УРУШ БЫЧАК САЙЫШУУГА ЖЕТКИРГЕН
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 2017-жылдын 26-май күнү Чүй облусундагы Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө бычактан жаракат алган белгисиз жаран аймактык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу ооруканага баргыча жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Маркум Чүй районунун Дөң-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну Урмат Бедалиев экендиги аныкталган. Бул кылмыш боюнча Чүй РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын тургуну, 1998-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран кармалган.
Иликтөө учурунда бул экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, ортодо уруш чыкканы аныкталган. Маркумдун 3 жерине бычак сайылып, ал алган жаракатынан улам каза болгон. Учурда бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
«ЭКСПЕРТИЗА ЧОҢ БЫЧАК МЕНЕН САЙЫЛГАН ДЕП ТЫЯНАК ЧЫГАРДЫ»
Маркум буга чейин Токмок шаарындагы унаа оңдоочу жайда иштеп жүргөн. Аны менен чогуу иштеген Тилек Көмүрчиев бул окуяга күбө болгон: – 26-майда түнкү бир жарымдарда биз жумушта болчубуз. Күндөгүдөй жумушубузду аткарып жатсак, тааныш жигиттер келип калышты. Алар менен сүйлөшүп отурганбыз, бизден кичүү жигитти Урмат чакырса, ал тил албай койду. Ошондо Урмат анын жанына барып «укпай калыптырсың» деп чаап жиберди. Биз арачыга түшсөк, «тийбегиле, мен өзүм сүйлөшүп алам» деп досум жанына бизди жолоткон жок. Ал жигиттер унаа менен келишкен болчу. Бир убакта бир жаш эле бала унаадан түшө калып, Урматтын башына темир түтүк менен чаап жиберди. Алар сыртты көздөй качканда мен башка чапкан баланы кууп жетип кармасам, «мен чапкан жокмун» деди. Ошол убакта Азамат деген жигит колумдан бошотуп, экөө качып кетишти. Анан Урмат унаага отуруп, «буларды айылдан кармайм» деп артынан кууп кеткен. Мен иштеген жердин эшигин жаап, жолго чыксам, Урмат мени күтүп жатыптыр. Ошол учурда жаныбызга бир машина келип токтоду, ичинде толо жигиттер бар экен. Алар мушташка даярданып келишиптир. Урмат өзүн башка чапкан баланы көрүп артынан кубалап жөнөгөн эле, ошондо бычак сайыптыр. Биз кайсы учурда сайганын, бычакты да көргөн эмеспиз. Кийин биздин жумушта жаткан кичинекей бычакты айтып, «өздөрү алып чыккан» деп жатышат. Ал бычак мына азыр да жаныбызда турат. Экспертиза болсо «чоң бычак менен сайылган» деп чыгарды. Буга чейин Урмат менен тигил балдардын ортосунда таарыныч, уруш-талаш болгон эмес.
«ЭКИ МҮНӨТКӨ ЖЕТПЕЙ БАРСАМ, БЫЧАК САЙЫП КЕТИПТИР»
Кайрат Шаршеналиев да окуянын күбөсү, ал маркумду ооруканага жеткирген:– Мен Тилек менен Урматты айылга ала кетейин деп иштеген жерине барсам, мушташ болгон экен. Урмат экөөбүз аны ургандардын артынан кубаламакчы болдук. Көчөгө чыгып, аялдамада Тилекти күтүп турсак, ал балдар машина менен келип биздин жаныбызга токтошту. Алар машинадан түшкөндө Урмат да унаадан түшүп, башына чапкан жигиттин артынан барды. Бир кезде экөө жолдун аркы бетине кубалашып кетишти. 2 мүнөткө жетпей артынан барсам, Урмат жолдун жээгиндеги карагайга сүйөнүп туруптур. Урмат «мени бычак менен сайып кетти. Ооруканага жеткир» деди. Дароо унаама салып ооруканага алып жөнөдүм. Үчүнчү кабатка көтөрүлгөндө ал «ата-энемден кечирим сурап койчу. Мага бычак сайган бала менен тигил дүйнөдөн сүйлөшүп алам» деди. Анан врачтар ага операция жасоо үчүн алып кирип кетишти. Жарым саат өткөндөн кийин Урматтын каза болуп калганын айтышты.
«БАЙКЕМДИ САЙГАН БЫЧАК ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ. СЫРДЫН БААРЫ ОШОНДО»
Ал эми маркумдун карындашы Каныкей Бедалиева «байкемдин өлүмүнө шектелип бирөө гана кармалды. Башка да адамдар болгон, эмнеге аларга сурак жүргүзүлбөйт?» деп нааразы:– Биз 3 бир тууган элек. Байкем үйдүн улуусу, биздин карманар тирегибиз болчу. Өзү үй-жайлуу, жубайы, 3 баласы бар. Ошол күнү ал иштеген жерде уруш чыгыптыр. Байкем Азамат деген менен урушкан окшойт, анын жанындагы бала байкемди темир түтүк менен башка чааптыр. Экинчи жолу жолдон жолугушканда байкем Азамат менен урушуп жатканда башка чапкан бала кайра бычак менен жүрөк тушуна эки жолу сайыптыр. Кабыргасынан бери кесип кеткенине караганда бул мал сойгон бычак окшойт. Бычак Калыс деген бала айдап келген унаадан табылган деп жатышат. Бирок ал тийиштүү адамдарга акча берип, ооздорун жаап жатат деп уктук.
Мени күйгүзгөнү, эмнеге бир эле бала жазасын алып, калгандары кутулуп кетиши керек?! Бул балдарды «баңгизат колдонуп жүрүшкөн» деген кептер бар. Азыр болсо баарыбызга табышмак болгон бычак табылбай жатат. Менимче, ошонун артында сыр бар. Ошол аркылуу окуя эмнеден улам болгонун жана ким жанына алып келгени табылат эле да.
«МЕНИ САБАП ЖАТКАНДА БЫЧАК САЙЫП САЛЫПТЫР»
Биз маркумдан таяк жеген Азамат аттуу жигит менен сүйлөшүү үчүн Чүй облустук ооруканасына бардык. Барганыбызда тергөөчү андан көрсөтмө алып жатыптыр. Анын башы жарылып, оң колу сынып, бөйрөк тушу менен буттары көк ала экен:
– Урмат байкенин «эмнеге жөн жүрбөйсүң?!» деген сөзүнөн уруш башталып кетти. Ал мени чаап жибергенде мага болушам деп бирөө аны темир түтүк менен башка чапкан. Урмат байке кийин кайра бизди кубалап барып, мени ушул абалга жеткиргиче сабап жатканда досум аны бычак менен сайып салыптыр. Ал учурда мен эсимди жоготуп койгондуктан, бычакты кайдан алганын билбейм.
«БАЛЫККА БАРАМ ДЕП КЕТКЕН БОЛЧУ»
Ал эми Азаматтын атасы Жумабек Мамытов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Балам айылда өздөрүнчө команда түзүп, футбол ойнойт эле. 25-майда да он жылдыктар футбол уюштуруп, анда да ойногон. Кечинде достору менен балык уулоого бармак. Андан ары эмне болуп уруш чыкканын билбейм. Мага 26-майда таңкы саат 5те бирөөлөр телефон чалып, «уулуңардын абалы оор. Азыр ооруканада» деп айтышты. Жандандыруу бөлүмү бош болбогондуктан, аны башка эле палатага жаткырып коюшуптур. Эртең мененки саат 10до гана эсине келди. «Эмне болуп кетти?» деп сурасам, «эмнеге саламдашпайсың?!» деген сөздөр үчүн таяк жегенин айтты. Балким, балам да кичүү болгонуна карабай катуу сүйлөп койгонбу, аны мен да түшүнө албай жатам.
Баламдын абалын өзүңөр көргөндөй оор, катуу сабалган, эртең (ред.: 31-май) башына операция жасалат. Азыр анын амандыгын тилеп жатам. Экспертизада каза болгон баланын канынан ичимдик чыккан жок. Мени таң калтырганы, эмнеге соо туруп ушунча сабады?.. Ошол учурда окуя болгон жерде жүргөн толтура балдар эмне үчүн ажыратып койгон жок?!
«ИНИМ ӨЗҮ КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛЫПТЫР»
Бул окуя бир айыл тургундарынын ортосунда болуп жаткандыктан, айылда ар түрдүү кептер тарап жатканы белгилүү болду. Кылмышка шектүү деп кармалган жигиттин үйүнө барганыбызда, байкеси бизге кыска гана буларды айтып берди:
– Иним кылган ишин моюнуна алып жаткандан кийин башка эмне деп айтам? Барып сүйлөшсөк «Азаматты сабап жатканда аны темир түтүк менен башка чапкам. Андан кийин да Азаматты кайра кармап алып сабаган. Ага болушуп бычак сайдым, болбосо аны өлтүрүп салмак» деп айтты. Иним бою кичинекей, арык. Ал эми каза болгон жигит олбурлуу болгондуктан, ушундай жол менен гана алы жеткен окшойт.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg