МЭЭНИН ЖАРАКАТЫ МАЙЫПТЫККА ЖЕТКИРЕТ

Мээнин чайкалуусу жана жанчылуусу эмнеден келип чыгат? Адам булардан өз убагында дарыланбаса, арты кандай залакага жеткириши мүмкүн? Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Советбек Сатиев баяндайт.


БАШ МЭЭНИН ЧАЙКАЛУУСУ
– Мээ – борбордук нерв системасынын бир бөлүгү. Борбордук нерв системасы 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү – баш мээ, экинчи бөлүгү – жүлүн. Биздин ой жүгүртүүбүз, каалообуз, кыймылдарыбыз, сезимдерибиз мээнин иштеши менен байланыштуу. Башкача айтканда, баарын мээ башкарат.

СОККУ ТИЙГЕНДЕ МЭЭ КАНДАЙ АБАЛДА БОЛОТ?
Баш сөөктүн ичинде мээнин суюктугу жана байламталары бар. Калыптагы абалда мээ ошол суюктуктун ичинде калкып жүргөндөгүдөй абалда болот. Ал эми мээнин араларында баш сөөктүн урчуктары орун алган. Баш жаракатка учураганда, башкача айтканда, башка бир нерсе тийгенде мээ сүрүлүп барып ошол сөөк урчугуна урунат. Мисалы, адамды желкеге урганда мээ сүрүлүп, чеке сөөгүнө, оң чыкыйга урса, анда сол чыкыйдын сөөгүнүн урчугуна урунат. Соккудан же баштын катуу нерсеге барып тийишинен улам мээнин сүрүлүп барып сөөк урчугуна урунушу мээнин чайкалуусу делет. Адам бир канча убакытка акыл-эсин жоготот. Мээнин сөөк урчугуна урунган жери шишип чыгат. Мындай учурда мээ сөөктүн ичине батпай калат да, сөөктүн ички басымы көтөрүлөт. Баш ошондуктан ооруйт. Кокус сокку катуу болсо, анда мээнин кан тамырлары жарылып, кан уюп калат (гематома).
Баштын сокку алышы же катуу нерсеге тийиши түрдүү себептерден болушу мүмкүн. Мисалы, адам автокырсыкка учураганда, жыгылганда, бирөөлөр менен мушташканда.
Айта кетчү нерсе, ичимдикке ыктап кеткен адамдардын мээси кургап, көлөмү кичирейип кетет. Ал эми баш сөөктүн көлөмү өзгөрбөйт. Андыктан мээ баш сөөктүн ичинде абдан бош абалда шылкылдап калат. Мындайда башка сокку жай тийген учурда да мээ сөөк урчугуна катуу урунуп, кан тамырлар жарылып, кан уюп калышы мүмкүн.

МЭЭНИН БӨЛҮКТӨРҮ
– Мээ ичинен: маңдай үлүш мээ, чыкый үлүш мээ, төбө үлүш мээ, желке үлүш мээ, кара куш мээ, сүйрү мээ болуп алтыга бөлүнөт.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Баштын оорушу;
  • Көңүл айлануу, бир күндө 2-3 маал кусуу (кокус кусуу мындан ашык кайталанса, анда мээ катуу чайкалган болуп эсептелет);
  • Уйкусуздук.

Жогорудагыдай абал мээ жеңил чайкалган учурда 2-3 күнгө созулат. Эгер мындан узарып кетсе, анда мээ катуу чайкалган делет.

ДИАГНОЗ ЖАНА ДАРЫЛОО
– Диагноз. Мээнин чайкалуусун аныктоо үчүн рентгенге түшүү, көздүн түбүн текшертүү, ЭЭГ (электроэнцефалография) жана башкалар керектелет.
Дарылоо. Мээ катуу же жеңил чайкалса да дарылануу зарыл. Болбосо оорунун залалдары калып калат да, адамда өнөкөт баш оору пайда болуп, ишке жөндөмдүүлүгү начарлайт. Дарылоодо мээнин иштешин, мээдеги кан айланууну жакшыртуу жаатында дары-дармектер чектелет. Мээси чайкалган адам ооруканага жатуусу зарыл. Жаздыктын жапыз болгону оң. Тамак-аш чектелбейт. Дарылануу 7-10 күнгө созулат.


БАШ МЭЭНИН ЖАНЧЫЛУУСУ

ЖАНЧЫЛГАН МЭЭ КЫЗМАТЫН АТКАРА АЛБАЙ КАЛАТ
– Мээнин чайкалуусу сыяктуу эле мээнин жанчылуусу баштын сокку алуусунан же катуу нерсеге тийишинен келип чыгат.
Ордунан сүрүлгөн мээ сөөк урчуктарына катуу урунуп, жанчылат. Мээнин жанчылган жерлери өз кызматын аткара албай калат. Нервдер аралык байланыш бузулат. Айта кетчү нерсе, мээнин бөлүктөрү болот. Мисалы, бир бөлүк ойлоо, эс-тутум, сүйлөө, көрүү, угуу, жыт билүү, даам билүүгө жооп берсе, дагы бир бөлүк адамдын дем алуусуна, жүрөгүнүн согушуна жооп берет. Башкача айтканда, иштетет. Мээ жанчылып, кайсы бөлүккө доо кетсе, ошол бөлүк иштен чыгып, өз кызматын аткара албай калат. Мисалы, көрүү, угуу, жыт билүүгө жооп берген бөлүктөгү мээ клеткалары жанчылса, адам уга да, көрө да албай же начар угуп, начар көрүп калат.
Мээнин жанчылган жерлери шишийт. Кан тамырлар үзүлүп, кан уюйт. Уюган кандан улам мээ сөөккө батпай, катуу кысылат. Бул сөөктүн ички басымынын көтөрүлүүсүнө жеткирет. Адам убактылуу акыл-эсин жоготуп, башкача айтканда, амнезияга учурайт. Адам жаракатка учураганга чейинкилерин же жаракат алгандан кийинкилерин убактылуу унутуп коюшу мүмкүн.

БЕЛГИЛЕРИ

  • Адам бир күндө 5-6 ирет же андан ашык кусат;
  • Көзүнөн жаш куюлат;
  • Жарыктан көзү уялат;
  • Башы катуу ооруйт.

Эгер эки же андан ашык бөлүктөгү мээ клеткалары жанчылып, иштен чыкса, анда адам комага (узак убакытка акыл-эсин жоготуу) түшөт. Мындай учурда адамды дароо реанимацияга алпаруу зарыл.

ДИАГНОЗ
– Рентгенге же компьютердик томографияга тартуу, ЭЭГге тартылуу, анализдерди тапшыруу жана башкалар керектелет. Ооруканага адамды көп кыймылдатпай, жаткан абалында алпаруу кажет.

ДАРЫЛОО
– Мээ жанчылганда адам сөзсүз өз убагында дарылануусу зарыл. Кокус дарыланбаса, мээнин кайсы бөлүгүнө доо кеткен болсо, ошол бөлүгүнүн иштөөсү бузулган бойдон калат. Мисалы, адам дүлөй же сокур болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары талма оорусу келип чыгат. Дарылоодо антибиотиктер, мээнин иштөөсүн жана андагы зат, кан алмашууну жакшырта турган дары-дармектер, витаминдер жана башкалар сунушталат. Адам дарыланып чыккандан кийин да ишке жөндөмдүүлүгү 2-3 айга дейре начарлайт.
Эгер мээ өтө катуу жанчылып, гематома чоң болсо, анда операция жасалат.

ЭМНЕЛЕРГЕ ТЫЮУ САЛЫНАТ?

  • Мээ чайкалганда да, жанчылганда да адамга ичимдик ичүүгө болбойт (кымыз менен бозо да).
  • Ысыкта жүрүүгө, анын ичинде мончого же саунага барууга болбойт. Болгону, душта жуунууга уруксат.
  • Кара жумуш жасоого болбойт.

МЭЭ ТУУРАЛУУ

  • Орточо эсеп менен жаңы төрөлгөн ымыркайдын мээсинин салмагы 300 граммды, ал эми чоң адамдардын мээси 1,5 килограммды түзөт.
  • Мээ 10 миллиарддан ашык нерв клеткаларынан (нейрондордон) турат.

СТАТИСТИКА

  • Аталган бөлүмгө бир жылда 900-1000 чакты оорулуу түшөт.
    Булардын 70 пайызга жакыны мээнин чайкалуусунан, 20дай пайызы мээнин жанчылуусунан түшөт.
  • Орточо эсеп менен бир жылда 50-60 адамга операция жасалып, мээдеги уюган кандар алынат.

УЧУРДА...

Бөлүмдө 25 оорулуу бар.

  • Башына ок тийгендер – 2
  • Башынан таяк жеп түшкөндөр – 2
  • Автокырсыктан улам мээсине зак кеткендер – 3
  • Жыгылып, мээсине доо кеткендер – 4
  • Белгисиз бирөөлөрдөн таяк жеп түшкөндөр – 10
  • Машина уруп кетип түшкөндөр – 2
  • Эски жаракатынан улам кайра жаткандар – 2

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
italia
2010-04-27 00:46:38
Ушундай кипкичинекей балдардын ооруп жатканын коргондо тим еле журогум жанчылып кетет.
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан