Башкы прокуратура экс-депутат САДЫР ЖАПАРОВГО байланыштуу кылмыш ишин иликтеп бүтүп, сотко өткөрүп берди. Аталган маалыматты Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 2002-жылы туулган тургуну Нурдөөлөт Усупбеков ЧАГЫЛГАН ТИЙИП каза болду. Ал 18-майда жайлоого кеткен, жансыз денеси 21-майда табылган.
6 жыл ичинде Кыргыз өлкөсү менен Бириккен Араб Эмиратынын ортосунда 520,7 миллион долларлык товар алмашуу болгон. Бул тууралуу КЫРГЫЗ-АРАБ бизнес-форумунда экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Оштун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табият КЫРСЫКТАРЫНАН жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 23-майга карата 12 миллион 99 миң 100 сом чогулган.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары ФАРХАД БЕКМАНБЕТОВ кызматтан алынды. Аталган буйрукка 24-май күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бекманбетов "Ата Мекен" партиясынын атынан аталган кызматка барган эле.
25-май күнү АКЫРКЫ КОҢГУРОО майрамы республиканын 2238 мектебинде өткөрүлүп, 92 миң окуучу 9-классты, 62 миң окуучу 11-классты аяктады.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу сот отуруму 5-июнга белгиленди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
Өлкө боюнча 24-майдан 29-майга чейин нөшөрлөгөн жамгыр, тоолуу райондорго КАР ЖААШЫ КҮТҮЛҮҮДӨ. 26-май жана 28-29-май күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
2016-жылы 7380 бала КАТААЛ ТУРМУШТУК ШАРТТА жашап жатканы аныкталган. Анын ичинен 1558и ата-энесинин да камкордугунан ажырагандар. Аталган статистиканы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.
Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын 1-кварталында өлкө боюнча АВТОУНААЛАР үчүн 54 миң номер саткан. Аталган маалыматты мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков узакка созулган оорудан улам 24-май күнү 78 жаш курагында көз жумду. "Супер-Инфо" гезитинин жамааты Сапар Исаковго жана анын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg