Токтобек Асаналиевдин уулу Боогачы Наматбеков: ``МЕН ЖАКШЫ БАЛАМЫН ДА...``

Бала тили бал

“Болоюн сенин Боогачың...” деп сыздаган Ат-Башынын кулуну Токтобек Асаналиевди кайсы кыргыз тааныбайт. Токтобек мырза ушул ыры менен калың журтка бир дүң болду. Ошондон улам экинчи уулунун атын Боогачы койсо керек. Бүгүн бизде мейманда, мына ошол төрт жашар Боогачы Наматбеков.

– Атың ким, чоң жигит?
– Боогачы.
– Фамилияңчы?
– Токтобек.
– Канча жаштасың?
– Экидемин.
– Санаганды билесиңби?
– 1, 2, 3, 4, 6 (алдындагы тортту жеп) 8.
– Торт жактыбы?
– Жакты. Садиктен торт бербейт экен. Үйдөн жүрөк торт жегем. Аны папам алып келген. Бул эмне, алдагы (компьютерди көрсөтүп) кагазбы?
– Жок, бул компьютер. Садикте балдар көппү?
– Эки бала бар, кыздар бар. Садиктен согушуп жатышпайбы. Мен да балдар менен согуштум. Анан мага акча бересизби?
– Акчаны эмне кыласың?
– Шоколад сатып алам, атама берем. Атам ооруп жатпайбы, доктурга барганда акча берген.
– Атаң ооруп жатса, дары бердиңби?
– Ооба, садиктен менин тамагым оорубадыбы. Мож (балмуздак) жегем да.
– Кайсы тамакты жакшы көрөсүң?
– Чай, нан, бопосуй, беченье жакшы көрөм. Болду, ушул эле жетет.
– Апаңа, атаңа үйдөн жардам бересиңби?
– Мага атам жардам берет.
– Сени апаң, атаң урушпайбы?
– Урушпайт. Насыйкат үйдө.
– Насыйкат деген ким?
– Иним да (Насыйкат Боогачынын бир жаш, үч айлык карындашы).
– Сени ата-энең эмне деп эркелетишет?
– Жок, эркелетпейт, жакшы көрүшөт.
– Апаңды жакшы көрөсүңбү же атаңдыбы?
– Насыйкатты жакшы көрөм. Насыйкат экиде. Ыйлай берет. Эшикке чыгып эле жыгылып ыйлай берет. Атам болсо машина айдаганды билет. Насыйкат да, мен да билем.
– Үйдө оюнчуктарың көппү?
– Атам машина алып берет. “Магазинге барып эмне аласың?” дейт да.
– Китеп окуганды, жазганды билесиңби?
– Билем, Канат байкем үйрөткөн. Ручка менен монтип (кагазды чиймелеп) жазам.
– Кана, мобул китепти окуп көрчү.
– Бала уктап жатканда апасы келип калды. Анан бала дагы эле уктай берди (оюнан чыгарып окуп жатты).
– Ай, азамат. Эми ырдап берчи.
– Мылтык аттым. Тах дегенде, тах деди. Анан мен жыгылып калдым. Апам мага "тамак ич" деди. Мен жакшы баламын да, тамак ичип алдым.
– Атаң ким болуп иштейт?
– Атам жумушта иштейт. Апам үйдөн музка (музыка) коюп алып монтип (укмуш кыймылдап) бийлейт. Мага үйрөткөн.
– Апаң жомок айтып береби?
– Ооба, илгери кемпир болуптур. Абышканы уурдап кетет да. Карга чүш деп түшүп кетпедиби. Абышка биякка келгенде чүш дейт да...
– Кичинекей бөбөктөрдү жакшы көрөсүңбү? Апаңды төрөп бер дебейсиңби?
– Жок, төрөп бербейт, машина сатып берет.
– Чоңойгондо ким болгуң келет?
– “Боогачың болоюн сенин...” деп ырдайм.
– Анда ырчы болот тур-байсыңбы. Тилегиңе жет!

Ата-энеси менен келген Боогачы бизге божурап ушундай маек куруп берди. Кетеринде “эртең келем” деп чоң жигиттерче коштошту.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
italia
2010-04-26 17:17:07
Ий мотуруайган,жаш балдардын суйлогону сонун да тим еле журогунду эзип жиберет. Ыймандуу Кыргыздын келечегине жараган жакшы балдардан болуп чоной айланайын.
0
azeko
2010-04-27 13:36:51
тимеле соонун бала экен!!
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан