АЙТЫЛУУ АДАШТАР

Жылдыздар турмушунан

Саны боюнча көп кытай элинин 22 миңден ашыгы Ли деген ысымды алып жүрөт. Анын сыңарындай, кыргызда деле окшош ысымдар көп кездешет. Бүгүн шоу-бизнес чөйрөсүнө тиешеси бар адаштар жөнүндө азыноолак кеп кылабыз.

ИЙКЕМДҮҮ ИЛЬЯЗДАР
Бизде ырчы Ильяздан экөө бар. Экөө тең бойдок жана таланттуу. Бири “Айжамал” деп сыздаса, экинчиси “Лейли” деп ырдаганынан кабарыңыз бар. Ильяздар көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу, ийкемдүү, жөнөкөй жигиттер. Кызыгы, бул эки жигит тең кенедей кездеринен музыкага сугарылган балдар.
Андаш Караколдун келишимдүү уулу болсо, Абдыразаков Кадамжайдын көрүнүктүү жигити. Жок, экөө тең кыргыздын кулуну. Буларды музыкадан айрып болбойт, алыстатам дегендер оңбойт. Анткени адаштар бүт өмүрүн ырга арнап коюшкан.

ЭХ, РОЗА, РОЗА, РОЗАЛАР...
Гүлдөрдүн ханышасы болгон роза ысымдуулар бизде көп. Алардын бири – дастанчы эжебиз Роза Аманова. Экинчиси – муңдуу ырларды ийине жеткире аткарган Роза Шакирова. Ал эми дагы бири – ай чырайлуу алпаруучу Роза Ибраимова. Көп азаматтын өмүрүн алып кеткен апрелдеги окуядан соң Аманова эжебиз “Эне ыйы” деген дастанды ыйлап аткарганын көзүбүз чалды. Баткендин коңур үндүү кызы Роза көп көрүнбөй, үй-бүлө күтүп, уул тарбиялоо менен алек. Ал эми алпаруучу Розабыз жүрөгүнүн ээсин таппай убара.

ШАЙЫР ШАЙЫРБЕКТЕР
Шайырбектер теледен түшпөй келишет. Абдырахманову чындыкты чыркырата айтып, “Добуш” деген программаны эл назарына таштачу. Арапову кашын серпип сүйлөп, “Унута албайм” аттуу телекөрсөтүүнү алпарат.
Улуусу 7-апрелдеги элдик ыңкылаптан соң ЭлТРди ээлеп турган чагы. Ал эми Арапов алпаруучу гана болбостон, "ыр жазып, китеп чыгарам" деп шымаланып турган кербези. Бул адаштар атына заты жарашкан кыргыздын шайыр мырзалары.

БАЖЫРАЙГАН БЕГИМАЙЛАР
Бегимайдан экөө эмес, үчөө. Бажырайган, кымча бел сулуу ырчылар. “Жалгыздыктын кереги жок мага...” деп ырдап жүрүп, Карабаева Баткенге келин болду. Куудулдардын кызы Бекбоева киного тартылып, ырын жазып, аракетин кылып жүрөт. Ал эми Бегимай Эсенгулова “эмгегимди эл качан баалайт?” деп биринин артынан экинчи ырды чуурутуп ырдап келет. Биз бул "куурчактарыбызга" чыгармачылык эргүү каалап туралы.

НАЗДАНАТ ЭЙ, НАЗИРАЛАР...
Наздуу Назираларды атай турган болсок, куудулдукту ийине жеткире аткарган Назира Жетигенова, сөздү куюлуштуруп, жуурулуштуруп сүйлөгөн алпаруучу Назира Айтбекова, таттуу үндүү ди-джей Назира Кадыева. Айтылуу адаштар кантсе да асылкеч аялзаты, наздуу кыргыз айымдары эмеспи. Куйкум сөздөрү менен күлбөгөндү күлдүрүп, күйбөгөндү күйдүргөн Жетигенова эки кызын тарбиялап келет. Айтбекова болсо балканактай уулун багып, күйөөсүн катуу сүйөрүн айтып, түрк телеканалында алпаруучулугун аркалап жүрөт.
Негизи эле “Кыргызстан Обондорунда” ырчы болбогон ди-джей калбады го... Мына ошол ди-джей кесиптештеринен кем калбай Кадыева да комуз менен обон созо баштады.

ӨНӨРПОЗ ӨМҮРБЕКТЕР
Өмүрбек аттуу адаштардын өз ысымдары калып эле эл оозунда Ома, Омар деп айтылып калды. Бири – АКШнын Массачусетс штатында окуп жүргөн Өмүрбек (Омар). Экинчиси – алтындан кат-кат медаль тагынып, экс-президенттен эки бөлмөлүү үй алууга жетишкен Өмүрбек (Ома). Кыргыз жүзүн чет элге таанытып келген бул мырзалардын таланттуу экенин кантип танабыз?

Мындан сырткары айтылуу адаштар Нурзат Садыкова, Нурзат Токтосунова; Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков; Канат Бегалиев, Канат Сыдыгалиев, Канат Култаев, Канат Кадыржан; Динара Акулова, Динара Жусаева, Динара Эсенгулова; Эркин Мээрканов, Эркин Эгембердиев; Аскат Мусабеков, Аскат Сулайманов; Жанара Атабекова, Жанара Алибекова; Кенже Кубатова, Кенже Дүйшеева; Кундуз Авашева, Кундуз Канатбек кызы, Кундуз Таштаналиева; Нурлан Алдаяров, Нурлан Насип; Айжан Газиева, Айжан Акылбекова; Аида Кулуева, Аида Маканбаева; Алтынай Нарбаева, Алтынай Атаканова; Каныкей Эралиева, Каныкей Алымбекова; Замир Мырза, Замир Арыкбаев, Замир Казакбаев; Кумар Жалиев, Кумар Асанов жана башкалар.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Адам
2010-04-26 15:07:08
Бул ырчылардын ичинен эң оригиналы Өмүрбектер, Өмүрбектердин эң оригиналы Омасы!
0
MIRJAMEL
2010-04-26 15:16:22
А Менин оюмча Замир аттуу мырзаларыбыз деги эле тарыхыбызда залкар акын,ырчылар болуп келишкен деп ойлойм.
0
nuria karakol
2010-04-26 17:44:07
а менин оюмча болсо Ильяз Андашка эч ким жетпейт
0
Azamat J
2010-04-28 15:10:19
Азамат атту жылдыздарыбыз жок экен го... Мейли эч нерсе эмес жакында бул ат мени менен толукталат :)
0
hardsweet
2010-04-30 11:10:31
menimche yrchylardan ilyaz abdrazakov menen mirba baykebiz en talanttuu yrchylar.ushundai yrchylarybyz koboyo bersin!!!
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан