«АЯЛДАР, СИЛЕР КОРГОЛО ТУРГАН ЗАТСЫҢАР!»

– Эс тарткандан баштап эле «аял жакшы – эр жакшы», «жакшы аял жаман эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылат» деген апамдын насааты менен чоңойдум. Менин курагымдагы же менден улуу, же кичүү баары эле ушундай тарбияда чоңойсо керек. Акыркы кездерде мен бул макалдарга кыжырым келе баштады. Эмнеден улам экенин азыр икаямдан улам түшүнөсүз. Жашоо шартка байланыштуу Түркияда жашап калдым. Акырындап түрктөрдүн жашоосуна аралаша баштадым. Ооба, бай-кедей, кыйынчылык деген Стамбулда деле, Африкада деле ошол. Бирок ар бир улуттун өзүнө жараша адаттары болот экен. Мисалы, мен ал жактан биздин аялдардай эмгектенген аял көрбөдүм. Боюнда бар, эми төрөйм деп жаткан аял базарда отурганын көрбөдүм. Өзүнөн чоң баштыктар менен товар ташыйм деп бели бекчейген келиндерди, бензин куюучу жайларда түн ичинде иштеген секелек кыздарды, пенсия курагындагы апалар дили, тили бөтөн жерге кетип кор болгонун көрбөдүм. Күндүз иштеп келип, кечинде каардуу кайнененин тилин таап, бала-чакасын багып, ортодо күйөөсүнөн чала-бучук таяк жеп, эртеси эс албай жумушка кеткен аял тууралуу айтсам, алар үчүн жомок.
Ал жакта аял акак таштай сыйланат экен. Мыйзамы да, эли да, эркеги да коргоп турушкан аялдарды көрдүм. Алардын көздөрү бактылуу, ишенимдүү. Көрдүм да, ичимден сыздым. Биздин элдин аялга кылган мамилеси да, макалы да, сөөгүнө сиңген түшүнүктөрү да туура эмес сезилди.
Сиз деле ойлоп көрсөңүз, эмнеге башка улут кызын «сен ханбийкесиң, сен дүйнө сулуусусуң» деп тарбияласа, биздин апалар таптакыр башкача тарбиялашат. «Кызым, тилиңди тишиңе кат, кокуй, ошентип жеңесиң, ошентип эл болосуң, күйөөнү деген алдаш керек, чыда, өлүп кетпейсиң» деген кептерге кулагыбыз бышкан. А аталарыбызчы, менимче, алар «кыз дегенди энеси тарбиялайт» деген түшүнүк менен өздөрүн суудан кургак чыгарып кетишет. Капа болгонум, атам замандан эле кыргыздар макалы менен, башкасы менен кыздарды эркектер үчүн кызмат кыла турган объект катары көрүп жүрүп сөөгүбүзгө сиңип калганы.
Ал жакта кабылган бир кызык окуя эсиме түштү. Сейил бакта жүргөн элек, бир түрк айым сөз баштап, мен жооп берип дегендей отуруп калдык.
– Сиз эмне иш кыласыз?- дедим мен.
– Эч нерсе, үйдөмүн.
– Аа, демек, үй иштери менен алек экенсиз да?
– Жок, үй иштеримди кызматчы кылат.
– Түшүндүм, кыздарыңыз менен алек болот экенсиз, ээ?..
– Кыздардын 2 бала багуучусу бар.
– Анда күйөөңүзгө көңүл буруп, жакшы карайт турбайсызбы?
– Эмнеге, күйөөм мага көңүл бурсун...
Эрксизден күлдүм. Биздики менен салыштырсаң, асман менен жердей. Балаңды тарбияла, акча да тап, кайын журтка да кызмат кыл, үй тиричилигиңди тың кыл, алыс-жакын туугандар менен катташ, күйөөң башкага кетип калбаш үчүн ага жагуунун жолун изде. Айтор, баарына жетиш!
Негедир «үй-бүлөнү алып кетиш аялдан» деп тыянак чыгарып алышкан. Ал тургай эркек балдарын таштап, башканын үстүнө кирип кетсе да биз анын аялын күнөөлөйбүз. Басып кеткен эркекти эмес, аны кармай албаган аялды... Күлкү келерлик нерсе эмеспи, ээ, замандаш.
«Мыкты аял экен, үй-бүлөсүн сактап калды» деп да көп угам. Мурун мен да ошондой аялдарды кыйын экен деп ойлочумун. Азыр мага алар байкуштай сезилет. Баарына көз жумуп, үй-бүлөнү сактап калдың, ошол эле учурда өзүңдү жоготкондурсуң, балким... Аны кандай күч менен сактап калганын бир өзү, бир Кудай билет. Мени ойлонткон нерсе, эмне үчүн биздин кыздар, келиндер, апалар өздөрүнө эркек ташый турган жүктү алып алышкан? Андан да жаманы, эмнеге биздин эркектер ошого макул болуп отуруп калышкан?
Билем, көп эркектер менин оюма каршы чыгат. «Тантыраган неме да, аз убакыт башка өлкөдө жүрсө эле кыйын болуп калат. Бул аялдын жүгү эмей эмне?!» дегендер четтен чыгат. Албетте, актанууга акыңар бар :)
Кыздар, келиндер, апалар, бүгүнкү күндүн жүгү оор. Кайышып, майышып көтөрүп келе жатасыңар. Айтарым, ошол жүктү жалгыз көтөргөнгө милдеттүү эмессиңер. Силер корголо турган, аярлана турган, аяй турган затсыңар! Тарбия муундан-муунга өтөт эмеспи, биз кыздарыбызга болгон тарбияны, талапты өзгөртүшүбүз керектир. Балким, биз ошондо аялы, баласы корголо турган коомго келербиз...

Мээрим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (63)
ernis_07
2017-06-20 17:23:29
Ар жактан ар нерсени коруп алып чаптай бербегилечи сураныч кыргыз Африкага барса да Кыргыз боюнча калат да тообо аялынбы эркегинби оз милдетинди бил дин менен жаша Аллахтын алдында таза бол болду анан капкайдагы бироолорду соз кылып эмне кереги бар.Автор сиз бир бай турктун аялы менен суйлошуптурсуз а башкаларычы кордунузбу?
-6
bek007
2017-06-20 23:40:35
Турцияга биз да барганбыз, аялдардын талааларда тракор айдап жана башка иштерди кылып жүргөнүн көрүп эле жүргөнбүз. Эл барбаган жакты көрүп келгендей жазыптыр го тимеле. Сен да кайнене болгондо келиниң өнөрүн көрсөтүп турса көрөсүн ошондо
-7
Altyn10076
2017-06-21 02:33:13
Эч иш кылбай олтургунар келсе Туркторго турмушка чыгып алгыла . Кийин келин жумшабай жыргайсынар.
-10
gordaya
2017-06-21 14:57:37
Altyn10076,ал жерде келин эмес, уул кызмат кылат.
+8
Shahrizaada
2017-06-21 09:22:04
Бир бай катынды көрүп алып эле философияга жетеленип алгансызго. Ал аялдын үй кызматчысы аял! Балдарынын балдарын караган нянкада аял! Ал байкуштар келээрден кечке бирөөнүн үйүндө кызмат кылып акысын алып атат, анан ал кызматчылар кантип ханыша болсун логичноле ойлонунузчу рамканын ичине түшүп албай. Бир үйдө эки башка статустагы аялдар турат.))
-4
Jaku2017
2017-06-21 17:25:00
чын эле ойлонтот!Мам.кызматта иштейм айлыгым 6400 сом,өзүмдү өзүм каржылайм,кийимимден баштап майдасына чейин,үйгө анда санда азык-түлүк алам.Балама таята-таянесинин колунда,азыр жашсынар иштеп алгыла,жардам берели деп турат,балама кийим кечесин да алып берем.Айлыгымды ары тартып бери тартып жетпесе кийинки айды кутуп, иши-кылып оокатымды кылып жатам.Күйөөм айына өзүнүн керектөөсүнөн тышкары 30000 сом акча табат.Бирок негедир күйөөмдүн карызы көп,же тыңыраак кийими жок.Инисинин кредитин төгөт.
+5
Jaku2017
2017-06-21 17:29:09
Өткөндө атама карызмын дегенде менден көк түтүн чыга түштү. Болбосо башка эркектердей болуп,ичпейт,чардабайт,катын баласынын кем карчын албайт.Башым ооруп чыкты ойлоно берип.Не себептен ушундай?Же бардык эле адамдын башында ушундай окшош эле проблема барбы?
+1
barakcha
2017-06-21 21:51:01
Кыргызымдын аялдарына айтаарым.Алынарга жараша эле торогуло.Бала багып чонойтом деп озунордун ден-соолугунардан ажырайсынар.Озунорду дагы ойлогула да?Устундо бироо жазып кеткендей оорукчан болуп калсанар барагой торкунуно деп чыгарып койушат.Ошондуктан озубузду озубуз баалап барктап жашашка аракет кылалык.Токмок жеген аялдардын акылы жогураак деп билем.Андай кызыл камчы эрдин барынан жогу жакшы!
+6
ozgeldi
2017-06-22 00:20:03
Ооо мындай болсо коросунор дагы 20.30 жылда катын эмей эле куйоон болуп алышат го аялдар .. тфу тфутен укук деген кайдан чыга койду билбейм.мындай темп мн кетсенер бактылуу болбойсунар го ..туркторго же башка улуттарга тийип жоголгулачы ХХХ . силердей катындын кереги жок бизге.
-13
Deniza88
2017-06-22 00:33:59
ozgeldi, кызуукануулукка алдырбагыла. Башка улутка кор болбойлу десенер татыктуу куйоо,ата,ага болуп кыз кишилерди коргоп алууну уйронгуло. Темселеп уйбулоо багам деп чет жерде жургузбой аял кишилерди.тукум уулоочу аял киши болот негизи. Бирнерсе болсо эле аялдардай ажылдап баштайсынар тооьооооо
+11
Deniza88
2017-06-22 00:29:38
Турктун бай кедейин айткан жок-ошол улуттун аял кишини сыйлоосун айтып жатат скорее всего. Менин оюмча азыр ажырашуулар неге коп болуп жатат- аял киши озу учун курошуп жатат. Б.а.мурдагыдай кордукка баш ийбей.кордук эмей эмне?
+9
Izana
2017-06-22 02:17:17
Кайсы элден жудоо корсон зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты. .. дегендей да
+8
taalay25
2017-06-22 14:08:57
Макул сага ошо турктордукундой шарт тузуп берели. Уй кызматчы, ашпоозчу, бала багуучу. Алар деле аял заты да. Алар деле кыргыз кыздары болот да. Мен да Туркияда болгом. Ошо турктордун эрке талтан катындары каприздиги чектен ашат. Ошол уй кызматында иштеген кыздарды тим эле кууруйт. Озу ошолор кылган иштин бирин да кыла албайт.
-1
tular
2017-06-22 21:37:12
Европаны туурайбыз деп жатып жок болуп кетебизго. Кимге кыргыздын менталитети жакпаса кетишсин Кыргызстандан. Патриот болгулада. Ошол эркелеген аял кайненесине кызмат кылбаса, кийин озу келин жумшабайт.
-2
Zireshka248
2017-06-25 03:04:38
tular,ушу патриот болуп таза кыйраттынар+тажаттынар!!!
+1
Fidel
2017-06-25 21:48:30
Автор Кудайга шугур де Кыргыз болгонун учун!
Кыргыз эркектери жоош учун булжака оюуна келгенди жазып атасын! ОРУС ОЮНДАГЫСЫН КЫЛАТ деп коет беле)) МЕЙЛИ... анда эмнеге Пакистан Афганистан аялдарын мисал кылбайсын??? Же Конушу Озбек Тажиктерге окшоп, Баланды эрчитип алып Талаада иштетсек эмне демекчисин пахта терип, мандикар болуп?!!!
-3
Kemel87
2017-06-27 03:50:04
Автор жакшы эле жазып келе жатып турктордун бир бай уйбулосуно салыштырып коюптурсун,А биздин мамлекетте деле ошондой шарт болсо биз деле ошондой кылмакпызда, Кыргызстанда 100% студент окувсун бутсо 40% жумука орношсо орношот калганы жумушсуз калат экен а окушта окубагандар канча? Окмотто иштеген бир адамдын айлыгы кайра эле окмотко газ свет налог тияк бияк деп кайра эле кайтарып бересин.Бир уй булону толук камсыздырууга жетпейт ошон учун бизде секелек кыздар,Ата энем кыйналбасын деп иштеп жатат
0
gulnaz09
2018-01-17 08:57:33
Ушуларды окуп тескери комментарий жазган эркектерге тан калдым тообо! Бул силердин Оз эненерди, карындаш,кыздарынарды,эжелеринерди сыйлабаганынар. Озунордун абийиринерди озунор ачасынарго. Жоок биз аял-затын сыйлайбыз дегендин оордуна ушинтип эле жашап келишкен деп.ооба чын ушинтип жашап келишкен кыргыздар илгертен эле бирок эркектер эркектей болуп уйго тамак таап келген силерге окшоп жатып ичээрлер эмес. Чынында жакшы эркектер да жок эмес бар бирок аз да
0
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан