«МИРБЕК, МЕН АЗЫР СЕНИН «ЭЧ ЖАККА КЕТПЕЙМИН» ДЕГЕН СӨЗҮҢӨ ЗАР БОЛУП ЖҮРӨМ»

Мага Мирбек Атабековдун сүрөтү да, автографы да керек эмес. Болгону ушул сөздөрүмдү окуп койсо, мен үчүн мындан өткөн бакыт болбос эле.
Салам, жаным Мирбек!
Бул дүйнөдө жашагандан бери мындан жаман күндү көрө элекмин. Ушул күнү «Браво» телекөрсөтүү­сүнөн «Мирбек Атабеков сахнадан кетти» деп айтканын уктум. Мен ушул төрт сөздү уккандан кийин эч нерсени түшүн­бөй туруп калдым. Бир аздан соң өзүмө келип, «Браводо» айтылган сөз­дөрдү эстедим. Көзүмө жаш тегеренип, «Мирбек» деп согуп жаткан жүрө­гүмдү бирөө жулуп алгандай болду да, «эмне үчүн?» деген суроо мени кыйнап жиберди. Мен ишенбеймин, азыр Мирбек чыгып: «Андай эмес, мен кетпеймин!» деген сөздөрдү айтат деп өзүмдү сооротконго аракет кылдым. Ошол жерден Мирбектин жанына учуп жетким келди. Менин азыр ичимдеги от болуп жанган сезимимди сөз менен айтууга мүмкүн эмес. Билем, Мирбек мени «катардагы эле күйөрманым» деп ойлойт. Бирок, мен чынында эле өзүм каалабасам да, жүрөгүм «Мирбек» деп согуп келет. Мирбек, сен менин дем алып жаткан таза абамсың. Мен азыр сенин «мен эч жакка кетпеймин» деген сөзүңө зар болуп жүрөм.

Би

«БАКТЫГҮЛ, ӨЗҮМ БОКСЧУ БОЛБОСОМ ДА, КЛИБИҢДЕГИ ЖИГИТТЕН СЕНИ ТАРТЫП АЛУУГА КУДУРЕТИМ ЖЕТЕТ»

Сүйүктүүм, сагынычым, кызганычым Бактыгүл, сен менин түнкү уйкудан калтырган, миң түркүн ойлонтуп кыялданткан, жанды кыйнаган жүрөктөгү адамымсың. Дартымды өзүңө барып бетме-бет туруп айта албасам да, ак сүйүүмдү жазып жеткирүүнү туура таптым. Бакуля, мен сени түшүмдө көр­сөм, уйкум балдай сезилет да, ошол түн көз ирмемдей тез өтүп, таң атып кетет. Сени түш көр­гөн күнү канчалык оор жумуш аткарбайын жеңилдей сезилет. Атаганат, өзүң жанымда болсоң, канчалаган бактылуу күндөрдү, ай шооласын чачкан жылдыздуу түндөрдү бирге тосмокпуз. Ким билет, анда өзүмдөн улуу агаларыма карабай үйлөнүп алмак белем?! Айтор, кыялданткан ойлор көп. Бактыгүл, сени клибиңден көрүп канчалык кызганганымды билесиңби? Өзүм боксёр болбосом да, клибиңдеги жигиттен сени тартып алууга өзүмдү кудуреттүү сеземин. Канткенде да өзүмдү «кандидаттардын» арасынан эң татыктуу, акылдуу, чечкиндүү, чынчыл жана күчтүүсү болсом деймин.

Оштук жигит Мунарбек

«СЪЕЗДБЕК БАЙКЕ, БУЛ ДҮЙНӨДӨ СИЗ БАР ҮЧҮН МЕН ЧЕКСИЗ БАКТЫЛУУМУН»

Саламатсызбы, Съездбек байке. Мен бул кат аркылуу сизге болгон сүйүүмдү билдирүүнү самадым. Биринчиден, сүйүү май­рамыңыз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Ошону менен бирге сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды, жетишкендиктерди каалаймын. Мен сиздин сүрө­түңүздү көрүп, ырларыңызды угуу менен бирге жаным жай алгансыйт. Мен сиздин сүрөтү­ңүздү карап отуруп, сиз менен жашап жаткан бактылуу айымга көз артып суктанчу болдум. Бирок, көрө албастык кылып кызгангым келбейт. Анткени, сиздин бул жашоодо бактылуу болушуңузду каалаймын. Сиз бактылуу болсоңуз, мен да бактылуумун. Бул дүйнөдө сиз бар үчүн мен чексиз кубанычтуумун.

Сизди сүйгөн М...

«САЙКАЛ, КАЙСЫ БАКТЫЛУУ ЖИГИТТИН
БАКТЫСЫНА ЖАРАЛДЫҢ ЭКЕН?!»

Сайкал, «Сүйүүнүн бир сааты бүтүндөй бир өмүр» дегендей, сени менен бир саат болбосо да, бир мүнөт сүйлөшкөнгө зармын. Сен мукам үндүү, көкүрөгү тунук, таланттуу, азыркы муундун популярдуу ырчы кызысың. Сени алгач теледен көргөндө жүрөгүм толкуп кеткен. Ырдап жаткандагы назик үнүң, келишимдүү келбетиң, ай чырайлуу жүзүң мени арбап алган. Сен жөнүндө не деген ойлорго, кыялдарга батпадым. Сендей кызды жаратып койгонуна жаратканга миң мертебе ыраазымын. Мен сенин өмүр бою ырыңды уксам да эч качан тажабайт элем. Эх, Сайкал, деги сен кайсы бактылуу жигиттин бактысына жаралдың экен?

Болот

«САМАРБЕК, МЕН ООРУП КАЛСАМ ДОКТУР БӨЙРӨГҮМДӨН ТАШ, АЛ ЭМИ ЖҮРӨГҮМДӨН СИЗДИ ТАБАТ БОЛУШ КЕРЕК»

«Сема» тобундагы Самарбек байке, балким, сиздин жүрө­гүңүз бош эместир, бирок, мен сизди сүйөм. Мен сизсиз жашоону элестете албаймын, азырынча сиздин барыңызга каниет кылып жүрөм. Мен сизди алгач сахнадан көргөдөн бери сиз менин жүрө­гүмдө жашап келесиз. Ушунча көп жылдыздардын арасынан бир гана сизди тандагам. Мен ооруп ооруканага бар­сам, доктур бөйрөгүм­дөн таш, ал эми жүрөгүм­дөн сизди табат болуш керек. Менин сизге кааларым, бул жашоодо алган жарыңыз менен бактылуу болуңуз.

Элиза

«САПАР, АСМАНДЫН БЕТИН ЖЫЛДЫЗ ЭЭЛЕГЕНДЕЙ, МЕНИН ЖҮРӨГҮМДҮН БААРЫН СЕН ЭЭЛЕП АЛГАНСЫҢ»

Мен кыргыз элинин сүйүктүү ырчы жигиттеринин бири «Атага кат» деп ырдаган Сапарды чексиз сүйөм. Сапардын мукам үнү, келишимдүү келбети менин жүрөгүмдү ээлеп алган. Мен Сапарды көрбөй калсам сагынам, негедир өзүмчө эле кыйналып, ыйлагым келе берет. Сапарсыз жашоо жоктой. Сапар, сен менин караңгыда жарык берген айымсың, ысыкта көлөкө бере турган багымсың. Асмандын бетин жылдыз ээлегендей, менин жүрөгүм­дүн баарын сен ээлеп алгансың. Эмне дейин, арманымды айта бергенде пайда жок, андан көрө иштериңе ийгилик каалайын. Жаным, мен өзүңө жолугуп, сага болгон тунук ак сүйүүмдү билдиргим келет. Ошондо гана мен дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардын бири болоор элем. Жашоонун кызыгы сүйүүдө, а мен үчүн жашоонун кызыгы Сапарда.

Алина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aminali
2010-10-05 02:59:19
Kandai gana tattu sozdor,jagumduu sezimder-
0
№ 224, 16-22-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан