Анжелика Бекболиева: «АЙЧҮРӨК ЭЖЕ "СЕНИ АЖЫРАШТЫРЫП ТЫНАМ" ДЕГЕН»

Сахнадагы устат менен шакирттин чырдашканына бир нече жуманын жүзү болду. Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын пикир келишпестиктери эл талкуусуна алынып, super.kg порталына алгач шакирти келип түз эфирде колдонуучулардын суроосуна ачык-айкын жоопторду берген болсо, бул жолу ал кадамга Айчүрөк Иманалиева дагы барды. Анжелика өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына устатынын айткан кептерине төмөндөгүчө жообун кайтарды.

– Айчүрөк Асылбековна бүгүн эле мага каршы сөздөрдү айтып жаткан жок, мен турмушка чыккандан тартып 10 жыл аралыгында көптөгөн түрдүү кылыктарын көрсөтүп келди. Мен анын бардыгына чыдап, көз жумуп, теңелбей келдим. Маданий чөйрөгө алып келген устатыма каяша кылып, айтышкым келген эмес. Бул жолу жалган ушактарынын ар бирине токтолуп жооп берейин:
Сиз жазган кайрылууңузда "мен сени жазган китебиме киргиздим эле, сен өзүңдүн китебиңе мени жазбай койдуң" деп таарыныпсыз. Менин китепчемде чыгармачылык жолум баяндалган эмес. Келечекте ал тууралуу китеп жазсам, сизди сөзсүз жазып, салымыңыз тууралуу эскерем.
«Махабат көлү» деген ырымды уруксатсыз ырдады" деп чырдын башы башталды эле. Аталган чыгарма маркум Марат Алыбаевге таандык. Бул ырды сизден кийин деле 7-8 ырчы аткарган. Эмнеге алар менен талашкан жоксуз? Эми сиздин урушка себеп издеп, ырды шылтоо кылганыңыз белгилүү.
Үйүмдөн сага жай берип, балдарымдай кам көрдүм" дедиңиз. Аны жокко чыгарган жокмун, азыр дагы ыраазычылык айтам. Менин ийгиликке жеткеним сиздин эмгегиңиз экенин эл дагы билет, сиз аны сыймыктануу менен кабыл алыштын ордуна, кайра мага карата ушак таратып жатканыңызды кандай түшүнсөк болот? Менден башка дагы чыгармачылыкка алып келген шакирттериңиздин кимиси менен азыр сый мамилени сактап калдыңыз, алар кайда? Эмнеге алар дагы сизден алыстап кетишти же баарыбыз эле жаманбызбы?
«Адыл Бакиев баш болгон чоңдор менен Швейцарияга кеткенсиң» деп айтканыңызга да жооп берип коёюн. Сиз жакшы билесиз, мамлекеттик иш-чараларга ырчылар, маданият өкүлдөрү катышып барып келген учурлар көп болот. Мамлекеттик деңгээлде уюшулган иштерге ал жерде ким болот, биз аны тандабайбыз. Ырчылар ыр болгон, жакшылык болгон жерде ырдайбыз. Ошол иш сапарга "Камбаркан" ансамбли, Жеңиш Ысманов, Заира Раимбердиева, Дилшат Кангелдиева жана мен чакырылганбыз. Сиздин оюңузда кыргыз маданиятын чет элге таанытып келгендин баары эле "туура эмес жол" менен барып келген болуп саналабы? Же сизде бул жаатта тажрыйба барбы?

«КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫГЫМДЫ СИЗЧИЛЕП САНАБАЙМ»

- Цирктеги долбоордон утуп чыкканымда дагы ар кайсы маалыматтарды таратып, "Анжелика биринчиликти сатып алды" деп ушак жүргүзгөн. Кызыгы, долбоордун катышуучулары же уюштуруучулары эмес, Айчүрөк эженин кеп таратканы мага түшүнүктүү эле болгон. Азыр аны катышуучулар дагы тастыктап беришет. Сиз мындай аракеттериңиз менен шакирт же кызматташууга келген жаштарга бакыт каалап, уядан учурбай, көз каранды кылып, өмүр бою байлап алгыңыз келет экен. Мен коркуп же башка үчүн эмес, устат менен шакирт катары айтышып элге уят болбойлу дедим. Сиздин ыраазычылыгыңызды алайын деп көп жардам бердим. 2013-жылы сиз жеке концерт берем деп, анын чыгымына мен акча бердим. Максатым – ошол концертте сахнада сизден бата алып, ары-бери тартышып жүргөн кептерге чекит коюу болчу. Мен Америкага кетип жатып, "мен жок деле өткөрө бериңиз" деп айттым. Бирок акчаны алып ал концертти да өткөрбөй, башка шылтоолорду айтып кеттиңиз. Андан башка канча кылган жакшылыктарымды, урмат-сыйымды сизчилеп санап бербей эле коёюн.
"Мен сени баары бир ажыраштырып тынам, аргаң жок бутума чөгөлөп келесиң. "Турмушка эрте чыгып, катачылык кылдым" деп келгенге аргасыз кылам" деп айтканыңызды эч качан унутпайм... Ошондой маалда жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы ак ишеним максатыңыздын ишке ашуусуна жол берген жок...

«КЫТАЙДА МЕНИ ОРУНСУЗ ЖОРУККА ТҮРТКҮҢӨР КЕЛГЕН»

- Кытайдагы жоругуңду айтам" деп жатасыз. Аны айттырбай эле мен өзүм айтып берейин. ТИМ аркылуу кытайлык кыргыздарга концерт берүү уюштурулуп, Айчүрөк эже "барып келели" деп калды. Чынында, баргым келген жок, ансыз дагы мамилебиз начарлап кеткен маал эле. Дагы таарынтып албайын деп макул болуп, Турусбек Жумалиев, Айчүрөк Иманалиева болуп алгач Кытайда кыргыздар жашаган Кара-Суу деген шаарчага, андан соң Үрүмчүгө бардык. Ал жерде ТИМ кызматкери Айбек деген жигит тосуп алып, иш-чараларды ал уюштуруп берди. Биринчи күнү Айчүрөк эже экөөбүз бир бөлмөгө жаттык. Эртеси "мен жүдөп кеттим, башка бөлмөгө чыгам" деп которулуп кетти. Ар кимибиз өзүнчө уктадык. Кийинки күнү ТИМдин кызматкери Айбек деген мырзаны чакырып, "шаар көрсөтүп кел" деп өтүнүштү. Ал келгенде жөнү жок тамашаларды айтып Турусбек байке экөө "эми, эки көгүчкөн, ушундай шартты пайдаланып калгыла. Мындай мүмкүнчүлүк башка болбойт" деп күлүштү. Чыгармачыл адамдар ортосунда мындай тамашалар көп айтылат, бирок Айбек байке алардын орунсуз тамашаларын угуп өзүн аябай кызыктай абалда сезип калды. Кытайдагы орунсуз жоругуңар менен мени жаман жолго түрткүңөр келген. Кийин Бишкекке келгенде дагы айтыша кеттик. Ошондо ушул окуяны башкача баяндап күйөөмө айттыңыз. Мен Айбек деген байкени таап, күйөөм менен жолугуштурдум. Орозо маалы эле, ооз ачарда жолуктук. Ал: "Тигил эженин сөздөрүнө аябай таң калдым. Ага болгон сый-урматым да кетти. Менин дагы сеникиндей болгон үй-бүлөм бар. Мен сага кеңеш берейин, Анжеликаны Айчүрөк эжеге кошпой эле кой. Колдон келсе, алыс жакка чогуу жибербе. Арам оюн ишке ашыруу үчүн ал бардык нерсеге даяр экенине ынандым. Анжеликаны көз каранды кылып алыш үчүн көп нерсеге барат",- деп айтты. Бүгүн ал байке бул ушактарды окуп калса, өз оюн дагы айтат чыгар.
Менден таланттуу шакирт өстүрүп, чыныгы устат экениңизди далилдеп алышыңызга тилектешмин!

«МЕНИ КОЛДОНО АЛБАЙ КАЛГАНЫНА АЧУУСУН ЧЫГАРЫП ЖАТКАНЫ БИЛИНДИ»

