Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунун Райымбек Акматов аттуу тургуну 2014-жылдын ноябрь айынан бери дайынсыз. Туугандары аны аялы жана баласы өлтүрүп, сөөктү жашырып салышкан деп шектенишет. 2016-жылы жоголгон адамдын уулу атасын өлтүргөн деп шектелип кармалган. Бир тууганынан айрылган маркумдун бир туугандары болсо «жок дегенде денесин кайда алып барып көмгөнүн айтып койсо, жаназасын окуп, куран түшүрүп, өлгөнүнө ишенип көксөөбүз сууйт эле» дешет.
«АТАМДЫ ӨЛТҮРҮП, ЖЕР ТӨЛӨГӨ БИР ЖУМА КАТЫП ЖАТЫШКАН»Муханбет Жаркынбаев Райымбек Акматовдун бир тууган иниси. Ал 2 жылдан бери агасынын сөөгүн издеп жүргөнүн айтып, буларга токтолду:
– Райымбек Акматов менин бир тууган агам болот. Ал үй-бүлөсү менен Бишкектин Көк-Жар конушунда жашап, өзү маршруттук такси айдап иштечү. Акыркы жолу агам менен 2014-жылдын ноябрь айында телефон аркылуу сүйлөшкөм. Ошондон кийин эле агамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефону өчүк болуп туруп алды. Өзүм Ат-Башыда жашайм. Сокулукта жашаган эжем агамдын үйүнө барып, көптөн бери үйдө эч ким жашабай жатканын кошуналарынан угуптур. Анан издеп жеңемдин Балыкчы шаарында жашаган эжеси Турсун Өмүрбаевага бардык. Ал бизге «балдары чоңойду. Акча көп керек, ошондон улам Казакстанга иштегени кетишкен» деди. «Анда биз менен байланышсын» деп кетип калдык. Бирок бизге эч ким телефон чалбагандыктан, өзүбүз издештире баштадык.
Бир күнү агамдын үйүндө кыздары жүрөт дегенди угуп барсак, 3 кызы тең үйүндө экен. «Каякта жүрөсүңөр?» деп сурасак, алар «атам-апамдар Астанада иштеп жатышат. Биз жумушка чыдабай келе бердик» дешти. «Анда алар менен сүйлөштүрүп койгулачы» десек эле ыйлап киришти. «Үйдөн чыккан уруштан улам иним менен апам атамды башка чаап өлтүрүп алышты. Сөөгүн бир жума жер төлөгө килемге ороп катып жатышып, апамдын туугандарынын жардамы менен жоготушкан. Анан таежемдер бизди Астанага качырышкан» дешти. Биз ошол замат милиция чакырдык.
«АГАМДЫН УУЛУ АР КАНДАЙ КӨРСӨТМӨ БЕРИП ЖАТАТ»
– Ошондон баштап биз агамдын сөөгүн, аялын жана баласын издей баштадык. Казакстанга чейин барып, жеңем менен баласына жолуга албай келгем. Алар дайынсыз болуп эле туруп алышты. 2016-жылдын май айында Октябрь РИИБинин кызматкерлери аларга эл аралык издөө салышып, ноябрь айында агамдын баласы Нурсултанды кармап келишти. Ал атасын өлтүргөнүн моюнуна алды, бирок сөөгүн кайда алып барып жашырганын такыр айтпай жатат. 2017-жылдын 28-май күнү Көк-Жар конушундагы таштанды ташталган ээн талааны көрсөтүп, «ушул жерге көмгөм» деп көрсөтмө берген. Ал жерди казышканда адамдыкына окшош кабырга, жамбаш сөөктөр чыгып, аны экспертизадан өткөрүү үчүн алып кетишкен. Бирок жыйынтыгы чыга элек. Андан бери иним ар кандай көрсөтмө берип жатат. Бир туруп «сөөктү балталап туруп чочколорго бергем» десе, кээде туруп «каналга ыргытып жибергем» дейт. Дагы бир жолкусунда «сөөктү өрттөп, күлүн Казакстанга ала кеткем» деп адамдын жанын кашайтып жатат. Кыздарынын айтканы боюнча, агамды аялы темир менен башка чапканда ошол жерден мүрт кеткен экен.
«КАТАРЫ МЕНЕН ЖОГОЛГОН 3 БИР ТУУГАН КАЙДА ЭКЕНИ МАГА ЭМИ КЫЗЫК БОЛО БАШТАДЫ»
– Агамдын баласынын күнөөнү моюнуна алганы азыр мага кызык болбой калды. Кудайга койдум, болгону сөөктүн кайда экенин айтышса, агама куран түшүрүп, жаназасын окуп койсом жакшы болбойт беле. Эки жарым жылдан бери тирүүнүн өлүгүнө айланып, ушинтип көрүнгөн жерден сөөк издеп жүрөм. Бир тууган деген кыйын экен да, көксөөм суубай жатпайбы (ыйлап).
Агамдын 3 кыз, 1 уулу бар. Аларды өзү жалгыз эле иштеп багып жүрчү, кээде ичип коймой жайы да бар эле. Үй-бүлөсү «ушундан улам өлтүрүп салдык» деп айтышкан, кийин кайра танып жатышат. Агамдын улуу кызы «мага иним бычак такап, «сен атамдын туугандарына жакынсың. Эгер ушул окуяны айтып сала турган болсоң мууздап салам» деп коркуткан күндөрү болгон» деп айткан. Жеңемдин 20 жыл мурун бир тууган 3 иниси дайынсыз жоголуп кетип, эч ким деле издеген эмес. Аларды жакшы таанып калганымдын себеби, агамдын үйүндө жашап эле жүрүшчү да. Агам экөөбүз да издегенбиз, бирок дайынын тапкан эмеспиз. Эми мага ошолордун да кайда жоголуп кеткени кызык боло баштады. Жеңем жолдошунун өлүмүн ушунчалык табышмак кылып жаткандан кийин булар тууралуу да ойлобой коё албайт экенсиң.
«МУРУН КЕЛИНИМ ИНИМДИ ҮТҮК МЕНЕН ЧАПКАН ЭЛЕ»
Ал эми «инимдин сөөгүн тапмайынча жаным тынч албайт» деген эжеси Бүбүажар Акматова буларга токтолду:
– Келиним мындан бир топ жыл мурун да инимди үтүк менен башка чаап, ызы-чуу болгон. Ошондо улуу кызы «атамды мен чаап алдым, апамда күнөө жок» деп ыйлаган эле. Биз Райымбектин тирүү калганына сүйүнүп кайра кетип калганбыз. Милиция кызматкерлери кыздарды суракка алышканда, биз инимдин кыздарына боорубуз ооруп, «күнөө буларда эмес» деп болушканыбызчы. Алар кийин «биз антип айткан эмеспиз» деп караманча танып туруп алышпадыбы. Райымбектин сөөгүн издеп жатканыбызга 2 жарым жылдан ашты.
«АТАМ КӨП ИЧКЕНДИКТЕН ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН КАТЫШЧУ ЭМЕС»
Биз экинчи тараптын да оюн угалы деп маркумдун үйүнө 2 ирет барып, жубайына кезиге алган жокпуз. Ал эми маркумдун бир кызы төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Атам көп ичкендиктен туугандары менен катышчу эмес. 3-курста окуп жүргөндө атам мени сабагандыктан, өзүмчө кыздар менен батирге чыгып кеткем. Окуя болду деген күнү мен жумушта болчумун, атамды ким өлтүргөнүн билбейм. Кийин «балким, атам тирүүдүр» деп атамды издеп көзү ачыктарга да барып көрдүм. Азыр деле атамды күтүп жашайм, келип калат деген үмүттөмүн. Өзүбүз деле издештирип жатабыз. Иним болсо «билбейм» деп жатат. Ал деле ар кайсыны айтып жатат. Биз болсо Астанага иштегени кетебиз деп мурун эле сүйлөшүп жүргөнбүз. Ал жакта апамдын туугандары жашайт, барып иштеп, кайра келгенбиз.
«ТЕРГӨӨ АЯКТАП, ИШ СОТКО ӨТКӨРҮЛДҮ»
Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Майрам Аскарбекова буларды айтып берди:– 2015-жылдын 20-август күнү Бишкек шаардык Октябрь РИИБине Райымбек Акматов аттуу жарандын 7-8 айдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу туугандары арыз менен кайрылышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жоголгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрү аны өзүнүн эле уулу башка чаап өлтүрүп койгондугун айтып көрсөтмө беришкен. Бул факт боюнча Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Эл аралык издөө жарыяланып, жыйынтыгында 2016-жылдын 25-майында Казакстандын борбору Астана шаарынан кылмышка шектүү катары жоголгон адамдын 1991-жылы туулган Н.Р. аттуу уулу кармалып, ошол эле жылдын 7-ноябрь күнү Кыргызстанга алып келинип, камакка алынган. Бирок кылмышка шектүү Н.Р. кылмышын моюнуна алган эмес жана азыркы кезге чейин Райымбек Акматовдун сөөгү табыла элек. Ушул жылдын 12-июнунда тергөө иштери аяктап, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg