Ильяз Абдыразаков: "МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕН КОРКОМ ДЕП МЕДИНАНЫ ИШТЕТПЕЙ КОЙДУМ"

– Ильяз, салам. Мурун журналисттер менен маектешүүдө тартынчаак элең. Байкашымча, акыркы убакта тамашакөй болуп өзгөрдүң. Бул эмненин белгиси?
- Салам, кандайсыздар? Чынында, мен чыгармачылыкка кичинемден аралаштым. Жаш кезимден интервью бере баштадым. Балким, анда жаш болчумун, уялчумун. Азыр үй-бүлө күттүк, бала-чакалуу болдук, бир аз болсо да чоңойдук дегендей. Кагылып-согула берсек эле тил чыгат окшойт.

– Кагылып-согулгуча да башыңдан бир топ окуя өттү окшойт. Медина экөөңдүн ортоңордо кызганычтын айынан келишпестик болгонун уккан элек...
- Кызганыч ар бир адамда бар, түрү да көп. Эне баласын же бала энесин кызганат. Жигит сүйүктүүсүн, жубайы жолдошун дегендей. Бизге апабыз кичинекейибизден үй-бүлөдө эркектин ордун, аялга болгон мамилени жакшы эле түшүндүргөн. Мединаны билбейм, бирок менин "үй-бүлөнү кандай кырдаалда болбосун сактап калам" деген принцибим бар.
Апам да неберелери дегенде жанын берет. Ал киши илгертен эле жаны тынбаган иштерман. Базардан орун алып соода кылат же түштүктөн жер-жемиш алып келип борборго сатат дегендей. Азыр деле ошол сыяктуу иштери менен бизден алыста жүрөт. Кечээ эле "барам, неберелеримди сагындым" деп көпкө чейин сүйлөштүк.

– Интервьюларыңда апаң жөнүндө көп айтып келесиң, атаң тууралуу да айта кетсең...
- Атам колунда бар, эл башкарып жүргөн адамдын баласы экен. Чоң атам атамды ушунчалык эрке өстүрүптүр. Тапканынын баарын эле атама чаптачу экен.
Апам "атаң жаш кезинде сулуу болчу" деп калат. Өң-келбети жагынан мен атама, Нияз апама окшош. Атам биз кичинекей кезде чыгармачылыктагы достору менен гастролдогонун элес-булас билип калдым. Үйгө келишкенде алардын ырдагандарын карап отуруп менде ырга болгон кызыгуу жаралган. Азыр атам менен сүйлөшүп турам.

– Апаң соода-сатыкка шыгы болсо, сенден деле ишкер чыгат экен да...
- Апам тиякка-биякка иштери менен көп чыгат. Аяп кеткенде жардамдашайын, жок дегенде машина менен ташыйын деп ойлоп, жакшы эле аракет кылам. Бирок бир жерден экинчи жерге жеткиче эле нерв болуп, чыдабай кетем. Эсимде, бир убакта таксисттер машинасына чакан телевизорлорду орнотуп катуу чыгышкан. Таксист байкелерди көрүп мен да таксист болууга кызыгып, машина сатып алып, телевизор койдургам. Алматыдан Бишкекке кардар салбай эле, эки жолу өзүм айдап келгенде көңүл калып калды. Кардар издеп жүргөнүмдү элестетип такыр эле ал оюмдан кайткам.

– Жубайың Медина иштеп жатабы?
- Биздин үй-бүлөдө бир гана Медина үйдө отурганды жактырат окшойт. Азыр балдар менен үйдө. Кесиби боюнча юрист. "Милиция кызматкерлеринен корком, мени камап коюп жүрбө, иштебей эле койчу" деп тамашалап жүрүп иштетпей койдум.

– Супер атасыңбы?
- Апасы урушса балдарга болушам, апасы уруксат бербеген нерсеге уруксат берем. Кыскасы, алардын ою менен болгон атамын. Апасы урушканда мага даттанып жатып калышат. Мен ого бетер жакшы көрүнүп апасын тамашага салып чабымыш болуп коём. Улуусу 5 жашта, өтө эрке. Тамакты да өзү жебейт, апасы жедирет. Кичүү балам 1де, чыдамкай, аракетчил, тамакты өзүм жейм деп аракет кылып калган. Медина үй-бүлөдө 3 бир тууган. Үчөө тең кыз, кайын журт биздин улуу баланы өзгөчө жакшы көрүп, эркелетишти, ошондон улам азыркыдай мүнөз күттүбү деп коём.

– Мурун "инимди ырдатпайм" дечү элең. Азыр Нияз таанымал ырчылардын катарын толуктап калды. Ал оюңдан кайттыңбы?
- Мен кичинемден гастролго чыгып, ырчылыктын ысык-суугун баштан өткөрдүм. Нияздын бул жагынан тажрыйбасы жок, үнү да такшалган эмес эле. Ошондон улам аны "ырдабай эле кой" дечүмүн. Өзүнүн аракети менен эле мага теңелгени калды. Кээде "ырың мындай, клибиң тигиндей болуп калыптыр" деп оюмду айтсам, "сен мени шылдыңдап жатасың" деп жаш балача таарынып калат.

– Продюсериң Баяке Чааров барда хит ырларды көп жараткан элең. Ал кишинин чыгармачылыгыңа таасири чоң болгон деп ойлойсуңбу?
- Ыраматылык Баяке байкенин менин чыгармачылыгымда салымы чоң. Мага чейин Сыймык Бейшекеев, Асел Кыдыковага да жардам берген экен. Асел Кыдыкова менен Мирлан Ниязов үйлөнүп, "чыгармачылыкты таштадык" дегенден кийин мени менен иштеше баштады. Акча деле алчу эмес. "Акчаны кандай бөлүшөбүз?" десем, "акчанын кереги жок, "байкем мага жардам берет" деп айтып жүрсөң болду" деп койгон. Музыкалык билими бар, ыр тандоо жагынан жаңылчу эмес. Ал кандай жаса десе, дал ошондой аткарчумун. Ошондо жакшы ырлар чыккан. Иштешкенибизге 2 жыл болгондон кийин эс алып келейин деп Нарынга кеткен. Бир жылдан соң эле каза болду деп уктум. Бул жердеги ырчылар менен Нарынга барып топурак салып келгенбиз.

– Сахнада жүргөнүңө он жыл болуптур, белгилөө оюңда барбы?
- Бар, албетте. Менден мурун Кайрат Нуртас "качан концерт бересиң, мен барам" деп жатат. Мурунку концертимде ал катышмак, бирок кар көчкү түшүп келе албай калган. Аны Кайрат унутпаптыр. Кайрат менен үй-бүлөлүк катыштамын. Башкалардын концертине келишимдик негизде гонорарга келсе, меникине дос катары бекер келет. Бирок мен деле куру кол кайтарбайм. "Жол кире кылып кет" деп чөнтөгүнө акча салып берем.

– Рахмат маегиңе.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Келинчегим Тиматинин келинчегинен кем эмес" дейт Ильяз Абдыразаков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Djumaev0mur
2017-06-13 02:45:35
Менда ыр жазам, жазган ырларымды берейин дейм Ильязга
+2
Barclays_CR7
2017-06-13 08:07:15
"Азап" деген ыры бир жаралды, ии бир жарды кысталак кайсы жерге барба Азапты угуп калышканго.
+10
raykray
2017-06-13 13:55:04
Жакшы аял куйоосун хан кылып хандын аялымын дейт, жаман аял куйоосун кул кылып кулдун аялы болот экен, Ильязга ишенем уй булоосуно бек,эмгекчил бала, аялында тушуном кызганат бирок озун кармап коп коп тушунууго аракет кылышы керек!,Бактылуу, ыймандуу,уй булолордон болгула
+3
Aysuluu90
2017-06-13 19:02:46
Менин жердешим кичинесинен таланты бар Атасы да ырдап жургон жаштыгында аябай сулуу эле атасы. Апасы музыкадан сабак берчу Уулкан эжекебиз аябай адамгерчиликтуу уй було эле кочуп кетишкен Бишкекке
+2
milashka_moia
2017-06-13 22:59:44
Ильяз байке сизге чыгармачылык ийгилик, уй-булоолук бакыт каалайм. Талантынызга таазим.
+1
econom313
2017-06-13 23:14:45
Талантыңды абдан сыйлайм жана сени үй-бүлөм менен жакшы көрөбүз. Эки дүйнө бактылуу болгула. Дагы мыкты чыгармаларды жарата беришиңе тилектешмин.
+1
Jipasha78
2017-06-14 12:49:05
Иляз сенин талантын биздин сыймыгыбыз ден соолугун чын болсун уй булолук бакыт каалаймын.сендей баткенимдин жигитм менен сыймыктанабыз
+3
marselkalmurzaevkg
2017-06-14 15:10:13
Жакшы ырдайт инисине коооп жыл бар тенелишине
+2
Izdeim_seni.
2017-06-15 09:33:21
Ушу да ырчы болуп журот
-3
Albinka.87
2017-06-18 16:32:06
Izdeim_seni.,Мышык майга жетпей сасык дептир болбочу. Колундан ырчылык келбейби унчукпай тирилигинди кыл. Сен эгерде Ильязды чонойтуп ырдаганды уйротуп бирок колундан келбесе же ал уйроно албаса анда бир жон. Сенден сурабадыбы оз жолунда жур. Сен супер инфого бироону сынап таанылам десен ал эбак эле Кыргыз элине таанылып койгон. Талантту жигит. Бир убактар Жылдын мыкты ыры, Жылдын мыкты ырчысы болуп жургон. Сен ага тенелуу учун кооптогон шым жыртышын керек болот.
+1
pomposh
2017-06-15 14:52:57
жакшы ырчы жаш уйбуло. ийгилик бакыт каалайм. Ата болуу бул чон бакыт жана жоопкерчилик ошондуктан жоопкерчиликти сезе билъъ менен уй булого калдайган канат болуш керек
+1
karakoz2017
2017-06-15 21:28:36
Кандай гана жопжонокой кыргыз жигити!Ильяз байкеге уй-булоолук бакыт каалайбыз!!!
+1
Kumarchik
2017-06-16 17:14:01
Молодец Ильяз сенин ырларын омур бойу хит бойдон кала берет мындан арыда хит ырларды жаратып журо бер
+1
Alina1984
2017-06-17 16:57:21
Урушпай талашпай эле кечээ кафеге келип тамактанып кетишти уулдарын ээрчитип
+2
saparalievna000
2017-06-19 04:16:04
Азаматсың, Ильяз!
0
Abdullatif
2017-06-22 01:15:57
Илязга бир жакшы стилист анан продюсер болуп кайрадан такай, талыкпай иштешсе Кайрат Нуртастан ашып тушот. Жадакалса Орто Азияга белгилуу ырчы болот. Мен буга боркумдой ишенем. Азыр да кеч эмес. П.С. ката жазган болсом кечирим сурайм.
+2
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан