АРСЕНДИН КОНЦЕРТТИК ЗАЛЫН КҮЙӨРМАН КЫЗЫ БРОНДОП АЛГАНБЫ?
Концерттин аталышы – "Арсен шоу-концерт"
Концерт өткөн күндөр – 17-18-май
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 19:00 (18-майда 1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы
Мыкты номер – "Чувства мои"
Алып баруучу – Санжар Мыкыев
Билет баасы – 250-700 сом
Арсендин ырдаганына кафе-ресторандарда ырдап жүргөн кезинен бери кызыккандыктан, жеке концертине жетип бардым. Кыргыздын концерттери деги эле убагында башталбай, зарыгып күттүрөт. Андан тажап бүткөн жаным жарым саат кечигип бардым. Кирип эле залда отурган бирин-серин элди көрүп дендароо боло түштүм.
Сахнага көз чаптырсам укмуш жасалыптыр. Өткөндө ырчы гезитке берген маегинде "шоу-концерт берүүгө чуркап жүрөм" деп бекер айткан эмес экен. Кара фон, музыканттардын сөлөкөтү түшүрүлгөн декорациялар, түрдүү жарыктарга толгон сахнанын көркүнөн көзүм ачылды. Арсендин бул мээнетине "бали!" гана деш керек.
Орун алып, көрүүчүлөрдү Арсенден кем калбай эле акыйып күтүп отурдум окшойт. Кечиккенди адатка айлантып алгандар шашпай келе башташты. Сааттын жебеси 20:00дү какканда күйөрмандар кол чаап "Арсен, чыкпайсыңбы!" дегендей болушту.
Ушуну эле күтүп тургансып залдагы жарыктар өчүп, бас гитаранын катуу добушу жаңырып, үч бурчтуу декорация ачылып, тепкичтен секирип Арсен чыкты. Көрүүчүлөрдүн көбү кыздар экен. Чыйылдап эле кыйкырып калышты. Шоу-концертин "Тагдырың сага жазганда", "Арманым" аттуу ырлары менен ачты. Үнү такшалганын ушундан билиңиз, Денис Колючий баштаган музыканттардын, бэк-вокалисттердин коштоосунда жандуу үн менен гана ырдады. Ар бир ырын толгон-токой бийчилер коштоп турду. Ортодо бийчилер улан-кыз болуп бөлүнүп таймаша да кетишти. Бир маалда кайра жарык өчүп, Арсенден кем калбай элдин көңүлүн буруп сахнада Санжар Мыкыев пайда болду. "Мен "тиги ырчыны тосуп ал, муну тосуп ал" деп улам чыгып башыңарды оорутпайм. Арсен кийим алмаштырганча эле алаксытып турам" деп бир жылмайтты. Сөзгө тапан алпаруучу "Эмнеге эл аз деп турасыңарбы? Арсенди жакшы көргөн бир кыз экинчи кабаттан 700 билетти өзү жалгыз сатып алыптыр" деп боорду эзди.
2 мүнөткө жетпей Арсен бир жеңи чолок кийим кийип чыкса, анда жанымда отурган кыз курбусуна "апам муну көрсө "ай, өлүгүңдү көрөйүн, бул эмнеси, ыя?! Ит-мышыктын таландысында калганбы?" деп чочумак" деп күлүп калышты. Анткен менен Арсенге бул формасы деле жарашат экен. Жалпы жонунан концерт мыкты деңгээлде өттү. Эл "кол чаап коюңуздар" деп суранткан да жок. "Чувства мои" деген ыры концерттин көркүн ачкан чыгарма болду. Бул ырды чогуу ырдап, термелип бийлеп көңүлдүү отурган элге ырчы жигит ыраазычылыгын билдирди. Акыркы ырын аткарып бүтүп көпкө чейин жүгүнүп турган Арсен дагы бир ирет ичти жылытып койду. Концерттен чыгып, ырчынын "Чувства мои" деген ырын кыңылдап ырдап үйгө жөнөдүм. Концерт жакшы маанай тартуулады.
Толик сынчы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
мага Арсендин бардык ырлары жагат башынан бери.
Ушул ХХХ ээч жоголбос болдуго Арсен, омуру жакпайт, ырынын бирдп маниси жок деги озуно жа жакааса керек, эптеп озун алаксытып журотда ырчымын жеп алдап. Европейский ырдайт имиш, бунун ырын европалыктар деле тушунбойт, аааа, уууу, дуууу деп эле Кыргызстанда чокусуна европейсикйби? ХХХ ХХХ.
Кыскасы Сиезбек,Кайрат принбедиев учоон суйлошуп ырдабай эле, ХХХ
Djumaev0mur, далилсиз маалыматтарды жазууга, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Djumaev0mur,сен жазган Примбердиев конкурстарга катышып, эл намысын коргоп журот. Биринчи тура жазганды уйронсон болмок "Сиезбек, принбердиев" дебей.
Жакшы сындалбай калган гоо..... Демек жакшы деле болгон эмес, 700билетти алган кыз акылы ордунда болду бекен, сүйүүсүн башка нерсе менен билдирсе болмок экен....
Арсен мага да жакпайт корсом эле жиним келе берет
Арсендин уну сонун. Мага жагат. Арсен окуган болсон иштерине ,чыгармачылыгына ийгилик. Дагы коп клип,ырларды кутобуз.
Арсен Алга! Түшүнбөгөндөр сүйлөй беришет, өзгөчө стиль бар! Баары эле той ырчылары болуш керек эмес да, ийгилик сага!
Арсен Баракелде!!!Ото жогорку денгелде жана ото Сапаттуу отуптур концерти !!!Арсен Алга!!!
Супер инфо Качан Арсендин концертин жукиойсунор ??рахмат .Арсенден маек алгылачы
Арсен действительно все на высшем уровне ,вокал 100%,живой звук 100%,оформление сцены 100%,Ты настоящий артист,который любит и уважает цену !!!!)Арсен продолжай в том же духе ,ты молодец ,У тя бархатный голос и особый свой стиль !!!Арсен мы тя любим!!!
Арсен красавчик так держать! Кичине той ырчыларынан озгочолонуп,изденип турат,кичине таланттарды баалай билсек! Ошол той ырчыларын катуу сындабайсынарбы ушунчалык экенсинер! Сындагандын да этикасы болуш керек. Анан 200 долларга плагиат музыканы жаздырып алгандар оздорун ырчы десе кызыктай болосун... Нурлан Н. Гулжигит Сатыбековдор тойдо ырдашса да алар дагы изденип репертуарын жогорулатып,сапаттуу той жана эстрада ырларын чыгарат мен аларды баалайм!!
RespecT, провокацияга жол жок. Этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
admin_superstan,Провокацияга жол жок болсо ,Анда Djumaev Omurго бан жарыялагыла,
Жандуу ун менен ырдаганы жакты.
Арсен чыныгы ТАЛАНТ! Жандуу ун менен ырдагандан тышкары,обон чыгарып , соз жазат!Автордук "Чувства мои" деген ырын азыркыга чейин угам.
Ийгилик жана Ильхом каалайм Арсен мырзага!
Концерт сонун болду! Барбай эле сындай бергендерге тан калам(Ушу силерге эптеп 2 -3 ыр м-н сахна жасалгасы жок,эч даярдыгы жок, концерт берген жагат окшойт!)))
Ырлары соонун. Бирок мурда жонокой болчу азр кичине озгорулуптур бир майегинен кийин озгоргону билинди
"Менин ырларымды жалан гана шаардыктар угат жана тушунот" деп. :-)