Учурда Кыргызстандын инженердик билими өлкөнүн өнүгүшүнө тийиштүү салымын кошо элек жана бул кемчиликти жоюу убактысы келди. Бул пикир «Манас» Кыргыз-Түрк университетинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын адистери тарабынан окуу жайдын инженердик факультетинин студенттери үчүн уюштурулган семинарда айтылды. Иш-чаранын катышуучуларына алтын казуучу компаниянын өндүрүштү уюштуруу жана башкаруу, алтынды чыгаруу процесси, экологиялык маселелерди чечүү жана кадрдык саясат тууралуу негизги маалыматтар берилди. Ошондой эле алтын казуучу ишкананын адистери семинардын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.
СТУДЕНТТЕРДЕ "КУМТӨРДӨ" ИШТӨӨ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БАР
«Азыркы заманда кандайдыр бир ири ишкананын адистерин окутуу өтө эле татаал жана кымбат иш. Бирок «Кумтөр Голд Компани» компаниясы суранычка эч качан жок дебейт, ошондуктан бүгүнкү иш-чаранын өтүп жатканына ыраазычылык билдиребиз»,- деп ачылыш сөзүндө университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев белгилеп өттү.
«Манас» университетинин инженердик факультети бир нече багыттар боюнча адистерди даярдап чыгарат. Алардын ичинде химиялык, компьютердик, экологиялык, азык-түлүк инженериясы бар. Бул окуу жайда даярдалган адистерге туура келүүчү иш орундарын «Кумтөр Голд Компани» сыяктуу компаниялар бере алат. Семинардын практикалык максаты да ушунда – студент-магистрлерге ишкана тууралуу маалымат берип, аларга өз күчүн сынап көрүүгө мүмкүндүк берүү. Ошондуктан өндүрүш, башкаруу, экологиялык жагдайлар менен бирге семинарда «Кумтөрдүн» кадрдык саясаты жөнүндө да айтылып өттү. Келечеги тууралуу ойлонуп, кыялданып жаткан студенттер үчүн ушул нерсе абдан маанилүү.
Семинар башталгыча «Кумтөрдүн» адистери инженердик факультеттин лабораториялары менен таанышып, анын жабдууларына, изилдөө жүргүзүү жөндөмүнө жакшы баа берип, биргелешип иш алып баруу мүмкүндүгүн айтып өтүштү. Университеттин студенттери «Кумтөрдө» практикадан өтүп, учурда өндүрүштүн калдыктары – майланышкан чүпүрөктөрдү (ветошь) изилдешип, аны колдонуу, жок кылуу ыкмалары менен иштеп жатышкан.
«Майланган чүпүрөктүн (ветошь) калдыктарын иштетүү маселеси абдан маанилүү иш. Биз калдыктардын рекультивациясын экологиялык коопсуз жол менен чечүү маселесинин үстүндө иштеп жатабыз»,- дейт экологиялык инженерия кафедрасынын доценти Нурзат Тотубаева.
– Ошондой эле азык-түлүк таштандыларын жер семирткичке (компост) айлантуу боюнча изилдөө жүргүзүлүп жатат. Бул ишке ашса, кийин «Кумтөрдүн» ишине пайда алып келет деген ойдобуз.
СЕМИНАР КӨП БОЛСО, МААЛЫМАТ ДА КӨП
Компаниядагы инженердик-геологиялык бөлүмдүн менеджери Каныбек Жумалиев студенттерге «Кумтөрдөгү» инженердик иштер» темасында маалымат берип, ишкананын тарыхы, жасалган иштер, учурдагы өндүрүш тууралуу айтып берди. Мындан кийин алтын ылгоочу фабриканын ага металлургу Садыгали Жураев кендеги алтын чыгаруучу фабриканын иштөө схемасы менен тааныштырып, тоо-тектин казылып, андан алтын бөлүнүп чыкканга чейинки процесс тууралуу маалымат берип өттү. Айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ченемдик базаны сактоо боюнча ага адис Айбек Абдувалиевдин «Суунун абалына байкоо жүргүзүү» жана экологиялык долбоорлор боюнча менеджер Ольга Медоеванын «Экологиялык жоопкерчилик» боюнча маалыматтары студенттер арасында өзгөчө кызыгууну жаратты.
Албетте, тоо-кен өндүрүш компаниясында орун таап, иштеп калуу көпчүлүк студенттердин кыялы. Андан улам «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кадрлар бөлүмүнүн өкүлү Дарья Антананейтенин чыгып сүйлөшү да өзгөчө кызыгуу менен кабыл алынды. Ал семинардын катышуучуларына маалымат бергенден сырткары студенттерди жайкы практикага чакырып өттү. Буга 3-4-курстун студенттери катыша алат жана алар тийиштүү анкеталарды толтурушуп, компаниянын дарегине жибериши керек. Эң татыктуулары аңгемелешүүгө чакырылып, алардын ичинен практика өтүүчүлөр тандалмакчы. Антананейтенин айтымында, практикадан өзүн мыкты көрсөткөндөргө 2 жылдык стажировка алуу мүмкүнчүлүгү бар.
«Мен кайра иштетүүгө абдан кызыгам. Учурда мени кызыктырган нерсе – «Кумтөрдөн» чыккан калдыктардагы кумду фарфор өндүрүшүнө пайдаланууга мүмкүнбү деген суроо. Муну кытайлар ишке ашырып, мыкты өздөштүрүп келе жатышат. Андан улам бул семинарда ушул маселе боюнча суроо берип, «Кумтөрдүн» калдыктарындагы кумду мен ойлоп жаткан ишке колдонсо болот экен деген жоопту алдым. Ушундай жолугушуулар болуп турса, биз керектүү маалыматка ээ болуп турат элек»,- дейт университеттин магистратурасынын студенти Эрлан Садыр уулу.
Буга чейин «КГК» ишканасынын адистери ушундай эле семинарды Бишкектеги Үсөн Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунда өткөрүп келишкен. Муну менен Кыргызстанда өндүрүш менен жогорку билим берүү тармагынын ортосунда кызматташуу жанданып, жакынкы келечекте эле азыркы студенттер өзүнүн ички потенциалын ишке ашырууга мүмкүндүк алат десе болот. Ушул иштин башатында өлкөнүн эң алдыңкы ишканаларынын бири «Кумтөр Голд Компани» турат.
– Мындай иш-чаранын зарылдыгы абдан зор жана бүгүн семинар көздөгөн максатына толук жетти десек болот. Биз «Кумтөрдөгү» өндүрүштүн негиздери менен таанышып, кандай багытта иш алып барыш керек экенин түшүндүк. Андан улам «Кумтөр» өткөргөн семинардын маанисин абдан жогору деп айтат элем жана бул чоң иштин башаты,- деп семинардын уюштуруучуларынын бири, «Манас» университетинин инженерия факультетинин химия-инженерия кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Эмил Өмүрзак уулу өз пикири менен бөлүшүп өттү.
Нурлан Жоодатов