Super.kg порталына Айчүрөк Иманалиева түз эфирге келип колдонуучулардын суроолоруна жооп берүүсүнөн кийин Анжелика айым төмөндөгүдөй кеби менен бул чырга чекит коёрун маалымдады.
-Айчүрөк эже ушактарына кошумчалап кайталап бериптир. Кудай алдында акмын, жакындарым дагы актыгыма ишенет жана билишет. Эгер ал ушактын арты менен унутулуп бара жаткан өзүн таанытып, пиар кылгысы келсе, өз алдынча уланта берсин. Мен теңелбейин деп чечтим. Орозодо ушунчалыкка барыштын кереги жок болчу. Менин эжеге болгон сый-урматым бийик болчу, анын баарынан ажырап жатат. Ал ырга эмес, бир кезде максаттарына жетпей, мени колдоно албай калганына өкүнүп, ачуусун чыгарып жатканы билинип калды. Айтчу сөздү айттым, анын ушактарына далилдүү жооп бердим.
Эжеге ийгилик каалайм, аны мындан ары жалган ушактарды таратып, өзүнүн кадыр-баркын төкпөөгө чакырам.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (135)
Gulnaz.GS
2017-06-08 10:54:40
ырынан чыры коп экоонун
+4
Gulirka.95
2017-06-08 10:56:23
Анжеликаныкы туурадайгоо Айчурок вопше жакпайт. Кебетесинен эле билинип тура жаман экени. Анжелика суроолорго так даана жооп бериптир. Айчуроко окшоп такалбай. Айчурокту мурдатан эле жаман корчумун.
-2
Girl1996
2017-06-08 14:26:56
"Ал жаман, бул жакшы"- дей бербей, маани бербей койгула, өздөрү чечишип алышат.
Силерге эмне жок? Өз арабаңарды кылдырата бергиле!
+8
kanu
2017-06-08 23:26:22
Анжелика негизи эле ХХХ уялыш кк апасы мн тен эже мн айтышкандан
+5
admin_superstan
2017-06-09 13:50:07
kanu, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
love.me.again
2017-06-09 14:16:25
Айбек менен 9 кун жашаса кызык го. Бир комнатада. Озу деле акчасы бардыр мен жашабайм эркек менен , куйоом бар деп туруп алса болмок да. Таза болбосо башка деле болмо таап чыгып кетсе болот эле да...... куйоосу туруп ушинткени аялдык сапатка жатпайт албетте. Куйоосуно кыйын болсо керек дос жолдошторунун арасында...
+4
admin_superstan
2017-06-09 15:18:54
laboom, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
-1
alisa.sultan
2017-06-09 16:17:54
Анжеликаныкы туура окшойт Айчурок чындыгында эле шакирти озунон ашып кеткенине жаман болуп атса керек.
-4
aidar15
2017-06-10 01:41:19
Мышык майга жетпей сасык дегенден боло бербегилечи.
-1
smatov
2017-06-10 04:23:03
Ушул экөөнүкү эле жетишпей жатты эле,экөөнө эмне жетишпейт каалпганынын баары бар тынч эле отура беришпейби. биринин бир жерин бири чукубай.урушуп талашса өздөрүнчө урушпайбы булардыкы кимге кызык"албарстыдан" кийин экөө хит болдуго.
+1
Boss.Kalina
2017-06-10 12:02:53
Уят эле башка сөз жок сагада агада
+1
laboom
2017-06-10 16:40:17
Negizi anjelika tarbiya korbogon, aldim juttum , jokton chikkan kelin eken, ozuno ozu kildi, barga koop, uluu kichuu degendi bilbei, tankadai ele baarinardi tebelep ketem degensip, kopkondun dagi chegi bolot da,men chin ele aichurok ejege jinim kelgen, baarin ukkandan kiyin anjelikani jeeek korup kaldim
+1
mym
2017-06-11 03:54:16
Устатынан шакирти отуптур деген кеп бар илгертен эле,,, экоонун тен оз куйормандары бар. Мени адам кылды эле не десе да мейли деп оозун ачып отура береби? Айчуроктун ар бир айткан созуно комментарий берип коюптур туура эле кылыптыр....
-4
Baidyldaeva777
2017-06-11 10:46:58
Айчурок эже Анжеликанын уй булоосун эле андып турабы, айтор азылганы эле ошо, Анжелика дагы уй булоосу учун курошуп жатат, Азамат ! Эне деген уй булоосу учун жашайт да!
-3
saltu25
2017-06-17 12:16:59
Анжеликанын эси жок Кыз экен, куйосунун акчасына кооп аткан го
+1
perish
2017-06-20 20:35:36
анжелика мороженное жесен деле мактанып инстаграмга киргизесин,артынан фандарын киргизет,Анжелика апчем мороженное жеп атат деп,анан кантип шакирт тарбиялап чыксан милдет кылбай коет болдун экен???туулган кунундо алган гулдорунду супер инфо аркылуу жарыялап анан таратып атасын,адам тарбиялап,ырчы кылсан эмне болот экенсин?СИЛЕР АПАН экоонордун коп косяктарынарды Айчурок билет да,ошол учун аны коркутуп,жамандап суйлотпой коеюн деп арнерсе кылып атасынар.
0
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан