СЕКСУАЛДУУЛУК. СЫРЫ ЭМНЕДЕ?

Сексуалдуулук деген эмне? Аны ким кандай түшүнөт? Же ким кайсы дене-мүчөсүнөн улам өзүн сексуалдуу көрүнөм деп эсептейт? Бул тууралуу жылдыздар өз ой-пикирлерин ортого салышат.

Айгүл Чалова:
– Сууга түшүп чыккандан кийин суу болуп турган чачтарым мени сексуалдуу көрсөтөт. Анан кара түстөгү денеге жабышкан кийимдерди кийсем, көпчүлүк “өтө сексуалдуу болуп калыптырсың” дешет. Ал эми жылтырак ооз боёктор менен боёгонумда эриндерим сексуалдуу көрүнүп калат.

Сема:
– Сексуалдуулук адамдарга табияттан берилген сапат. Мындан уялуунун деле кажети жок. Бизде ырчылар сексуалдуу бийлеп коюшса эле эл сындап жатып калат. Бирок сексуалдуу болом деп аша чаап кеткендер да жакпайт. Мисалы, жарашпаган кийимдерди кийип, өтө эле боёнуп алышкандар. Өзүмдүн табитим боюнча айтсам, буту узун, бели ичке жана келбетине жарашкан кийим кийип, жагымдуу атыр себинип жүрүүчү айым сексуалдуу. Спорт менен машыккан чымыр денелүү жигиттерди да сексуалдуу деп эсептейм.

Зарина Хасанова:
– Жан дүйнөсүнүн тереңинде көпчүлүк айымдар сексуалдуу болууга аракет кылышат. Менин оюмча, бул нерсенин уяты жок. Мисалы, мен деле сексуалдуу көрүнүүгө аракет кылам. Бул жаатында колдонулуучу амалдар да көп. Мисалы, мен кончу узун өтүктөргө жана кооз ич кийимдерге басым жасайм.

Назми:
– Сексуалдуу десе эле көпчүлүк ачык кийи­нүүнү элестетишет. Бирок бул туура эмес көз караш. Мисалы, жабык кийинип деле көз караш, мимикаларың менен сексуалдуу көрүнсөң болот. Менин кандай учурда сексуалдуу көрүнөрүмдү жолдошум гана айта алат.

Асема:
– Негизи, адамзаты сексуалдуу болуп төрөлбөйт. Кыймыл-аракети, кийген кийими менен сексуалдуу боло алышат. Сексуалдуу болуу үчүн, айрыкча айымдар көп аракет кылышат эмеспи. Мисалы, макияжды да сексуалдуу көрсөтө тургандай кылып жасатууга болот. Өзүм жөнүндө айтсам, менин үнүмдү, жиним келгендеги көз карашымды сексуалдуу деп көп айтышат.

Сапар Эркебаев:
– Шыңга бойлуу, көп толук эмес кыздар өтө сексуалдуу көрүнүшөт. Арык кыздар жага бербейт. Ошондой эле айымдын мага керектүү жерлери сексуалдуу болсо болду.

Шайыр Касымалиева:
– Заман агымынын өзгөрүшү менен сексуалдуулук деген түшүнүк жаштардын сыймыктанчу куралына айланып баратат. Эгерде ошол жаштардын көз карашы менен айтсам, айымдар сексуалдуу мырза деп бою узун жана булчуңдууларды баса белгилешет.

Бегимай Бекбоева:
– Менин оозумду жана көзүмдү көпчүлүк “караган кишини тартып алчу касиетке ээ” деп айтышат. Башкача айтканда, “сексуалдуу көрүнөт” дешет. Буга мен деле кошулам. Анан кара же кыпкызыл атластан тигилген кыналган кийим кийип, чачымды жазып алсам өзүмдү сексуалдуу сезип, өзүмө-өзүм жагып кетем.

Алексей Филатов:
– Сексуалдуулукту ар ким ар кандай түшүнөт. Мисалы, мен көчөдөн, жол-белден, айтор, кайсы бир кызга көзүм токтоп, аны чечинтүүнү кааласам, анда ал сексуалдуу кыз.

Бек Борбиев:
– Өзүн тыкан алып жүргөн, жарашыктуу кийинген, спортко жакын айымдарды сексуалдуу деп эсептейм. Бул нерсе мырзаларга деле тиешелүү.

Съездбек Искеналиев:
– Өтө сексуалдуу күлөм деп эсептейм. Күлөйүнбү? Ха-ха-ха...

КОШУМЧА...
Изилдөөчүлөрдүн аныктамасына токтолсок, сексуалдуулук бул – адамдар тарабынан тукумунун уланышына көрүлгөн камкордук. Жөнөкөй тил менен айтканда, сексуалдуулук – айымдардын эркектерди, эркектердин айымдарды өзүнө тарта билүүсү.
Сексологдордун айтымында, мырзаларга караганда айымдар сексуалдуулукка көбүрөөк умтулушат. Буга жыл сайын көкүрөгүн чоңойтуу үчүн хирургдун жардамына кайрылган айымдардын санынын өсүп жатканын мисал кылууга болот.


ЧЕТ ЭЛДИК ЖЫЛДЫЗДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Кельвин Кляйн:
– Төшөк оюндарынан кийин өнөктөшүнүн футболкасын жана ич кийимин кийип алган кыздын образынан өтө сексуалдуулукту байкагам.

Сандра Буллок:
– Мен клубда берилип бийлеп жатканда гана өзүмдү сексуалдуу сезем. Мындай пикирди тааныштарымдан да угуп калам.

Холли Берри:
– Мен үчүн сексуалдуулук – бийик такалуу туфли жана кооз ич кийим. Жолугушууга барарда боёнбой деле коюшум мүмкүн. Бирок бийик такалуу туфли жана кооз ич кийим кийүүнү биринчи орунга коём.

Кэмерон Диаз:
– Жаратылыш берген сулуулугуңду баса белгилей билүүнүн өзү сексуалдуулук. Ошондой эле эч качан жасалма сексуалдуулукка барбоо керек. Бул билинип калышы мүмкүн.

Кайли Миноуг:
– Мен эч качан “секс бомба” болууга аракет кылбайм. Анткени мен чындыгында эле “секс бомбамын”.

Софи Лорен:
– Адамга сексуалдуулуктун 50 пайызы табияттан берилсе, 50 пайызы өзүнүн аракетинен болот.

Тори Амос:
– Сексуалдуулуктун эрибей жаткан музду эрите алган күчү бар. Мисалы, мен күнүмдүк жашоомдо куурап калган сөөккө окшошмун. Бирок секске келгенде жашарып, балмуздактай эле эрип кетем.

Женнифер Лопес:
– Мени көпчүлүк эң сексуалдуу айымдардын катарына киргизишет. Мунун баары келбетиме, кийингениме, жүрүш-турушума карата берилген баа. Бирок мен үй кийимчен, сүйгөн адамымдын кучагында турганда гана өзүмдү сексуалдуумун деп сезем.


Сатиралык окуя

ЭШЕК ЧУРКАП КЕТКЕНДЕ...

Чүкөбай үйлөнөт. 3 айдан кийин эле аялы:
Мени төрөтканага алып бар, толгоом башталды,- деп калат.
Таң калган Чүкөбай:
– Эй, биздин үйлөнгөнүбүзгө 3 эле ай болбодубу!
Кандай мээң иштебеген немесиң?! Сен мени алганча 3 ай чогуу жашабадык беле. Анан үйлөнгөнүбүзгө 3 ай болду. Мектептен жадыбалды жаттабаптырсың. 3тү 3кө көбөйтсө, 9 чыгып жатпайбы!- дейт.
Ошентип, Чүкөбай аялын төрөтканага жеткирет. Чыдамсыздык менен күтүп отурса, аялы:
Кара терилүү уулдуу болдук,- деп сүйүнчүлөйт.
– Эй, тукумубузда негр жок болсо кандайча кара терилүү?!
Ай, эмне эле мээмди чага бересиң?! Сен төрөтканага мени алып келатканда алдыбыздан кара мышык өтүп кетпеди беле, ошондуктан балабыз кара терилүү болуп төрөлдү.
Бул окуядан кийин Чүкөбай болгон окуяны ата-энесине айтууну чечет. Анда атасы энесине кыйкырып:
Эй, энеси, сен толготуп төрөтканага баратканда астыбыздан эшек чуркап кеткен эмес беле?!- дептир.


Алигидот

Жигит менен кыздын алгачкы түнүндөгү маегинен.
Кыз:
– Сүйгөнүм, чечинердин алдында менин бир кемчилигимди айтып коёюн. Бир эмчегим экинчисинен кичинекей.
Жигит:
– Ошол дагы кеппи? А менин “алигим” жаңы төрөлгөн баладай. Ишенбесең мына,- деп шымын шыпырып жиберет.
Сүйгөнүнүн “алигисин” көрүп, кыздын төбө чачы тик турат.
– Сен “алигиңди” жаңы төрөлгөн баладай дебедиң беле!
– Ооба, узундугу 52 сантиметр, салмагы 3 килограмм. Анан жаңы төрөлгөн баладай эмей эмне?!- деген экен.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
золотишка
2010-04-26 15:37:52
Менин оюмча назиктик бул сексуалдуулук болсо керек
0
Jekintay
2010-05-03 18:31:45
Ар бир адам төшөк кумарын каалап калганда сексуалдуу көрүнсө керек деп ойлойм.
0
2012-04-03 05:39:30
Jekintay, эн туура сага 100% кошулам
0
ya_samat
2013-07-26 17:24:10
Золотишка эн туура айтасын!!!!!!!!!!!!
0
jomik_kg9595
2014-02-10 05:53:03
Ушул комменттер туурадайго
0
dasu
2014-03-03 21:22:20
софи лорен,женнифер лопесдин пикпирин жактайм
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан