ОРОЗОДО КАНДАЙ ТАМАК МЕНЕН ООЗ АЧУУ ЖАНА БЕКИТҮҮ КЕРЕК?

Быйыл орозо жылдын эң узун күндөрүнө туш келди. Алсак, 19-24-июнь күндөрү ооз жабылуу мөөнөтү 17 саат 50 мүнөткө чейин созулат. Күндүн узактыгынан сырткары эң аптаптуу аба ырайында орозо кармап жүрүү адамдын организми үчүн да, анын эрки үчүн да чоң сыноо. Мындан улам ооз жабууда кандай тамак жесе курсакты ток кармайт, кайсы тамак менен оозду ачса ден соолукка пайда жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

Орозо учурунда туура тамактануу боюнча Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков төмөнкүлөргө токтолду:

КАНДАЙ ТАМАК МЕНЕН ООЗДУ ЖАБУУ КЕРЕК?

– Медицина орозо кармоону толугу менен колдойт. Анын адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Илимий көз карашта орозо кармаган адам ар түрдүү оорунун алдын алчу иммунитетти калыптандырат. Пайгамбарыбыз "Саарлыкты жегиле. Анда береке бар" деп айткан. Орозо кармап жаткан адам оозду жабар учурда күндүзү чаңкатпай турган тамак менен азыктанышы керек. Ошол эле учурда мурунку жеп жүргөн тамактануу тартибин бузбаганы дурус. Ар кимдин шарты ар түрдүү болгондуктан, бир тамакты сунуштоо туура эмес. Андыктан өтө туздуу, майлуу эмес, куурулбаган жана эскирбеген тамактардын баарын жесе боло берет. Уйкудан тургандан кийин ач карын бир стакан суу ичип алган оң. Кийин гана тоюп тамактануу туура болот.

КАНДАЙ ТАМАК МЕНЕН ООЗДУ АЧУУ КЕРЕК?

– Учурда көпчүлүк адамдарды чакырып ооз ачар уюштуруу көп кездешүүдө. Анда жөнөкөй тамактарга караганда оор, аш болушу кыйын тамактар көп коюлат. Мындан улам эттүү, куурулган, майлуу тамактарды ач карын көп жеп алып, жүрөгү иштебей, ашказаны жабыркап, өтү кыйналып ооруканага адамдар көп түшөт. Орозо учурунда адам тамак жебей жүргөндөн сырткары өзүнүн ооз жапкандагы жана ачкандагы тамактарына көңүл буруусу абзел. Ооз ачып жатканда алгач суу же жашылча, жер-жемиштер менен баштоо керек. Андан жарым саат өткөн соң калориялуу тамактарды жегени оң. Эн негизгиси тамактануудагы мурунку тартибин бузбоосу керек. Күнү бою суу ичпей жүргөндүктөн ооз ачарда жөнөкөй сууга караганда суюк тамактарды ичсе денеге кубат болот.

Орозонун негизги эрежелери боюнча муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Акжигит Көкөев төмөнкүлөргө токтолду:

ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛБАЙТ?

  • Унутуп жеп же ичип алган учурда, же кокусунан түтүн, чаң жутуп алса, же тамагына чымын-чиркей кирип кетсе;
  • Унутуп жубайы менен жакындык кылып алса;
  • Жалгыз болуп, таңдайдан өткөзбөстөн тамактын тузун көрүп, кайра тилди суу менен чайкап салса;
  • Ден соолугуна байланыштуу сайылган уколдон.

ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛАТ?

  • Атайылап тамак-аш жеп алса же суусундук ичсе;
  • Түгөйүнө атайын жакындык кылса;
  • Чылым же насыбай чексе;
  • Тил менен күнөө иш кылса (сөксө, урушса).

Быйыл орозо айында берилчү битир-садаканын баасы киши башына 30 сомдон туура келет. Башкача айтканда, 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Мындан сырткары 1 килограмм 600 грамм ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма берсе болот.


ОРОЗО КАЛЕНДАРЫ

Көрсөтүлгөн убакыт Бишкек шаарына жана Чүй облусунун аймагына тиешелүү

Эскертүү: Орозо айы Айдын чыгышына карап бир күнгө эрте башталышы мүмкүн.

Кыргызстандын аймактарындагы убакыттын Бишкек шаарынан жана Чүй облусундагы аймактардан айырмачылыгы:

Каракол – 10 мүнөт эрте
Балыкчы – 5 мүнөт эрте
Нарын – 6 мүнөт эрте
Талас – 8 мүнөт кийин
Ош – 12 мүнөт кийин
Чоң-Алай – 17 мүнөт кийин
Токтогул – 10 мүнөт кийин
Жалал-Абад – 15 мүнөт кийин
Кадамжай – 20 мүнөт кийин
Чаткал – 25 мүнөт кийин
Баткен – 25 мүнөт кийин
Исфана – 30 мүнөт кийин

Кадыр түн – 21-июндан 22сине караган түн,Орозо айт – 26-июнь, Курман айт – 1-сентябрь
Эскертүү: Орозо айт, Курман айт жана Кадыр түн Айдын чыгышына карап бир күнгө эрте болушу мүмкүн.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Kanaym
2017-05-29 16:48:43
Ин Ша Алаах айтканыныздар келсин...Орозо кармоого ар Мусулманга Аллахым сабыр берсин
+1
Girl1996
2017-05-29 16:55:37
Орозоңуздар, окуган намазыңыздар кабыл болсун туугандар
+1
molorbaev
2017-05-29 18:27:33
Орозонор кабыл болсун!
+1
Haanykei
2017-05-29 23:57:12
Орозонуздар кабыл болсун момун мусулмандар!
+1
aitieva00
2017-05-30 03:18:44
Ооз ачуу,жабуу календарын кайдан тапса болот Москванын сааты менен?
0
aitieva00
2017-05-30 03:19:04
Орозонуздар кабыл болсун?
+1
kilim
2017-05-30 08:42:06
Орозонуздар кабыл болсун
+1
Aikan1966
2017-05-30 11:22:45
орозонуздар кабыл болсун!
0
MIRBOLOT
2017-05-30 12:08:45
Рамазан айынын башталышы менен бүт мусулмандарды куттуктаймын! Орозо кармагандардын орозосун АЛЛАХЫМ кабыл кылсын!
+1
aizulya
2017-05-31 14:17:30
Мен кичине ооруп аттым эле ,шилекей какырык коп чыгып атат,ошону жутсам болобу?же орозо бузулабы?
0
ekaterinburg
2017-06-03 16:26:18
aizulya,тезирээк айыгып кет ылайым.Озундун тукуругун боло берет жутсан.Бирок какырыкты кантип жутасын дейм да)
0
Uhtishka.
2017-05-31 19:04:57
Аллах, баарыбыздын туткан орозобузду кабыл кылсын.Амин.
+1
ayka96
2017-05-31 23:32:41
18 саат аз элего. Менде азыр 20 саат аралыгы.
0
Bolya8892
2017-06-01 03:22:08
Учурда Москвадабыз. Бул жакта аралыгы 29 саат болуп жататко
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-06-03 21:27:49
Bolya8892,бир суткада 24 саат болмо аралыгы кандайча 29 болот. Менимче 19 деп жазмак олушунуз керек
0
Jaku2017
2017-06-22 15:00:31
Bolya8892,Кудай сактаа,математика сабагы жакчу эмес окшойт э мектепте
0
Bolya8892
2017-06-01 03:23:00
Бизде 19 саат аралыгы Москвада
0
BakytAliev
2017-06-03 16:43:02
Бизде 31 саат болтат. )) жазат десе эле жаза берет экенсинер да а
0
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан