"Реалдын" учурдагы ийгиликтери Зинедин Зидандын тыкыр көзөмөлү алдында болгонун эч ким тана албайт. Анын жумушун сандар айкын билдирет. Жалпы 5 ири кубок: эки жолу катары менен Чемпиондор Лигасы, Испан чемпиондугу, Европа Суперкубогу жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу. Анын командасы быйылкы сезондо 65 оюн катары менен гол киргизди, бул абсолюттук рекорд.
Аты-жөнү – Зинедин Язид Зидан
Туулган жери – Марсель, Франция
Улуту – Алжирдеги кабил уруусунан
Жашы – 44
Жетишкендиктери – Футболчу катары Дүйнө жана Европа чемпиону, 2 жолку Италия чемпиону, Испан чемпиону, Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү. "Алтын топ" ээси (1998-жыл).Машыктыруучу катары Чемпиондор Лигасынын эки жолку чемпиону, Испан чемпиону
Учурда – "Реал Мадриддин" башкы машыктыруучусу
Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы
УТУЛГАН ФИНАЛ, СҮЗҮЛГӨН МАТЕРАЦЦИ"Футболдук карьерамды аяктаган соң машыктыруучу болууну каалаган эмесмин. Башка жумуш менен алек болууну көздөгөм" деп агынан жарылды жакында эле Зидан. Албетте, анын кантип футбол менен кош айтышканын көпчүлүк билет. 2006-жыл. Дүйнө чемпиондугунун финалы. Франция-Италия. Оюндун экинчи таймында италиялык коргоочу Марко Матераццини сүзүп салган Зидан кызыл кагаз алып, оюндан четтеген. Аны менен кошо чоң футбол менен кош айтышкан.
Ошондо 24 жылдан бери ойноп келген Зидан футболдон тажаган деп айтышат. Антпесе, чечүүчү оюнда тажрыйбалуу футболчунун мындай кылыгы түшүнүксүз. Спортту таштаган соң Зидан Мадридде жашап, үйдө отурууну каалаган эмес. Эксперт катары иштеп, дүйнө жүзүн кыдырып, кайрымдуулук иштерге активдүү катышкан. Бул футболду унутуп, жаңы жашоого болгон аракет эле.
Бирок арадан 3 жыл өтпөй футболду сагынган Зидан "Реалдын" кеңсесине баш багат.
КЕҢЕШЧИДЕН МАШЫКТЫРУУЧУЛУККА 2009-жылы "Реалдын" президенти Флорентино Перес Зиданды өзүнө кеңешчи кылып дайындайт. Анын жумушу ошол кездеги клубдун машыктыруучусу Моуринью менен Перестин ортосундагы байланышты түзүү болчу. Бул жашоосундагы бурулуш экендигин өзү моюнуна алат. Моуриньюнун иши менен жакындан таанышкан Зидан машыктыруучулук жумушка кызыгып баштаган. Ошол кезде эле ал таланттуу футболчу катары саналган Хесе, Мората сыяктуу футболчулар үчүн жеке машыгууларды өткөргөндүгү менен эсте калган. 2013-жылы "Реалдын" башкы машыктыруучусу Карло Анчелоттинин жардамчысы катары штабына кирген.
ЗИДАНДЫН ӨЗГӨЧӨ "РЕАЛЫ"
2016-жылы Рафаель Бенитес кызматынан кетип, ордуна Зидан мадриддик клубдун башкы машыктыруучусу катары дайындалат. Зидан Марсель шаарынын кооптуу аймактарында чоңойгон. Бул анын мүнөзү катаал жана орой болушуна шарт түзгөн. "Марселде аймактар арасында абал курч болуп келген. Бошоңдук кылып койсоң эле бүттү, сени эч ким теңине албай калчу" деп эскерет өзү. Зидандын бул мүнөзү Дүйнө чемпиондугунун финалында терс таасирин тийгизсе, учурда мыкты машыктыруучу болуусуна өбөлгө болууда. "Оюнчуларың менен жумшак болсоң эч майнап чыкпайт. Ошол эле учурда ар бирине кандай сүйлөө керектигин түшүндүм" дейт.
Зиданга чейин "Реал" ызы-чуу окуяларга туш болуп, түрдүү окуяларга кабылып жүрчү. Учурда бул клуб Зидандын катаал мүнөзүндөй корголгон. Мадриддик команда жыйынтыктар менен гана жооп берүү менен алек. Анын акыркы оюну өзүнүн футболчу кезиндегидей, акылдуу футбол менен "Ювентустун" талуу жерин таап коюшту. Падышалык клуб эми чындап такка келди. Бул үчүн машыктыруучулукка "футбол падышасы" керек болгонун Флорентино Перес эми түшүнүп отурат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg