СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Атасынабы?!
Гүлнаранын деми буула түштү.
– Атасына... Ал дагы Рустамдай бийик эле. Экөөбүз чогуу басканда боюмдун кичинекейинен уялып кетчүмүн.
– Эмне, кайтыш болуп калганбы?
Айша «жок» дегендей башын чайкап, кейиштүү жылмайып алды.
– Жок, сиңдим, аман-эсен эле болсо керек. Бирок ал Рустам экөөбүз үчүн жок.
Айша баягы өзүн тааныбай, күңкүлдөп кечирим сурап өтүп кеткен Иманды эстей калды. Алыска көз чаптырып, өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай күбүрөнүп алды.
– Кызык, өгүнү ошол адамды көрдүм. Ал мени тааныган жок. Таптакыр тааныбады. А мен шордуу аны миң адамдын арасынан болсо да жаземдебей тааныйт элем. Ошол учурда өз тагдырыма, өз жүрөгүмө таарындым. Канча жыл өтсө да ал адамды тааныган жүрөгүмө таң калдым. Ойлосом, бул жашоодо көп нерсеге жеткен экем. Турмуш менен күрөштүм, кээде жеңилдим, кээде жеңдим. Бир гана мобул жеримдин бөксөсү толбой койду. Көрсө, Иман мендеги жашоого болгон кумардын баарын өзү менен кошо алып кеткен экен. Мен Им...
– Токтот!
Капысынан кыйкырып жиберген Гүлна­ра эки колу менен бетин басып, өксүп жиберди.
– Токтотуңузчу, эже, айтпаңызчы, кереги жок, думугуп баратам!
Дирилдеген эриндерине ээ боло албай калчылдап кетти. Чындык экен да, жүрөгү бекер тыпырабаган экен да, жаңылбаган экен да. Эми ага бардыгы айкын болду.
Айша эч нерсени түшүнгөн жок. Өз арманын айтам деп оорулуу аялдын жүрөгүн оорутуп алганына уялып кетти.
– Кечирип койчу, сиңдим. Мен билбей эле... Мен куруюн. Өз арманымды айтып, сенин жүрөгүңдү козгоп алдым көрүнөт. Койчу, анча ыйлабачы,- деп жашып кеткен Айша Гүлнараны аяр кучактап, жаш толгон жүзүн аарчып жиберди.
– Кудай, ай, ушундай да болобу?! Айты­ңызчы, эже, ушундай да болобу?
Эчкире кучагына жыгылган Гүлнара өзүнө гана белгилүү сырды, өзүнө белгилүү арманды айталбай ыйлай берди. Айша болсо качандыр бир кезде өзүнүн бактысын уурдаган кымбаты Имандын аялы ушул экенин билбей отурду. Экөө тең бир адамды сүйүп, бир адамдын аптабына күйүп жатканын билишкен эмес эле. Тек гана тагдырдын бороонуна дирилдеген жалбырактардай экөө тең өз сүйүүлөрү үчүн ыйлап турушту.
Иман палатанын босогосун аттаары менен Гүлнаранын иреңин көрүп, чочуп кетти.
– Гүкү, асылым, эмне болду? Эртең менен эле жакшы эмес белең.
Чөгөлөй калып аялынын чачынан сылап, жалооруп жиберди.
– Коркпо, жакшы элемин,- деди алсыз кыңылдаган Гүлнар.
– Жөн эле сени сагынып кеткенимен мээрман айымга телефон чалдырган элем. Көздөрүңдү сагынып кеттим, Иман,- деп көздөрүнүн кычыктарына жаш толо түшкөнүн билгизбей, калп эле күлгөндөй түр көрсөттү.
– Ыйлаагым менин! Дагы ыйлаган экенсиң, ээ?
Жаш баладай бооруна кыскан Иман аялынын абалына зээни кейип кетти.
– Мен да сени сагындым, жаным! Сен бул жакта болгондон бери үйгө кире элекмин. Сенсиз ал үйдүн көркү жок. Көрүнгөн жерде жүрөм. И-и, баса, Алматыда боло турган сынакка мени дагы мейман катары чакырып коюшуптур. Жок дей албадым. Барбасам болбостур, ээ?
Иман аялына суроолуу карап калды.Ал күйөөсүнөн көзүн албай ойлуу жата берди. Анын ар бир кыймылынан жанагы эшиктин туткасын кармап турган жигитке окшоштукту таап, ого бетер жүрөгү бырчаланып жатты. «Эми кандай болуп кетер экен? Алда байкушум ай, уулуңдун эр жеткенин билбейсиң, ээ? Өзүм айтсамбы? Ошого кудуретим жетер бекен? Курган жүрөк, мынча эмне тыпырайт?..» деп ой түрмөгүн кайра түрө баштады.
Иман аялынын оюндагы нерседен таптакыр кабарсыз болчу. Тек гана аялынын өңү бозоруп алсыз жатканына жүрөгү мыкчылып, эмне деп жубатарын билбей, колдорун аяр сылагылай берди.
– Эмне дейсиң, барайынбы?
– Мейли, өзүң бил,- деп Гүлнаранын үнү бошоң чыкты.
– Барсаң барып кел. Бирок жүрөгүм эмнегедир эле алып учуп, башкача болуп жатат. Ал жакка барсаң эле бир нерсе болчудай болуп...
– Койчу, жөн эле ушинте бересиңби? Антпей эле мени жаныңдан чыгаргың келбей жатат да, ээ?
Тамашалай күлгөн Иман аялынын мурдунан чымчып эркелетип койду.
Экөө кайрадан унчукпай калышты. Иман аялынын жалынычтуу көздөрүнөн качып, «мынча эмне көздөрү киртиет? Оорусу анча деле катуу эмес эле го... Врачтарга кайрадан кирип сүйлөшүп чыгуум керек...» деп ойлоп жатты.
– Иман.
– О-у.
– Биз бактылуу эле жашадык, ээ?
Мындай күтүлбөгөн суроого Имандын шаштысы кете түштү.
– Антип сурабачы.
– Айтсаң эми.
– Мен үчүн сенин бул дүйнөдө жашаганың, чоң бакыт, Гүлүм! Анан кантип бактылуу жашабайлы? Бактылуу жашадык. Дагы көпкө бактылуу жашайбыз.
Иман Гүлнаранын тынчын алган бир ой турганын билди. Бирок эмнегедир ошол нерседе өзүнүн да тиешеси бар экенин сезгендей, такып сурагандан коркуп турду.
– Мени кечиресиңби?
– Эмне, күнөө кылдың беле?- деди Иман сөздү тамашага буруп.
– Кылгам... Опол тоодой күнөө кылгам. Мен болбосом балага зар болуп жүрбөйт элең да.
– Дагы баштадыңбы?!
Иман бурк этип ордунан турду да, терезеге барды.
– Гүлнара, кайра баштабачы!
– Кантип баштабайм?! Бассам-турсам көкүрөгүмдү кемирип-кесип жаткан нерсени кантип баштабайм?! Сенден башка бирөө болсо, эчак эле кетип калмак!

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
temirlan
2010-04-27 00:09:20
eexx koburook ele jasup koigulachu degi plzzzzzzz............!!!!! ato toska bat ele butup kalup jatat.....!
0
safina
2010-04-27 09:50:17
ниговори когда конец
0
gulia
2010-04-27 15:48:56
ушундай боорукер адамдар болобу чындап бул жашоодо?каерге барба баардык жерде эркектер аялдарды ыйлатып жатканы жаткан,эркектер дагы кыйналышса болоор эле.
0
Evelet
2010-04-28 06:24:46
эркектер да кыйналышат. алардын кыйналгандарын корсон, озун кошо кыйналасын мага окшоп. эхххх
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан