ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ КӨЗӨМӨЛ АЛДЫНДА

Кыргызстандагы банк жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлгө алып, жөнгө салып турары белгилүү. Бирок бул көзөмөл кандайча ишке ашырылары жашыруун болбосо деле аны менен көпчүлүктүн кабары жок. Андыктан гезитибиздин ушул санында Улуттук банк тарабынан финансы-кредиттик мекемелерди көзөмөлдөө жана жөнгө салуу иш-аракеттери тууралуу маалымат берүүнү туура таптык. Бул боюнча аталган финансылык органдын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын банктык эмес финансы-кредит мекемелерине тышкы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Джураева Мээрим Шайлообековна кеңири маалымат берди.

УЛУТТУК БАНКТЫН КӨЗӨМӨЛҮНҮН АЛДЫНДА ТУРГАН МЕКЕМЕЛЕР

Финансы-кредиттик мекемелердин (ФКМ) курамына коммерциялык банктар менен банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер кирет. Финансы-кредиттик мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана жөнгө салуу – Улуттук банктын маанилүү иштеринин бири болуп саналат.
Учурдагы базар экономикасында финансы-кредиттик мекемелер экономиканын субъекттеринин чарбалык иш-аракеттерди жүргүзүүчү институту болуп эсептелет. Ошол эле убакта финансы-кредиттик мекемелер аркылуу өлкөнүн макроэкономикалык процесстерине таасир этүү жүргүзүлөт.
Ошентип финансы-кредиттик мекемелер системасынын натыйжалуу иш алып барышы өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир берет.
Улуттук банк туруктуу финансы тутумун сактоо, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгын колдоо жана коргоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын нормативдик актыларын сактоо максатында финансы-кредиттик мекемелердин ишине туруктуу көзөмөл жүргүзүп турат.

Көзөмөлдөөнүн жана жөнгө салуунун негизги багыттары жана маселелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • Ченемдерди, жоболорду, нускамаларды жана сунуштарды аныктоо жана алардын ишке ашыруу тартиптерин чыгаруу;
  • Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү;
  • Учурдагы мыйзамдардын талаптарын сактоосун көзөмөлдөө;
  • ФКМдердин финансылык абалын мониторингдөө жана байкоо;
  • Кооптуу же ишенимсиз иш жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында таасир этүү чараларын колдонуу.

БАНКТЫК ЭМЕС ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕЛЕР БӨЛҮГҮНДӨ

Банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер (БФКМ) тутумун микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, валюта алмаштыруу бюролору жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер түзөт. БФКМ тутуму салыштырмалуу жакында эле пайда болгон; 1990-жылдардын аягында, айрым кредиттик схемалар апробацияланып, баштапкы ченемдик иш кагаздар иштелип чыккан.
Бирок бул тутум өзүнүн жаштыгына карабастан, өлкөнүн экономикасында, саясий-социалдык жашоосунда чоң орду бар экендигин айгинеледи.
2017-жылдын 1-кварталынын аягына карата Кыргыз Республикасында 670 банктык эмес финансы-кредиттик мекеме өз ишин жүргүзүүдө. Анын ичинде 161 микрофинансылык уюм, 116 кредиттик союз, 1 адистештирилген финансы-кредиттик мекеме жана 392 валюта алмаштыруу бюросу бар.
Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын кредиттик портфели 10,8 миллиард сом же финансы-кредиттик мекемелердеги кредиттердин жалпы суммасынын 10,3 пайызын түзгөн. Ал кредиттердин 30 пайыздан ашууну айыл чарба тармагына жумшалган. Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын кредит зайымчыларынын саны 230 миңден ашып, анын 55 пайыздан ашуунун аялдар түзөт. Микрофинансылык уюмдардын кредиттеринин орточо салмактанып алынган пайыздык чени 31,37 пайыз, кредиттик союздардыкы 27,15 пайызды түздү. Өлкөнүн бардык региондорунда жана көпчүлүк конуштарында банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер тармагында 3 миңден ашуун кызматкер иштейт. Банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер системасынын уставдык толук төлөнгөн капиталы 3,9 миллиард сомду түзгөн, ошол эле маалда эл аралык уюмдардан БФКМ тарабынан тартылган каражаттардын калдыгы 1,5 миллиард сомго жакын сумманы түздү.

БФКМге КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА ЖӨНГӨ САЛУУ БӨЛҮГҮНДӨ

Ашыкча кредит алууга жана зайымчылардын карыздарынын бир нече ирет катмарлануусуна алып келген БФКМ системасынын ылдам өнүгүүсү, калктын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгү, БФКМдерге көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамилесин өзгөртүү зарылчылыгына алып келди. 2012-жылдан тартып Улуттук банк тарабынан керектөөчүлөрдүн укугун коргоого карата тийиштүү талаптар киргизилген. 2013-жылдан тартып "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө" мыйзамы иштеп баштаган. Ошондой эле кредиттин максималдуу өлчөмүнө чектөөлөр киргизилип, пайыздык чендерге жана пайыздарды эсептөө ыкмасына көзөмөл коюлган. Кийинчерээк микрофинансылык мекемелер үчүн минималдуу уставдык капиталдын өлчөмү жогорулатылып, тышкы карыздардын жалпы өлчөмү чектелген.
2011-жылдан бери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу өкмөттүн башкы маселелеринин бири болуп келе жатат. Ушуга байланыштуу, 2016-жылдан тартып эл аралык институттардын колдоосу алдында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча өкмөттүн программасы ишке киргизилген жана аны ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш аракеттер көрүлүп жатат.

БФКМ САНДЫК ӨНҮГҮҮДӨН САПАТТЫК ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ

2012-жылдан бери БФКМ секторунун институционалдык өнүгүүсү башталды же сандык өнүгүү деңгээлинен сапаттык деңгээлге өтүү аракети кызуу жүргүзүлө баштады деп айтууга болот.

Бүгүнкү күнү микрофинансылык мекемелерди жана кредиттик союздарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөөнүн негизги багыттарынын бири катары белгиленген талаптарды жана мониторингдерди сактоо болуп эсептелет. Ал талаптар:

  • Уюштуруу-укуктук формасын түзүү үчүн документтерди, уставдык капиталдын өлчөмүнө жана кызматтык адамдарга болгон талаптарды камтыган, БФКМдерди түзүү жана лицензиялоо талаптары;
  • БФКМдерден ишмердүүлүгүнө белгилүү чектерди жана нормативдерди камтыган, БФКМдердин ишмердүүлүгүнүн эрежелери;
  • Бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү;
  • Отчёт тапшыруу тартиби жана чыгымдардын резервин түзүү;
  • Тышкы аудит өткөрүү;
  • Ички көзөмөл системасына талаптар. Анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууга) жана террордук же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карата талаптар.

УЛУТТУК БАНКТЫН БФКМГЕ КАРАТА КОЛДОНУУЧУ ИШ ЧАРАЛАРЫ

Тажрыйба жүзүндө көзөмөл функцияларын аткаруу үчүн тапшырылуучу маалыматтардын негизинде Улуттук банк БФКМдердин ишмердүүлүгүнө дистанциялык көзөмөл жүргүзөт. БФКМдерден керектүү маалыматтарды талап кылат, инспектордук текшерүү жүргүзөт, бузуулар аныкталган учурда же БФКМ тарабынан толук эмес же туура эмес маалымат тапшырылган учурда бузуунун түрүнө карата эскертүү же эрежени бузууну жоюу тууралуу жазма буйрук жөнөтөт. Тийиштүү учурларда айып салат, айрым операцияларды өткөрүүгө чек коёт, ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензияны/күбөлүктү кайтарып алат .
Валюта алмаштыруу бюролоруна талаптар: валюта алмаштыруу бюросунда ишмердүүлүктү баштоо учурунда 1 миллион сомдон кем эмес жүгүртүү каражаттарынын болуусу, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жан а террордук же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдүн талаптарын сактоосу, жүгүртүүдөгү каражаттардын өлчөмү, валюталар курсу боюнча күндөлүк отчёттун болуусу шартталат. Белгиленген талаптарды аткарбаган учурда алмаштыруу бюросуна эскертүү, жазма буйрук, күбөлүктүн күчүн убактылуу токтотуу же аны кайтарып алуу сыяктуу чаралар колдонулушу мүмкүн.Адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин жүргүзгөн операцияларына карата талаптар белгиленет. Мисалы, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекемелерине коюлган талаптардын көбү коммерциялык банктардын талаптарына окшош келет.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан