Назгүл айым менен 2 жума мурун телефон аркылуу тааныштык. "Суранам, жардам бергилечи..." деп ыйлап жаткан айымдын добушун угуу оор болду. Аны менен жолугуу үчүн Токмок шаарына жөнөдүк, каарманыбыз ал жердеги жатаканалардын биринде 5 жашар баласы менен жашайт. "Журналисттер келди" деп күйпөлөктөгөн Назгүл айым биз кире электе эле "нан ооз тийгиле" деп тосуп алды. Турмуштун кыйынчылыгы канчалык ийинден баспасын, жакшы салтты унутпаган пейилине ыраазы болуп, абал-шартына жаныбыз кейип турду. Каарманыбыздын чакан бөлмөсүнө кирген соң алгач анын апасын кепке тарттык.
"АЙЛАБЫЗ КЕТИП МЕЧИТТИН АСТЫНДА ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП ДА КӨРДҮК"
Бермет Токтоназарова: – 2 кызым бар, улуусу Назгүл. Кыздарымдын атасы 20 жыл мурун көз жумган. Кичүү кызым 38 жашта. Ал дагы оорулуу, жолдошу менен ажырашып кеткен. Учурда мени менен жашайт. Кээде түндө уктап жатып бетин тытып, өзүнө ээ боло албай калат. Аны дарыгерлерге көрсөтүүгө каражатыбыз деле жок. Назгүл болсо 1 жылдан бери гепатиттин C түрү менен жабыркап, азабын тартып келе жатат. "Боорум ачышып жатат" дегенинен текшертсек, ушундай оору жугуп калыптыр. Буга чейин ооруканада дарыланган эле, тишин да дарылатып жүргөн. Сыягы ошондо жуктуруп алган го. Өзү да кайдан жукканын байкабай калыптыр. Ошондон бери иштей албайт, оор көтөрбөшү керек. Бирок айла канча? Тиричилик кылуу керек. Чакалап суу ташыйт. Түнү менен уктай албай "боорум" деп кыйналып чыгат. Мурун көп кабаттуу үйлөрдүн подъездин жууп, үйлөрдү актап, сырдап баласы экөө күн кечиришчү эле. Азыр андай жумушту жасай албайт, мечиттин алдында тилемчилик кылганга чейин бардык. Мен жардам берейин деп, кээде талаа иштерине жалданма жумушчу болуп чыгам. Кечээ дагы чыккам. Кан басымым көтөрүлүп, жатып калдым. Ушул кызым менен неберем жакшы болуп кетсе болду эле. Дары алып берейин десем пенсиям 5000 сом, ал эч нерсеге жетпейт.
"УУЛУМДУН ЖӨЛӨК ПУЛУНА КҮН КЕЧИРИП ЖАТАБЫЗ"
Назгүл Кийизбаева:
– Учурда 42 жаштамын, 2 уулум бар. Улуу балам 14 жашта, кыйналганыбыздан аны атасына берген элем. Кичүү баламдын атасына 32 жашымда турмушка чыккам. Аны менен да турмушубуз болбой эки жолго түшкөнбүз. Жашоодон көп кыйынчылык көрдүм. Батирден батирге көчүп жашап келем. Колумдагы балам 9 айлыгында өзбек улутундагы бир кишинин времянкасын ижарага алып жашачу элем. Анын уулу баңгизат колдончу экен. Чегип алганда ал атасы менен мушташып, биздин бөлмөбүздүн терезесин талкалап чуу чыгарды. Айла жок түнкү саат 2де наристемди колго алып көчөгө качып чыккам. Ушундай оор турмуштан тажап турганымда, анысы аз келгенсип 1 жыл мурун боорум ооруп калды. Дарыгерлер "тез арада дарыланышың керек" дегени менен, дарылар аябай кымбат экен, акча таба албай койдум. Арзан дары-дармектерди ичем, бирок алардын жардамы тийбей жатат. Ишке жараксыз болуп, балам Бектурдун жөлөк пулуна күн кечирип жаткан мезгилибиз. 3000 сом алат, анын 1200 сомуна ушул эч кандай шарты жок жатаканадагы 1 бөлмөгө төлөп, калганын тамак-ашка сарптачу элек. Эми бөлмөнүн ижарасын 2000 кылып көтөрүшүп,
"9 айдын ижарасынын үстүнө дагы 800 сомдон кошуп бер" деп жатышат. 1000 сомго кантип баламдын курсагын тойгузам, айтыңызчы?
Мага бир нерсе болсо, оорукчан баламды ишенип таштай турган адамым жок. Апам 65ке чыкты, бир тууганым болсо оорулуу. Мунун баарын ойлоно берип башым катып калды. Баламдын талмасы бар. Катуу урушуп койсом эле титиреп калат. Балдар менен кошулуп ойной албайт. Атайын майыптар үчүн бала бакчага барат. Ал жактан дагы жакында эле эсин жоготуп жыгылып калды. Түнү менен жини келип, ыйлап чыккан учурлар болот. Анда өзүмдүн оорумду унутуп, уктабай баламды карап чыгам. Кимге гана жардам сурап кайрылбадым, бирок жыйынтык чыкпай жатат. Мурун апамдын кулайын деп араң турган үйүндө чогуу жашачу элек. Сиңдим менен уулумдун оорусу кармаганда апамдын кан басымы көтөрүлүп чыдай албай калып жатты. Ошол үчүн өзүнчө эле жашайын деп чечкем. Азыр эмне кыларымды дагы билбей калдым. Жардам берер бир тууганым же атам жок. Баламдын атасы болсо ушул шаарда эле тентип жүрөт имиш. Ал эч кандай көмөк көрсөтүүгө жөндөмдүү эмес. Балам менен дени сак жашоодо, өз үйүмдө жашагым келет. Жакырчылыктан кыйналып кеттим. Жардам бериңиздерчи, суранам! Жок дегенде уулум экөөбүздүн ден-соолугубуз жакшы болуп кетсе болду эле.
Каарманыбыз жашаган жатакананын жумушчусу Сейнебүбү айым бул үй-бүлө тууралуу буларга токтолду:
– Бул жатаканада мурун мен дагы жашап кеткем. Назгүлдүн жашоо шартын көрүп, билип эле жүрөм. Баласы оорулуу, башка балдарга аралашып ойной албайт. Бирөө жолосо эле уруп салат. Аны Назгүл жалгыз таштап же бирөөгө ишенип калтырып кете албайт. Баласынын майыптыгына байланыштуу алган жөлөк пулунун тең жарымын жатаканага төлөйт, жарымына эптеп азык-түлүк алып курсагын тойгузушат. Чындыгында, бул үй-бүлөнүн абалы өтө эле начар, абдан жардамга муктаж болуп турган учуру.
Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg