ЭЛДИН ҮРӨЙҮН УЧУРГАН БУЛ ЭМНЕ ЖАНДЫК?

Жакындан бери WhatsApp аркылуу "бир тири шумдук жандык пайда болуптур, чакса 2 сааттан кийин адам өлөт экен" деген билдирүү менен түрү укмуш курт-кумурсканын бир түрүнүн сүрөтү желдей таркап жүрөт. Адамдын үрөйүн учурган бул эмне жандык? Адамды өлтүрө чагабы? Суроолорубузга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун илимий адиси Дмитрий Милько жооп берди.



"БЕЛОСТОМАТИД КАНТАЛАСЫ – ТРОПИКАЛЫК КУРТ-КУМУРСКА"

– WhatsApp аркылуу таркап жүргөн сүрөттөгү курт-кумурска – бул белостоматид канталасы. Сүрөттөн карап кайсы түрү экенин так айтуу кыйын. Анткени белостоматид түркүмүндөгү курт-кумурскалардын 200дөй түрү бар. Эгер жандыктын сүрөтү эмес, өзү болсо, түрүн аныктоого жеңил болмок.
Негизи белостоматид канталасы Орто Азияда жана Борбордук Азияда жашабайт, булар тропикалык өлкөлөрдөгү сууларды, нымдуу жерлерди мекендешет. Жер шарындагы суулардын булганышынан улам булардын көп түрү жок болуп бара жаткан курт-кумурскалардын катарына кирген. Биз атайын алып келип, ага кам көргөнүбүздө да майдан октябрга чейин эле жашаган, климатыбызга көнүп кете алган эмес.

АДАМГА КОРКУНУЧУ БАРБЫ?

– Адамга эч кандай зыяны жок. Тийишсең аарыга окшоп чагып, бир аз кан чыгышы мүмкүн. Шилекейи лабораториялык изилдөөлөрдө колдонулуучу чычкандар үчүн уулуу экендиги аныкталган. Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрүндө бул курт-кумурсканын түрү ашканада кеңири пайдаланылат.
Сүрөттөгү жабыркаган алакан, манжаларга токтолсом, бир караганда көп изилденбеген тропикалык, өлгөн ткандарга жумуртка таштаган башка курт-кумурсканын түрүнөн жабыркагандай көрүнөт. Бирок бул сүрөт 99 пайыз бутафория (атайын окшоштурулуп тартылган сүрөт, грим)же фотошоп деп айта алам. Анткени акыркы 10-15 жылдан бери интернетте ушундай адамдын үрөйүн учурган, адамдын психикасына атайылап сокку урган сүрөттөр, видеолор, маалыматтар көп таркоодо. Бул эң төмөнкү деңгээлде ой жүгүрткөн, сенсациянын артынан кууган, элдин трипофобия(денесине залака келтирүүдөн коркуу) менен жабыркай турганын жакшы өздөштүргөн адамдардын "учурган өрдөгү" деп эсептейм.

«WhatsApp аркылуу тараган бул сүрөт 99 пайыз бутафория же фотошоп».


Жонуна жабышып турган сүйрү, жылмакай бөлүкчөлөр жумурткалары. Ургаачы кантала 100дөй жумуртканы эркегинин үстүнө таштайт да, эркеги аларды ысытып, нымдап жетилгенге чейин кам көрөт. Эки жумадан кийин жумурткадан жаш канталалар чыгат.


Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрүндө бул курт-кумурсканын түрү ашканада кеңири пайдаланылат.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
Astra12
2017-05-24 21:50:19
Чынын айтсам ушул суротту коргондон кийин аллергия болуп, ушуга окшогон нерселер фобия болуп калды.
0
Azatbek83
2017-05-24 23:22:12
Жалган нерсе тиги суроттогу алакандагыны [moderated]дан корсонор кантип жасашты корсоткон видеолор бар.Жалган!!!
0
Aijamal0405
2017-05-25 00:19:13
Сүрөттү чыдап көрө алган жок)))
0
Aijamal0405
2017-05-25 00:20:17
Жокмун
0
Tuke88
2017-05-25 04:32:34
Сизден сураныч урматтуу администратор бул курттун сүрөтүн койсо да мейли жанагы бармактын эзилген сүрөтүн удалить этип койгулачы адамдын денесин титиретпей,өтө жагымсыз экен.
0
Nadirov
2017-05-25 05:12:01
Мага жакбады! Эми жебеймин)))
0
originalkgz96
2017-05-25 23:56:14
ал суроттор фотошоп менен жасалган суроттор. азыркы убакта кадимки корунуш болуп калды го биз учун.
0
Aitumar.17
2017-05-26 05:53:33
Бул да Аллахым жараткан жандыкта
0
Girl1996
2017-05-26 12:54:43
Ушу элдин жебегени калбады окшойт, көзүнө эмне көрүнсө жей беришет тообааа
0
tamchy555
2017-05-26 18:01:13
Менин бир группалашкам бул сүрөттү көрүп катуу жийиркенгенинен улам, оозунун жандарына учук чыгып кетиптир))
Тообо жок эле нерсе экен да ээ?))
0
Jibek94
2017-05-26 22:48:42
Жакшы болбодубу оло ойлонуп коп коркчуумун ушул балээден.денеме бир нерсе чыкса ушул курттан коро берчумун.
0
Abdyrashit.Satylganov
2017-05-28 16:51:50
Магада бул сүрөт келген болчу.ал нерсенин канчалык деңгелде чындык экенин издеп, мындай жандык бизде жок экенин аныктаган болчум.Тиги киши баарын туура айтты бирок бул жандык клоптордун хищник тобуна кирет, айырым түрлөрү адамга коркунуч жарата алат
0
elif
2017-05-28 17:54:39
Дагы жебеймин дегендер жединерби?
Кызык,биз алып келгенде дагы дейт го эмнеге алып келдинер эле...?Жашап кетсин учун болсо жообунар бизге пайдасы зыяны эмне?
0
Sushi_wok
2017-05-28 19:09:32
Ушу суротту коргондон бери алаканым тынбай кычышып озумду аябай жаман сезем каяктан да коро койдум эле аа
0
Suranbaievayryskan
2017-07-05 12:25:21
Адам барго ырыскыбыз качан тугонгондо кана бул дуйнодон кетебиз эгер ырыскыны дагы узартып берсе бул жандык чакмактан жеп алсада олбойсун
0
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан