Аптанын мырзасы - ИЛЬЯЗ АНДАШ

Жылдыз баян

Толук аты-жөнү – Андашев Ильяз Кылычбекович
Туулган жылы
– 1988-жыл, 30-июнь
Туулган жери
– Каракол шаары, Ысык-Көл облусу
Бою
– 180 см, салмагы – 64 кг
Бут кийиминин өлчөмү
– 41
Үй-бүлөлүк абалы
– Бойдок
Жактырган машинасы
– Мерседес
Фобиясы
– Жылан
Жашаган жери
– Бишкек шаарынын 6-кичирайону
Репертуарындагы популярдуу ырлары
– “Кечикпе”, “Кимди сүйөсүң?” ж.б.
Жакшы көрүп жегени
– Манты
Кыздардагы баалаган сапаты
– Акылдуулук
Учурда – Жеке ырчы

Мени кантип эркелетишет? – Досторум Андашка деп эркелетип турушат.

Мага кандай кыздар жагат?
1. Мени эркелеткен;
2. Жакшы ырдап, бийлей алган;
3. Сексуалдуу кыздар;
4. Менин оюм менен болуп, баарына макул болгон.

Кандай кыздар жакпайт?
1. Кызганчаак;
2. Көп сүйлөп, ашыкча күлгөн;
3. Талапты катуу койгон;
4. Өзүмчүл, өз оюнан кайтпаган.

Менин ырларым көбүнчө...
1. Жашоом, сүйүүм тууралуу;
2. Мекен, ата-эне жөнүндө;
3. Тарбиялык мааниси бар ырлар;
4. Ыр тандабайм, өзүмө жакканын ырдай берем.

Коркконум... алдыга койгон максаттарым аябай көп. Ошолорго жетпей каламбы деп корком.

Мага дүйнө жылдыздарынан... Boys 2 Man” тобу жагат. Алардын акапелла ырдоо өзгөчөлүгүн баалайм.

Мен үчүн идеалдуу кыз...
1. Ал экөөбүз көз карашыбыздан бири-бирибизди түшүнүшө алсак;
2. Апам, бир туугандарым менен жакшы тил табышса;
3. Экөөбүз бирдей тамакты жактырсак;
4. Бир музыканы сүйүп уксак;
5. Кайгы-кубанычымды тең бөлүшсө.

Мага сырткы келбетимден... арыктыгым жакпайт. Анткени каалаган кийим жараша бербейт.

Силер ишенбейсиңер... мен ушуга чейин курма жеп көргөн эмесмин. Билбейм, эмнегедир сыртын көрүп эле жегим келбей кетет.

Кандай адам болгум келет?
1. Токтоо;
2. Чечкиндүү;
3. Сексуалдуу;
4. Шайыр;
5. Сөзүмдө туруп, ишти так аткаргым келет.

Алган баалуу белегим... энемдин өз колу менен түйүп берген билериги.

Эгер мен ырчы болбосом... куруучу болмокмун. Өзүм курулуш иштерине аябай кызыгам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nuria karakol
2010-04-26 09:46:59
Ильяздын стили озунун ырдаган ырларына дал келишет. Эмнегедир Ильядын ырларын укканда кадимкидей эс алып турам. Ырчылардын арасынан эн жонокой, адамкерчиликтуу деп Ильяз Андашты эсептеймин. Талантын оркундой берсин!
0
dobrajelatel
2010-04-27 11:02:13
Иляз ты суппер
0
Нукура кыргызка
2010-04-28 14:35:02
алга Ильяз,онуго бер ишине ийгилик!!!
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан