"Айчүрөк эже мени наным деп айтат. Ошондуктан жолдошума нанымды тартып алдың деп доомат кылган. Мени товар катары көрөт, менден чоң пайда түшүүсүн каалайт. Оюндагысы болбой калды, бирок жардам берип жаттык. Ал деле эже үчүн аздык кылып жатат",- деп SUPER.KG порталына келип, түз эфирден көрөрмандардын суроолоруна жооп берген ырчы Анжелика Бекболиеванын маегин баяндайбыз. Белгилей кетсек, бул түз эфирге Анжеликанын устаты Айчүрөк Иманалиева да чакырылган. Бирок кандайдыр бир себептерден улам келген жок.
– Саламатсызбы, Анжелика? "Махабат көлүн" Айчүрөк эженин аткарганын жакшы билесиз. Болгону бир кездеги устатыңызды кантип бурчка такаштын жолун билип туруп ырдап чыктыңыз. Болбосо миң эмес, миллиондогон ырлар бар. Айчүрөк эженин эмес, башка ырчылардын ырларын аткарып чыксаңыз деле болмок да?..
– Сурооңузга чоң рахмат! Бул ырды Элиза Ажибаеванын аткаруусунда угуп жүрчүбүз. Жолдошума жаккан ырлардын бири болгондуктан, кээде кыңылдап ырдап койчу. Анан жолдошума күтүүсүз белек кылайын дегем. "Махабат көлү" ырынын автору Марат Алыбаевдин иниси Болот байке "Бул Марат агамдын ыры, дагы көптөгөн жакшы ырлары ырдалбай калган" деди. "Сен эми автордук укукту ала албайсың. Каза болгон кишиде кала берет. Бул ырдын 7-8 аткаруучусу бар, арасында Айчүрөк эжең да бар. Ал 1989-жылдары ырдап чыккан" деди. "Айчүрөк" эстрада тобуна келгенде эженин "Махабат көлүн" аткарганын уккан эмесмин. Мен билбей калыптырмын, бул үчүн кечирим сурайм. Бир чети ырдын автору Айчүрөк эже болбогондуктан уруксат сурагым келген жок. Эгерде сөзү, обону эжеге таандык болсо, анда уруксат сурамакмын. Бүгүнкү күнгө чейин эженин бир дагы ырын уруксатсыз аткарган эмесмин.
Өзүмдүн жеке концертимде "Ак гүлдөр", "Эжекемдей боломун", "Жөжөлөрүм" деген ырларымды кыздарым аткарып чыгышты. Ошол концертиме эжени ардактуу конок кылып, тизе бүгүп ийилип ыраазычылыгымды билдирейин деп чакырсам келбей койгон. "Алгачкы сүйүү", "Назданып", "Сырдуу жигит" деген ырларды мен жаздырып бергем, акча коротком" деп ырдаганга укук бербей койгондо, эжеге "Бул ырларды элдер менин аткаруумда билишет, репертуарыма кошоюн" десем, "мага кеткен чыгымдарды төлөп, ырдай бер" деди. Отуруп алып ар бир ырга кеткен акчаны эсептегенбиз. 10 жылдын ичинде Айчүрөк эже мага 10 чакты ыр жаздырып бериптир. Ар бир ырдын орточо суммасы 20 миңден деп эсептеп, 200 миң сом берип, ырларымды сатып алгам.
– Сиздин атыңызды чыгарган, өзүңүздүн энеңиздей эжеге кол көтөргөнүңүз, "балдарыңды өлтүртөм" деп коркутканыңыз айтылган эле. Эгер чын болсо, Айчүрөк эженин жакшылыгын унутуп, жакшылыкка жамандык менен жооп бергениңиз туура эмес го...
– Ал ишти кылгандар кармалган. Ошол иштен кийин эже менен чогуу Ошко гастролго барганбыз. Концерттен чыгып "Эже, сиз бардыгын менден көрдүңүз эле. Керек болсо баарына "Анжелика сабаткан" деп айткансыз. Чындык бир күнү ачыкка чыгат экен" десем, "Ооба, мен да сенден көрүптүрмүн. Карачы, элдер бизге эмне гана кылышпайт? Экөөбүздү элдер уруштурду" деп эне-баладай ыйлаганбыз. "Кармалгандарды чыгарбаңыз, элге ачыгын айтып чыгалы" дегем. Тергөөчүлөр да жакшы иштешкен. Чындыгында, "ушундай кол салуу болуптур" дегенде ишенген эмесмин. Анткени 2-3 күндөн кийин Айчүрөк эженин тойлордо ырдап жүргөнүн көргөм. Чындыгында, коркутуу болуптур. Мага деле кол салуу болуп, муунтушуп, подъездде жатып калганымда "өлүп калды" деп телефон аркылуу орус тилинде сүйлөшкөн. Бирок мага болгон кол салуу, коркутууларды ким жасатып жатканын билсем дагы айтпай келем. Бирөөнү "ушул кылды" деп күнөөлөгүм келбейт. Себеби ар бир кылган ишиңе жооп бересиң.
– Мухтар Өмүракунов менен болгон мамилеңизди бир гана Айчүрөк эже эмес, шоу-бизнестегилер деле айтып жүрүшчү. Бүгүн ошол кептерди чын же калп деп чекит коёсузбу?
– Шоу-бизнесте ким айтып жүргөнү тууралуу далил керек. Анткени буга чейин ким айтып жүргөн болсо, ошол инсан айтып жатат. Мен жөнүндө ушактарды таратып, жамандаган бир эле адам бар. Каза болгон, чет өлкөгө качып кеткен кишилерди да байланыштырыптыр. "7-8-классында каза болгон киши менен сүйлөшкөн" деп жазыптыр. Бирок ошол кезде мени тааныштырган ким эле? Жашы 18ге чыга элек кызды кандай максатта улуу кишилер менен тааныштырып, ошондой кишилер менен унаанын ичине калтырып коюп, көп тузактарды уюштурганга аракет кылган. Ыраматылык Мухтар байке "карындашым, чыгармачылыгыңа жардам берем" деген ыйманы күчтүү киши эле. Албетте, жардамды Айчүрөк эжеге берген. Анткени байкени эженин жакшы санаалаштары катары билчүмүн. Дайыма бири-биринин үйүнө барып, чай ичишип жүрүшчү. Айчүрөк эженин үй-бүлөсү бар, бирок эмнеге ушундай сөздөрдү сүйлөдү билбейм. Назми эжени да кошуп кетиптир. Ал эжеге "Мухтар байке менен сүйүү жөнүндө сүйлөшүптүрмүн. Ушундай болду беле?" десем, "Билбейм, Айчүрөк эже телефонун сага сунуп, "сүйлөшүп койсоң" деген. Анан менин бутума тээп "карасаң, тигинин чоң болуп сүйлөшүп жатканын" деди. "Ким менен?" деп сураганда "Мухтар байкеси менен" деп айткан" деди. Москвадагы гастролубузга Мухтар байке демөөрчү болуп, Назми, Сапар Сопубеков болуп барганбыз. Бирок Мухтар байкенин мага болгон сүйүү мамилесин байкаган эмесмин.
– Анжелика, мен сиздин чыгармачылыгыңызды, өзүңүздү сыйлайм. Мен билгенден сиз 5-6 иш менен алектенесиз. Күн сайын ошол иштерди көзөмөлдөп туруш керек. Кантип жетишесиз, энергияны кайдан аласыз?
– Үй-бүлөгө, чыгармачылыкка, окууга, ишке жетишкенге мени бышырган Айчүрөк эже. Ырдаганды үйрөтпөсө дагы активдүү болуп, жашоого бышык болгонго үйрөттү. Терең ыраазычылык. "Көптөгөн ушактар болот, алдыда сени бир сөз менен сындырып, өлтүргүсү келгендер болот. Эч нерсеге карабастан алдыдагы максатыңа карай түз кетишиң керек" деп бизге сабак берген. Айчүрөк эже "менин кызым" деп тааныштырчу, анан кээде мени сахнага чакырганда Иманалиева деп кошуп коюшчу. "Атасы жок" деп, байкуш кылып көрсөтүп, "чыгармачылыгына жардам кылып койгула" деп акча алган күндөрү болгон. Бул сөздөрдү укканда ата-энем жаман акыбалда болушту. Айчүрөк эже мени курал катары колдонду. Анын жанында жүргөндө өзүмдү ырчы эмес, буюм катары сезип кетчүмүн. Турмушка чыкканда жолдошума "Сен менин нанымды тартып алдың, мени өмүр бою бак" деп доомат кылган.
– Айчүрөк эже мыйзам алдында жооп бериши керек дедиңиз. Ошондо аны сотко бересизби?
– Муну убакыт көрсөтөт. Адамды аша чаап каралаганда, аброюна шек келтиргенде ар бир сөзүнө жооп бериш керек. Бул Айчүрөк эжеге эмес, ар бир инсанга тиешелүү.
Анжелика Бекболиеванын апасы Гулина айым: «АНЖЕЛИКАНЫН ЖАШТЫГЫН ПАЙДАЛАНЫП АКЧА ТАПКЫСЫ КЕЛГЕН»– Анжелика "Айчүрөк" эстрада тобуна кантип келип калганы тууралуу баяндап берейин. Анжелика Бишкектеги М.Абдраев атындагы музыкалык жатак-мектептен 1-классты бүтүп, жайкы эс алууга келген болчу. 5-6-августта азыркы "Кырк-Чоро" кинотеатрына Айчүрөк Иманалиева концерт коюп сынак өткөргөн, анда Анжелика да катышкан. Эртеси "кызыңыз сынактан өттү" деп куттук айтып келишти. Ошентип 8 жашынан тартып 17 жашка чейин май айында мектептен алып кетип, сентябрдын аягында кайра мектепке жөнөтчү. Көргөндөр айтып эле жүрдү "кызыңыз каралган жок, эл тебелеген жерде уктап калат" деп. Баланын эмгеги деген нерсе бар, бирок мен муну талап кылган эмесмин.
Бир жолу ангинасы кармап, дене табы көтөрүлүп жаткан. "Тамагы ооруп жатат, кантип ырдайт?" десем, "Ой, фонограмма менен ырдайт. Эл билип коюптурбу?" деп алып кетип калган. Фонограмма менен ырдатып, элди алдаган ким? Үнү жок болсо кызымды эмнеге алып жүрдү? 1-2 жылдан кийин "үнү ачылбай койду" деп кетирип койбойт беле? "Жакшы ырдайт, сонун ырдайт" деп элди алдап жүрдү да?
Маркум Мухтар Өмүракунов тууралуу айтып жатат. Мен бул маркумдун атын атагым келген эмес. Айчүрөк сөөгүн козгогондон кийин баарынан кечирим сурап, айла жок айтууга туура келип жатат. 7-8-класстагы кызды чоң киши менен сүйлөштүргөн ким? Өзүнүн номери менен ар кимге чалып "сен сүйлөшүп койчу" деген ким? "Экинчи энесимин" дейт, анда чоң кишилер менен сүйлөштүрбөй тыйып койбойт беле? Москвага барганда Анжеликаны Мухтардын бөлмөсүнө киргизип, өзү башка бөлмөгө жайгашыптыр. Ошол кишинин ыйманын айт, жанына жаш кызды таштап кетсе да тийбегенине. Кандай максатта чоңдорго салып берип жатканы бештен белгилүү. Анжеликанын жаштыгын пайдаланып акча табайын деген.
Анжелика жол кырсыгына кабылганда Айчүрөк телефон чалып "Ассоль эжең келди, шашып жатыптыр. Эшикке өзүң эле чыксаң" дегенинен кызым "чыгып келейинчи" деп кеткен. Ошондо Урмат биздикине конокко келген. Бир убакта мага бейтааныш номерден бирөө чалып "Ушу кантип болсун?! Айчүрөк эже кара унаа менен келип, сыртта турат. Анжелика унаанын ичинде бир киши менен отурат" деди. Урмат эшикке чыгып өңү кубарып келди. Айчүрөккө чалсам албайт. Айлам кетип күйөөсү Таалайга чалдым, албай койду. Ошол күндөн баштап кызымды Айчүрөккө жолотпойм деп сөз бергем. Айчүрөктүн ой-максаты кир экенин билгенде кызыбыздан айрылып калабызбы деп корктум. Ошон үчүн кызымды 18ге чыга элегинде турмушка узаттым.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg