, бир нече эркекти тузакка түшүрүшкөн.
"УЯТ КЫЛАБЫЗ" ДЕП КОРКУТУП АКЧА ТАЛАП КЫЛЫШКАН"
Бул кылмыш боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөөчүсү Мурат Эркулов төмөнкүлөрдү айтып берди:– 2017-жылдын 25-апрелинде бизге 1987-жылы туулган Үмүт аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 24-апрель күнү белгисиз 3 аял анын айдоочулук күбөлүгүн, Матиз үлгүсүндөгү автоунаасынын техпаспортун тартып алышып, 15 миң сом талап кылып жаткандыгын билдирди. Көрсө, ал белгисиз аялдар жабырлануучуну "сен биздин сиңдибизди зордуктадың. Биз муну аялыңа, туугандарыңа айтып шермендеңди чыгарабыз. Мечитке алып барабыз, элге уят кылабыз. Элдин көзүнчө өрттөп жиберебиз. Милицияга арыз жазып каматабыз" деп коркутуп, акча талап кылышыптыр. Бул факт боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин 2-пункту (алдын ала макулдашуу боюнча адамдар тобу тарабынан опузалап алып коюу) боюнча кылмыш иши козголгон. Оперативдүү-тергөө иштеринин жүрүшүндө ошол эле күнү бул кылмышка шектелип 3 аял кармалды. Алар: Эркинай Х. – 1983-жылы Өзбекстандын Андижан облусунда төрөлгөн, учурда Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Убактылуу эч жерде иштебейт. Алтынай А. – 1978-жылы туулган. Өзбекстандын жараны. Убактылуу эч жерде иштебейт.
Сапаргүл А. – 1977-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрөлгөн. Таксист болуп иштейт. 2015-жылы Жалал-Абад шаардык соту тарабынан "бейбаштык" беренеси боюнча соттолгон.
Текшерүү учурунда кармалгандардын жанынан атайын белги коюлган 15 миң сом табылды, аны үчөө бөлүп алышкан экен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жалал-Абад шаардык соту кылмышка шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, Эркинайды 2 айга СИЗОдо кармалып турууга, ал эми калган экөөнү үй камагына чыгарды.
"ЭРКЕКТЕРГЕ "АҢЧЫЛЫККА" ЧЫГЫП ЖҮРҮШКӨН"
– Кылмышка шектелип кармалгандар буга чейин башка эркектерди да ушундай жол менен коркутуп, акча алып жүрүшкөндөрү аныкталып жатат. Эркектерге "аңчылыкка" чыгып жүргөн деп койсо да болот. Азырынча бул кылмыштан башка да 3 жолу ушундай кылмышка баргандыгы, ал иштер жабылып калгандыгы аныкталды.
Мунусунда да жабырлануучуну тузакка түшүрүү үчүн алдын ала даярданышкан. Спектакль уюштурушуп, ар бирине роль бөлүштүрүлгөн экен. Алар жабырлануучу таксисттин артынан бир топ убакыт акмалашкан. Кыз өзү барып тийишип, таксист менен таанышат. Ошентип экөө Жалал-Абад шаарындагы кафелердин бирине кирип отурушат, бийге түшүшөт. Андан чыгып таксисттин унаасы менен шаардын бир жерине барып өз каалоолору менен эле жыныстык катнашта болушат. Андан соң Эркинай Сапаргүлгө телефон чалып, "мага бирдик түштү" деп айтат. "Бирдик түштү" дегени алардын ортосундагы сыр сөзү. Таксист менен Эркинай унаада баратканда бир автоунаа алардын жолун тороп токтотот. Таксист токтогондо ал унаадан Сапаргүл менен Алтынай түшүп келип, таксистти коркутуп, акча талап кылышкан. Анан таксистке "15 миң сом берсең ишти дым-дым кылабыз" деп унаасынын документтерин, айдоочулук күбөлүгүн алып коюшкан.
Жабырлануучу арыз жазган соң биз аны өзүн коркутуп жатат дегендер менен сүйлөштүрдүк. Ал аялдар жабырлануучуну сөгүп-сагып жатышты. Анын баарын диктофонго жаздырып алганбыз.
"ОПУЗАЛАП АКЧА ТАЛАП КЫЛЫШТЫ"
Жабырлануучу төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– 2017-жылдын 24-апрель күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө менин автоунаама бир кыз кардар катары чыккан. Ал мага "баламды шаардан алып, анан үйгө таштап коёюн" деген. Унаам менен алып бара жатсам ал "токтоп турган кызыл түстөгү машинанын жанына токтоңуз" деди. Автоунаамды ал айткан унаанын жанына токтотсом, анын ичинен 2 аял түштү. Алар «сен биздин сиңдибизди машинаңа салып алып эмнеге капа кыласың?!» деп мени коркутуп киришти. Машинамдын техпаспорту менен айдоочулук күбөлүгүмдү алып, «15 миң сом бересиң. Анан документиңди беребиз» деп опузалап акча талап кылышты.
Кылмышка шектелип кармалган 3 аял тергөө учурунда төмөнкүчө көрсөтмө беришкен:
"КОРККОНДО АКЧА ӨНДҮРҮП АЛАБЫЗ ДЕГЕН"
Кылмышка шектүү Эркинай:
– Сапаргүл "сен барасың дагы, жыныстык катнаш бүткөндөн кийин "бирдик түштү" деп мага чаласың, ошондо мен силердин кошулганыңарды билем. Анан мен айткан жерге келесиңер, ошол жерден силерди тосуп алам. Уруш баштайбыз. Ошондо ал бала коркконунан нес болуп, "акча берем, милицияга бербегиле" деп айтат. Ошондо биз андан акча өндүрүп алабыз" деп айткан.
"АКЧАНЫ АЛГАН СОҢ КАРМАЛДЫК"
Кылмышка шектүү Алтынай:
– Эркинай бизге чалып "келгиле" деди, барсак өзү Матиздин арткы отургучунда отуруптур. Алдында таксист бала бар экен. Унаага отурганда Эркинай "таксист мени кыйнады" дегенде, Сапаргүл таксистке "сен аял кишини неге антесиң, сени милицияга алып баралы" деп айтты. Ошондо таксист
"3 баланын атасымын. Милицияга алып барбагыла" деп 15 миң сом алып келип бермек болду. Эртеси "акчаны толук алып келдим" дегенинен барып жолугуп, анын колунан акчаны Эркинай санап алды. Акчаны алган соң кетип баратсак, милиция кызматкерлери келип бизди кармап алышты.
"БУГА ЧЕЙИН МЫНДАЙ ИШ КЫЛГАН ЭМЕСМИН"
Кылмышка шектүү Сапаргүл:
– Үйдүн жанына барып, бурулуп жатканда карап, милиция кызматкерлерин көрдүм. Жанымдагыларга "артыбыздан милиция кызматкерлери келе жатат" деп айтып, машинамды токтотуп сыртка чыктым. Ошол убакта берки кыз 7 миң сомду кроссовкасынын ичине сала койгон экен. Дагы 5 миң сом менин отургучумдун астынан табылды. Эркинай менен жакында эле таанышкам. Буга чейин мындай иш кылган эмесмин, түшүнүгүм да жок болчу.
Бул боюнча Сапаргүл айымга байланышканыбызда, ал: "Мени ак жерден жаманатты кылып коюшту. Таксист болуп иштейм, ошентип киши ташып жүрүп Эркинай менен таанышып калгам. Аны болгону 2-3 жолу көргөм, мындан башка эч нерсе деп айта албайм",- деп жооп берди.
Нурбек Абдыкадыров
Жалал-Абад ОИИБи
koom@super.kg