БОЮҢУЗГА САЛМАГЫҢЫЗ ДАЛ КЕЛЕБИ?

Жылдыздар турмушунан

Шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн башкы душманы ашыкча салмак экени баарыбызга маалым. Негизи эле бой менен салмактын дал келиши туурасында атайын өлчөм бар. Мына ошол өлчөмгө эл оозуна алынган айымдардын салмагы, бою дал келеби, байкап көрөлү.

Бой менен салмактын дал келер-келбесин француз дарыгери Поля Броктун атайын формуласын пайдалануу аркылуу билүүгө болот. Эгер:
Бой 155 - 165 сантиметр аралыгында болсо, андан 100дү кемитсеңиз идеалдуу салмак келип чыгат;
Бой 166 - 175 сантиметр аралыгында болсо, 105 санын кемитесиз;
175 сантиметрден жогору болсо, андан 110 санын аласыз.

P.S. Көрсөткүчтөр 40 жашка чейинкилерге тиешелүү. Жаш курак андан улуу болсо 3-5 килограмм ашыкча салмак кооптуу эмес. Ал эми төмөндөгү түстүү таблица айымдарга да, мырзаларга да тиешелүү.


НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА

Бою – 164 см
Салмагы – 50 кг

Сүйлөсө тилинен чаң чыккан алпаруучу Нурзаттын сөзүнөн эмес, сырткы келбетинен да кемчилик таба албасак керек. Учурда алпаруучунун бою менен салмагы идеалга туура келет. Жадакалса төркүнүнө эс алганы барганда бир койдун этине тоюп, үч килограмм салмак кошуп келсе деле ашыкча болбойт.


ЖАНАРА АТАБЕКОВА

Бою – 156 см
Салмагы – 58 кг

Бир карасаң теледе, бир карасаң радиодо, бир карасаң кайсы бир тойду же кечени башкарып жүргөн, анан калса ырдаганга жетишкен Жанара айымдын эмгекчилдигине таң бересиң, эй. Азамат! Анан буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн Жанара акыркы кезде бир аз салмак кошкону сизге да туюлса керек. Чуркап жүрүп, анан толуп жатканын түшүнбөй турасызбы? Ооруп жатканына байланыштуу гормоналдык дарыларды ичүүгө туура келиптир. Дарылар болсо айымга салмак кошуп жаткан экен. Дарыланып бүткөн соң 9 килограммга арыктаса, идеалдуу эле болуп калат.


ЧОЛПОНАЙ

Бою – 164 см
Салмагы – 55 кг

“Кылым” тобунда “Бишкек” деп ырдап жүргөн секелек кыз Чолпонай бир топ эле чоңойду. Учурда топ тараса да ырчы кыз жекече ырдоонун аракетинде. Бир кезде Чолпонай томпоюп жакшы эле толгон. Анан сахнанын адамы экенин эстеп кеттиби, кайрадан арыктап калыбына келди. Чолпонай өзүн 55 килограмм салмактамын дейт. Эми дагы эки килограммга арыктаса, өзүн идеалдуулардын катарына кошуп, “эквалайзердей” так секирсе жарашып калат.


САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА

Бою – 168 см
Салмагы – 50 кг

“Кыз-Бурак” тобунун кенжеси Сайкалдын жаңы тартылган "Жан сырым" аттуу клибин көрүүгө үлгүрсөңөр керек. Ошол клипте ал өзүнчө эле “Женщина кошка” тасмасындагы кызга окшошуп калган. Мындай келбетке жетиш үчүн Сайкалга даамдуу тамактардан баш тартып, жалаң жемиш жеп күн көрүүгө туура келген. Жыйынтыгында 62 килограмм салмактагы Сайкал 50 килограммга түшкөнүн айтты. Сайкалдын аракети ашып кеткен го, эми коркпой эле кайра боюна ылайыктап алты килограммды “спокойно” кошсо болот.


АЙПЕРИ КУБИК кызы

Бою – 172 см
Салмагы – 50 кг

Ырды да, бийди да тыткан жагымдуу кара көз, кара каш сулуу Кубик кызы Айпери башкалардай диета кармоо түйшүгүн тартпайт. Табият бул ырчыга ушундай келбетти тартуулаган, сыягы. Бирок 172 сантиметр бойду алып жүрүш үчүн жок дегенде 54 килограмм салмакта болушу шарт. Андыктан Кубик байке тоогун тооктой, коюн койдой союп, кайнатып берип, кызына салмак кошпосо болбойт.


РОЗА ШАКИРОВА

Бою – 170 см
Салмагы – 63 кг

Роза айым булбулдай обон созгондо адам эмес канаттуулар учуп баратып тыңдарына шек жок. Бирок эл көзүндө жүргөн адамдын дене мүчөсү да жайында болушу керек экенин ырчы айым өзү да билип, арыктоонун аракетин көрүп келген. Ассоль айымдын жардамына да барды. Анан чыгыш бийин үйрөнө баштады. "Акыры диета кармап жүрүп ашказанымды оорутуп алдым. Азыр 63 килограмм салмактамын”,- дейт ырчы. “Сүйүктүү уулум, жолдошум бар, мага эмне жетишпейт?” дегенби, айтор, идеалдан 6 килограмм ашыкча салмак кошуп алды. Эмнеси болсо да Роза айым ырлары менен кыргыз элин сүйүнтө берсинчи.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
safina
2010-04-27 09:21:59
Сайкалга ишенбейм, калгандары болушу мумкун, озунор деле салыштыргыла тыржыйган Айпери деле 50кг томпойгон Сайкал 50кг ишенуу кыйыныраак менин соогум да женил озум да кымындаймын но все равно 48кгмын
0
LIVER
2010-04-27 09:53:25
Сайкал 50км? койсонор, окшошпой калды.
0
aizita
2010-04-27 23:43:07
Saikaldyn salmagy chyn ele okshoshpoi kalsa kerek...
0
Evelet
2010-04-28 05:01:44
Sajkalga e4 kim ishengen zhok!!!!! Men voobwe ngenim zhok
-1
AazamatBBB
2010-04-28 07:26:34
жакшы экен
0
zvezda
2010-04-28 11:23:59
Saikal oldu degende 58 di basat ko...
0
инженер
2010-04-29 16:15:52
Туура, Сайкалдын салмагы 50кг эмес ко! Мендей эле го дейм, а мен 75кгмын:-)
0
Kyrgyzzz
2010-04-30 15:58:42
Menim4e saykal aryktatuu4u karajattardan koldongongo.Al daryny i4ken son salmagyn azayat.Sebebi,denedegi suunun dengeelin tomondotot.A aryktaw u4un awyk4a maylardy erituu kerek.Ubaktyn4a salmagy az bolup turat.Kiyin4ereek teskerisin4e kayra salamgy koboyup ketet.Sebebi,Organizmdin 70%suudan turat.To4no owonon i4ken go.
0
meninjanym
2010-05-04 18:42:58
Aiperige Dfac kerek.
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан