Маалыматтарга караганда, Орусиянын борбору Москва шаарында эле кыргыздар ачып иштетип жаткан отуздай спорт зал бар. Бул спорт залдарда машыгып, Кыргыз желегинин алдында мелдештерге чыгып, байгелүү орунду алып жүргөн мекендештерибиз көп. Көпчүлүгү күндүзү оор жумуштарда иштеп, жумуштан соң спорт менен машыгышат. Москвага болгон иш сапар учурунда мына ошондой спорт клубдардын бирине барып, таанышып кайттык.
"ЖАШТАРДЫ ЖАКШЫ ЖАККА ТАРБИЯЛАГЫМ КЕЛИП СПОРТ КЛУБ АЧКАМ"
Нургазы Амиракулов, "Айкөл Манас" спорт клубунун негиздөөчүсү:– Үй-бүлөм менен көп жылдан бери Москвада жашайм. 3 балам бар. Өзүм 22 жылдан бери спортто жүрөм. Окуучу, студент кезимде эле бокс, кикбоксинг боюнча эл аралык мелдештерге катышып жүрчүмүн. 2001-жылы турмуш мени Москвага алып келди. Бул жакта жүрүп деле спорт менен машыгып, беттештерге катышып жүрдүм. 2007-жылы көчөдөн катуу жаракат алып, дарыгерлер андан ары спорт менен машыгуума тыюу салды.
Өзүм билгенди башкалар менен да бөлүшүүнү кааладым. Ошондуктан спорт клуб ачып, жаштарды жакшы жакка тарбиялагым келди, бирок каражат жок эле. Ошол убакта фитнес клубда кармашып урушуу боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүргөм. Ал жерде иштеп жүргөндө машыгууга келип жүргөн Ринат деген улуту татар жигит менен таанышып, кийин дос болуп калдык. Бир жолу ага спорт клуб ачкым келип жүргөндүгүн, бирок акча жок болуп жаткандыгын айтсам, ал колдоо көрсөтүп жардам берди. Ошентип 2008-жылы 1-апрелде спорт клуб ачтым. Ачылган күнү эле машыгууга 30 адам келди. Андан бери биздин клубдан ар кандай эл аралык мелдештердин, Кыргызстандын, Азиянын, Евразиянын Дүйнө чемпиондору чыкты. Алардын баары Кыргыздын атын чыгарып, желегин көтөрүп жүрүшөт.
Биз спорттун кармашып урушуу, күжүрмөн самбо, жиу-житсу түрлөрү менен машыктырабыз.
"БИР ДА СПОРТЧУБУЗГА СТИПЕНДИЯ ТӨЛӨНБӨЙТ"
– Спорт криминал дүйнөсүнө жакын болот, ошондуктан аймактардагы спорт залдарга машыктыруучулукка криминалга аралашпаган, спорт деп күйгөн, түшүнгөн жигиттерди койгонбуз. Бизде машыккан жигиттердин бирөө-жарымы криминалга аралашканын угуп эле калсак, четтетип салабыз. Спорт менен криминал дүйнөсү дос боло албайт.
Спорт менен бизнес жасабайм, спорт – мен үчүн жашоо. Бул жерде иштеп жүрүп байып кеткен жокмун, башка да иштерим бар, ошол менен нан таап жеп жатам. Спорт клубду түптөгөндөн кийин анын тарыхта жакшы ат менен калышын каалайм. Алыстан туруп Кыргызстандын атын чыгарып жүрөбүз.
Мелдештерде жеңүүчү болуп, медаль тагынган бир да спортчубузга мамлекет тарабынан стипендия төлөнбөйт. Буюрса, Кыргызстанга барып жашап калсак, чет өлкөлөрдө Кыргыздын атын чыгарып жүргөн, чемпион болгон жигиттерибизге мамлекет тарабынан стипендия чыгартып бергенге аракет кылабыз. Эгер мамлекет тарабынан кичине көңүл бөлүнсө, алардын демине дем, күчүнө күч кошулмак деп ойлойм.
"МЕКЕНИБИЗГЕ ӨЗ САЛЫМЫБЫЗДЫ КОШКУБУЗ КЕЛЕТ"
Кылыч Пазылов, "Айкөл Манас" спорттук клубунун машыктыруучусу:– Москва шаарында 3, Санкт-Петербург, Тюмень, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында бирден машыгуу залдарыбыз бар. Азыр биз машыгуу өткөрүп жаткан залыбыз эң чоңу, мында 100дөй спортчу машыгат. Кээ бир залдарда 30-40 бала машыгат. Машыгып жаткандар бизге акча төлөбөйт, спорт залдын ижара акысын гана ортодон төлөйбүз. Мен өзүм машыктыруучулуктан сырткары бир фирмада айдоочу болуп иштейм. Талаада жүрсөк да мекенибизге өз салымыбызды кошкубуз келет. Мелдештерде жеңген учурда Кыргыздын желегин көтөрүп жүрөбүз. Бул аз да болсо мекенибиз үчүн кошкон салымыбыз деп эсептейм.
"КҮНҮ-ТҮНҮ СПОРТ МЕНЕН МАШЫГЫП ЖАТАМ"
Бул клубдун дагы бир тарбиялануучусу Рыскулбек Ибрагимов кармашып урушуу боюнча 2 жолку Дүйнө чемпиону жана Дүйнө кубогунун ээси:– Мен 1992-жылы Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөм. 5 бир туугандын ортончусумун. 2011-жылы Москвага жумуш издеп келип, 3 жыл курулушта иштеп жүрдүм. Москвага келерим менен эле "Айкөл Манас" спорт клубунда машыгып баштагам. Кылган мээнетимдин акыбети кайтып, кармашып урушуу, күжүрмөн самбо, ММА боюнча көптөгөн ири мелдештерде жеңүүчү болдум. Учурда күнү-түнү спорт менен машыгуудамын. 22-майда ММА боюнча Азия чемпиондугун багындырып, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алдым. Буюрса, аны да утам деп үмүт кылып жатам.
"МЕКЕНИБИЗДИ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКЫМ КЕЛЕТ"
Ушул жылдын 6-7-майында Москва шаарында өткөн панкратион боюнча Дүйнө кубогунда 64 килограмм салмак ченинде Кылыч Садирдинов алтын медаль тагынды:– Мен 1996-жылы Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында төрөлгөм. 9-класска чейин кыргыз күрөшү менен машыккам. Андан соң Ош шаарындагы технологиялык колледжде окуп жүргөндө бокс, кикбоксинг менен машыгып, мелдештерге катышып жүрдүм. 2015-жылы Москва шаарына иштөө үчүн келип, иш менен кошо спортту алып кеттим. 2016-жылы ноябрь айында кармашып урушуу боюнча Азия чемпиону болдум.
Өзүм курулуш каражаттарын саткан базарда жүк түшүргүч болуп иштейм. Эртең мененки 8ден кечки 6-7лерге чейин жумуш, андан соң бул жакта машыгам. Эртеден кечке оор жумуш кылып, андан соң спорт менен машыгуу өтө оор. Кээ бирлери чыдабай машыгууну таштап салышууда.
Мелдештерге барганда кетчү каражаттарды көбүнчө өзүбүз, кээде машыктыруучубуз же демөөрчү агаларыбыз төлөп берет. Келечекте Кыргызстандын желегин желбиретип, мекенибизди дүйнөгө тааныткым келет.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg