Баарыбыз демибизди ичке алып күткөн «Түбөлүк сүйүү» («Kara sevda») сериалынын финалы жакындоодо. 2 сериясы гана калды! Экинчи сезондо сценарий жазуучулар Шерлок Холмстун детективдик окуяларындай эле башты айландырышты. Сериалда сүйүү үч бурчтугу эле эмес, ромб, квадраты да кошулуп кеткендей.
БАШ АЙЛАНТКАН 3 БУРЧТУК
Экинчи сезон курч окуялар менен башталат. Эмирди атып жиберип түрмөгө түшүп калган Кемалга Нихан боюнда бар экенин, баласынын атасы ал экенин айтууга белсенип жолугууга барат. Бирок жолугушууга Кемал ызасы менен чыкпай коюп, өмүрүндөгү эң жакшы кабарды укпай калат. Ал түрмөдөн чыгып, Нихан менен анын күйөөсү Эмирден кек алууну көксөйт. Андыктан Асу Алажаханга үйлөнүү сунушун киргизет. Нихан чет өлкөгө кетип, боюндагы наристени жарык дүйнөгө алып келет. Кыз төрөп, атын Дениз коёт, дал Кемал экөө эңсеген, кыялданган атты. Эмир эми жоопсуз сүйүүсүнө кичинекей Дениз аркылуу жетүүнү көздөп, Ниханды чогуу жашаганга мажбурлайт. Аргасыз көнгөн Нихан андан өч алуу планына чындап киришет. Кемал болсо Нихандын инисинин өлүмүн изилдеп жүрүп сүйүктүүсү менен жолдору кайра биригет. Нихан кызы Эмирден эмес, Кемалдан экенин айта албайт. Бул учурда Кемал менен Асунун никелеше турган күнү жакындайт. Бирок Кемал Асу ниети таза, өзүн көрсөткөндөй «коёнек» кыз эмес экенинен шекшийт да, изилдеп отуруп анын Эмирдин бир тууган карындашы экенин билет. Кемал Эмирдин кудуретин, байлыгын, фамилиясын өчүрүш үчүн компаниянын жарым акциясына ээ болуш керек эле. Андыктан аны менен келишим никеге турат. Ортодо Кемалдын карындашы Зейнеп да бар. Ал Эмирге катуу ашык, Нихандын иниси Озандын өлүмүнө да катыштыгы бар. Бирок чындык калкып чыгып, Озанды Зейнеп эмес, Асу өлтүргөнү билинет.
Кемал Нихандын кызы Дениз өзүнөн экенин билет. Бул арада Эмирдин чындап айласы кетет. Ишенген фирмасы карызга батат, атасы түрмөдө, карындашы Асу психикасы жабыркагандардын бейтапканасында. Ошентсе да Нихандан баш тарта албайт. Ал тургай Зейнептин карынындагы болочок уулу да аны токтото албайт.
Кемал менен Нихан акыры үйлөнүшөт. Эмир көп нерсени ойлоп отуруп, Денизди уурдап кетүүнү туура көрөт. Акыры Эмирден кутулушуп Нихан менен Кемал биригет.
«СЕРИАЛ БҮТӨРҮ МЕНЕН ҮЙЛӨНӨМ» Сезондун бүтүшү менен сиз сүйгөн актёр Бурак Өзчивиттин «эркиндиги» бүтчүдөй. "Боз торгой" сериалында тартылган өнөктөшү, актриса Фахрие Эвжен экөөнүн үйлөнүү тою июнь айынын аягында боло турганы белгилүү болду. Бурак «Той июнь айында Стамбулда болот, датасын айтпай туралы, андан кийин экөөбүз тең узак эс алууга чыгабыз. Андыктан мен дагы силер менен бирдикте «Түбөлүк сүйүү» качан аягына чыгарын күтүп жатам» деп билдирди. Бул той түркиялыктар үчүн "Жылдын тою" деп аталып, азыртадан эле аларды аңдып, кыз кандай көйнөк киери, бал айы кайда өтөрү тууралуу сөз болууда.
Сезондун бүтүшү менен Неслихан Атагүл (Нихан) дагы эс алууга чыгарын айтты. Ал эми Зейнептин ролундагы Хазал Филис жана «жеңилбес» Каан Урганжыоглу жакынкы убактарда кайрадан жаңы сериалдарга тартылып күйөрмандарын сүйүнтүшөрүн белгилешти.
2-СЕЗОНДУН ЫСЫК ИРМЕМДЕРИ
Бул сезондо ысык сезимдерге да көп орун берилген. Бири күйөөсү бар, экинчиси эми үйлөнө турган башкы каармандар бул абалдан кандай чыкты? Неслихан «Мында эч кандай уят нерсе жок. Биз актёр катары элди ошол нерсеге, түбөлүк сүйүүбүзгө ынандырышыбыз керек эле. Мен өз кесибимди аткардым. Жолдошум Кадир дагы буга түшүнүү менен карады» деп билдирди. Ал эми Бурак Өзчивит бул тууралуу сөз кылгандан баш тарткан.
КЫСКА, БИРОК КЫЗЫКТУУ
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg